Загрузка документа…
АК-ТЕРЕК АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН ЖЕРГИЛИКТУУ КЕНЕШИ
ТОКТОМ
Ак-Терек айыл аймагынын жергиликтүү кеңешинин
VII чакырылышындагы VI кезексиз сессиясы
2024-жылдын 16-сентябры №98
Жалпы Ак-Терек айыл аймагы боюнча, айыл чарба багытындагы кошумча огородтордун жерин мыйзамдаштырууга токтом чыгарып берүү жөнүндө
Карл Маркс атындагы колхоздун 3-июль 1990-жылдагы №2 протоколунун жана Тоң райондук аткаруу комитетинин 29-январь 1991-жылдагы №29 чечиминин негизинде, Ак-Терек айыл аймагынын жергиликтүү кеӊешинин муниципалдык менчик, жер, архитектура, курулуш, айыл чарба боюнча туруктуу комиссиясынынсунушун угуп жана талкуулап, Ак-Терек айыл аймагынын жергиликтүү кеңешинин сессиясы токтом кылат:
1.Жалпы Ак-Терек айыл аймагы боюнча, айыл чарба багытындагы кошумча огородтордун жерин мыйзамдаштырууга (токтомдору чыкпай калган жарандарга) макулдук берилсин.
2. Токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы Ак-Терек айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн жерге жайгаштыруу муниципалдык менчикти башкаруу боюнча башкы адиси Т. Мамбетжунушовго жүктөлсүн.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагын Ак-Терек айыл аймагынын жергиликтүү кеӊешинин муниципалдык менчик, жер, архитектура, курулуш, айыл чарба боюнча туруктуу комиссиянын төрайымы Г.Ж.Сугатчиевага милдеттендирилсин.
Тѳрага Б.Б. Барыктабасов