ТӨМӨНКҮ АЛАРЧА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2024-жылдын 23-январы № 31/161
"Төмөнкү Аларча суу түтүктөр чарбасы" муниципалдык ишканасынын тарифтерин бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын Чүй областтык бөлүмү менен макулдашылган “Төмөнкү Аларча суу түтүктөр чарбасы” ичүүчү сууга жана канализацияга көрсөтүлүүчү кызматтардын прейскурантынын, ошондой эле Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 20-октябрындагы №123 “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамынын №34-беренесинин негизинде, Төмөнкү Аларча айылдык кеңеш
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын Чүй областтык бөлүмү менен макулдашылган прейскурант боюнча тарифтер бекитилсин.
2. Бул токтомдун аткарылышына көзөмөл жүргүзүү иши Тɵмɵнкү Аларча айыл өкмөтүнүн башчысы А.М. Султановго жүктɵлсүн.
Төмөнкү Аларча айылдык кеңешинин төрайымынын орун басары |
Н.Э. Молдогазиев |
Ичүүчү суу жана канализация тутуму кызматтарынын прейскуранты «Төмөнү-Аларча айыл өкмөтүнүн суу түтүктөр чарбасы»
(Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинде кагаз түрүндө)