Загрузка документа…
САЛАМ-АЛИК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Салам-Алик айылдык кеңешинин жетинчи чакырылышынын кезектеги он бешинчи сессиясы
2022-жылдын 14-сентябры № 86
Ара-Көл айылындагы Ж.Бөкөнбаев атындагы орто мектебин толугу менен капиталдык ремонттон өткөрүү долбооруна киргизүү жөнүндө
Ара-Көл айылындагы Ж.Бөкөнбаев атындагы орто мектебинин директору А.Аттокуровдун сунушунун негизинде Ж.Бөкөнбаев атындагы орто мектебин капиталдык ремонттон өткөрүү маселесин карап, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Мыйзамынын 34-беренесине ылайык жана Салам-Алик айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ара-Көл айылындагы Ж.Бөкөнбаев атындагы орто мектебинин имаратын толугу менен капиталдык оңдоо долбооруна киргизүү жагы Кыргыз Республикасынын Каржы министрлигине сунушталсын.
2. Токтомду көзөмөлгө алуу жагы Салам-Алик айыл кеңешинин финансы, экономика, бюджет, экономикалык жактан өнүгүүнүн болжолдуу багыттары жана инвестиция маселелери боюнча туруктуу коммиссиясына жүктөлсүн.
Салам-Алик айылдык Кеӊешинин төрайымы |
Б.М.Калмурзаева |