Загрузка документа…
КЫДЫР-АКЕ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН ЖЕРГИЛИКТУУ КЕНЕШИ
ТОКТОМ
I чакырылышы
16.09.2024 № 84
Пионер айылынын №1050, 1055-контурларында жайгашкан айыл чарба, жайыт,
бак-дарактар категориясындагы 4,20 га жердин багытын чакан ГЭСке барууга жол, жолчуларга жатакана жана кампаларды куруу максатында “Өнөр жайынын, транспорттук байланыштын, энергетиканын, коргонуунун жерлери жана башка багыттагы жерлер” категориясына которууга макулдук берүү жөнүндө
Айыл өкмөтүнүн сунушун жана Кыргыз Республикасынын Минстрлер Кабинетине караштуу жер ресурстары, кадастр, геодезия жана картография боюнча мамлекеттик агенттигинин Каракол-Ак-Суу филиалынын 2024-жылдын 14-августундагы №01-2/80 сандуу корутундусун карап, жергиликтүү кеңештин муниципалдык менчик (жер, мүлк), айыл чарбасы (ЖКБФ, СПА), жаратылыш ресурстары, архитектура, курулуш жана экология маселелери боюнча туруктуу комиссиянын протоколунун негизинде айыл аймагынын жергиликтүү кеңеши токтом кылат:
1. Пионер айылынын №1050, 1055-контурларында жайгашкан айыл чарба, жайыт, бак дарактар категориясындагы 4,20 га жердин багытын чакан ГЭСке барууга жол, жолчуларга жатакана жана кампаларды куруу максатында “Өнөр жайынын, транспорттук байланыштын, энергетиканын, коргонуунун жерлери жана башка багыттагы жерлер” категориясына которууга макулдук берилсин.
2. Токтом айыл өкмөтүнүн сайтына жайгаштырылып, юстиция органына мамлекеттик реестрге киргизүү үчүн жиберилсин.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл өкмөтүнүн башчысы Т.Ш.Кобонбаевге жүктөлсүн.
Төрага А.И.Алмабеков