Сравнение редакций…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН ТЕСКЕМЕСИ
2024-жылдын 18-сентябры ПТ № 214
(КР Президентинин 2024-жылдын 14-октябрындагы ПТ № 244, 2025-жылдын 17-майындагы ПТ № 162 тескемелеринин редакцияларына ылайык)
Кыргыз Республикасынын "Менин үйүм" мамлекеттик турак жай программасын ийгиликтүү ишке ашыруу максатында, Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024-жылдын 30-январындагы № 10 "Мамлекеттик турак жай саясаты чөйрөсүндө Кыргыз Республикасынын жарандары үчүн турак жай менен камсыз кылуу жана турак жай куруу механизмдерин андан ары өркүндөтүү боюнча чаралар жөнүндө" Жарлыгына ылайык, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 66, 71-беренелерин жетекчиликке алып:
1. Кыргыз Республикасынын "Менин үйүм" мамлекеттик турак жай программасын ишке ашыруунун алкагында "Мамлекеттик ипотекалык компания" ачык акционердик коомуна төмөнкүлөр сунушталсын:
1) курулуш объекттеринин заказчысы болуп чыгуу;
2) курулуштун наркын бир квадрат метрине төмөнкүдөй өлчөмдө белгилөө:
- Кыргыз Республикасынын Бишкек шаарынын аймагында курулуп жаткан объекттер үчүн 59 873 (элүү тогуз миң сегиз жүз жетимиш үч) сомдон ашык эмес;
- Кыргыз Республикасынын облустарында курулуп жаткан объекттер үчүн 64 143 (алтымыш төрт миң жүз кырк үч) сомдон ашык эмес;
3) муктаждыктарга жараша курулуш объекттеринде үлүштүк курулуш механизмин колдонуу;
4) Кыргыз Республикасынын "Менин үйүм" мамлекеттик турак жай программасынын катышуучуларын тандоо тартибине ылайык турак жайды сатууда наркты белгилөө.
(КР Президентинин 2024-жылдын 14-октябрындагы ПТ № 244 2025-жылдын 17-майындагы ПТ № 162 тескемелеринин редакцияларына ылайык)
2. Бул тескеменин аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
| С.Н. Жапаров |
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН ТЕСКЕМЕСИ
2024-жылдын 18-сентябры ПТ № 214
(КР Президентинин 2024-жылдын 14-октябрындагы ПТ № 244, 2025-жылдын 17-майындагы ПТ № 162 , 2026-жылдын 25-сентябрындагы № 334 тескемелеринин редакцияларына ылайык)
Кыргыз Республикасынын "Менин үйүм" мамлекеттик турак жай программасын ийгиликтүү ишке ашыруу максатында, Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024-жылдын 30-январындагы № 10 "Мамлекеттик турак жай саясаты чөйрөсүндө Кыргыз Республикасынын жарандары үчүн турак жай менен камсыз кылуу жана турак жай куруу механизмдерин андан ары өркүндөтүү боюнча чаралар жөнүндө" Жарлыгына ылайык, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 66, 71-беренелерин жетекчиликке алып:
1. Кыргыз Республикасынын "Менин үйүм" мамлекеттик турак жай программасын ишке ашыруунун алкагында "Мамлекеттик ипотекалык компания" ачык акционердик коомуна төмөнкүлөр сунушталсын:
1) курулуш объекттеринин заказчысы болуп чыгуу;
2) объекттердин курулушунун наркын алардын техникалык-экономикалык көрсөткүчтөрүнө жараша жалпы аянттын квадрат метрине эсептегенде төмөнкүдөй өлчөмдө белгилөө:
- Кыргыз Республикасынын Бишкек шаарынын аймагында курулуп жаткан объекттер үчүн 59 873 (элүү тогуз миң сегиз жүз жетимиш үч) сомдон ашык эмес;
- Кыргыз Республикасынын облустарында курулуп жаткан объекттер үчүн 64 143 (алтымыш төрт миң жүз кырк үч) сомдон ашык эмес;
3) муктаждыктарга жараша курулуш объекттеринде үлүштүк курулуш механизмин колдонуу;
4) Кыргыз Республикасынын "Менин үйүм" мамлекеттик турак жай программасынын катышуучуларын тандоо тартибине ылайык турак жайды сатууда наркты белгилөө.
(КР Президентинин 2024-жылдын 14-октябрындагы ПТ № 244 2025-жылдын 17-майындагы ПТ № 162, 2026-жылдын 25-сентябрындагы № 334 тескемелеринин редакцияларына ылайык)