Загрузка документа…
Төмөнкү-Аларча айылдык кеңешинин
2024-жылдын 23-январындагы № 31/154
токтомуна ылайык
КҮЧҮҢ ЖОГОТТУ
ТӨМӨНКҮ АЛАРЧА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2023-жылдын 19-сентябры № 29/142
Административдык-аймактык реформа жүргүзүү жана айыл аймагынын атын өзгөртүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 18-октябрындагы №350 «Кыргыз Республикасынын административдик-аймактык түзүлүшүн өркүндөтүү жана региондорду өнүктүрүү боюнча андан аркы чаралар» жөнүндө Жарлыгын аткаруу максатында, 2023-жылдын 18-августундагы Төмөнкү-Аларча айылдык аймагынын жашоочулары менен уюштурулган жыйындын протоколдук чечимин эске алуу менен, Төмөнкү-Аларча айылдык аймагын административдик-аймактык реформалоо боюнча долбоорду угуп, карап жана талкуулап, 29-кезексиз сессиясында Төмөнкү-Аларча айылдык кеңеш
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Аламудүн районунун айылдык аймактарын бириктирүүдө Төмөнкү-Аларча жана Маевка айыл аймактары биригип бир айыл аймак болуусуна макулдук берилсин.
2. Бириккен айылдык аймактын аталышы «Ынтымак айыл аймагы» болуп аталсын жана административдик борбору Маевка айылы деп бекитилсин.
3. Бул токтом тиешелүү тартипте юстиция органдарынан каттоодон өткөрүлсүн.
4. Аламүдүн райондук мамлекеттик администрациясына ушул токтом ишке ашыруу сунушу берилсин.
5. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө ишин өзүмө калтырам.
Төмөнкү-Аларча айылдык кеңешинин төрайымы |
А.У . Усенбекова |