Загрузка документа…
|
| Тиркеме |
|
| (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 10-сентябрындагы N 553 токтомуна) |
"Дипломатиялык кызмат" автоматташтырылган маалыматтык системасы жөнүндө ЖОБО
1. Жалпы жоболор
1. Бул Жобо "Дипломатиялык кызмат" автоматташтырылган маалыматтык системасын (мындан ары - "Дипломатиялык кызмат" АМСи) пайдалануу тартибин, ошондой эле бул системаны пайдалануучулардын укуктарын жана милдеттерин аныктайт.
2. Бул Жобонун максаттары үчүн төмөнкүдөй терминдер колдонулат:
пайдалануучу - ыйгарым укуктуу орган, мамлекеттик органдар, ыйгарым укуктуу органдын ыйгарым укуктуу кызматкерлери, мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдарынын ыйгарым укуктуу кызматкерлери;
ыйгарым укуктуу орган - аткаруу бийлигинин башкы органы, ал Кыргыз Республикасынын бирдиктүү тышкы саясатын жүргүзүү максатында тышкы саясий чечимдерди иштеп чыгууда, кабыл алууда жана ишке ашырууда Кыргыз Республикасынын мамлекеттик бийлик органдарын координациялоону жана өз ара аракеттенүүсүн жүзөгө ашырат, дипломатиялык кызмат органдарынын бирдиктүү системасын башкарат;
мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдары - "Мамлекеттик органдардын Кыргыз Республикасынын тышкы саясат чөйрөсүндөгү өз ара аракеттенүүсү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык ыйгарым укуктуу орган аркылуу эл аралык кызматташтык чөйрөсүндөгү ишти жүзөгө ашыруучу Кыргыз Республикасынын мамлекеттик бийлик органдары жана Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун аткаруу органдары;
ыйгарым укуктуу кызматкер - мамлекеттик органдын же жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органынын "Дипломатиялык кызмат" АМСи менен иштөө боюнча жооптуу өкүлү (эреже катары, эл аралык кызматташтык маселелери жана/же кадр маселелери боюнча иш жүргүзгөн түзүмдүк бөлүмдөрдүн кызматкерлеринин ичинен);
Кыргыз Республикасындагы эл аралык иш-чара - Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын жана/же жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдарынын жетекчилеринин/кызматкерлеринин жана чет мамлекеттердин же эл аралык уюмдардын өкүлдөрүнүн катышуусу менен Кыргыз Республикасынын аймагында, анын ичинде видеоконференц байланыш форматында пландалган же болуп өткөн расмий иш-чара;
Техникалык оператор - "Дипломатиялык кызмат" АМСинин ээсинин чечими менен аныкталуучу уюм.
3. "Дипломатиялык кызмат" АМСи Кыргыз Республикасынын тышкы саясат чөйрөсүндөгү ченемдик укуктук актыларын мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдары тарабынан аткарууда эл аралык кызматташтык жөнүндө маалыматтарды ыйгарым укуктуу органга жөнөтүү бөлүгүндө жол-жоболорду автоматташтырууну камсыз кылуучу маалыматтык система болуп саналат.
4. "Дипломатиялык кызмат" АМСин техникалык коштоону, ошондой эле киберкоопсуздугун камсыз кылууну техникалык оператор жүзөгө ашырат.
5. "Дипломатиялык кызмат" АМСинин ээси болуп ыйгарым укуктуу орган саналат.
6. "Мамлекеттик органдардын Кыргыз Республикасынын тышкы саясат чөйрөсүндөгү өз ара аракеттенүүсү жөнүндө", "Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарга ылайык, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 2-декабрындагы № 817 "Кыргыз Республикасынын эл аралык уюмдар, интеграциялык бирикмелер жана эл аралык келишимдик органдар менен кызматташуусунун натыйжалуулугун жогорулатуу жөнүндө" токтомуна жана Кыргыз Республикасынын башка ченемдик актыларына ылайык ыйгарым укуктуу органга эл аралык кызматташтык жөнүндө маалыматтарды жиберүүдө "Дипломатиялык кызмат" АМСин пайдалануу мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдары үчүн милдеттүү болуп саналат.
7. "Дипломатиялык кызмат" АМСине кызматтык пайдалануу үчүн маалыматтарды камтыган же Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сырларын түзгөн маалыматтарды киргизүүгө тыюу салынат.
2. "Дипломатиялык кызмат" АМСин пайдалануу тартиби
8. "Дипломатиялык кызмат" АМСинде төмөнкүдөй функционалдык модулдар бар:
а) мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдары тарабынан Кыргыз Республикасынын 2012-жылдын 4-июлундагы № 96 "Мамлекеттик органдардын Кыргыз Республикасынын тышкы саясат чөйрөсүндөгү өз ара аракеттенүүсү жөнүндө" Мыйзамын аткаруунун алкагында чет өлкөлүк кызматтык иш сапарлар жана Кыргыз Республикасындагы эл аралык иш-чаралар жөнүндө, анын ичинде видеоконференц байланыш режиминде маалыматтарды ыйгарым укуктуу органга жөнөтүү боюнча модуль;
б) мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдары тарабынан Кыргыз Республикасынын 2014-жылдын 24-апрелиндеги № 64 "Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндө" Мыйзамын аткаруунун алкагында Кыргыз Республикасынын эки тараптуу жана көп тараптуу эл аралык келишимдери жөнүндө маалыматтарды ыйгарым укуктуу органга жөнөтүү боюнча модуль;
в) мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдары тарабынан Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 2-декабрындагы № 817 "Кыргыз Республикасынын эл аралык уюмдар, интеграциялык бирикмелер жана эл аралык келишимдик органдар менен кызматташуусунун натыйжалуулугун жогорулатуу жөнүндө" токтомун аткаруунун алкагында эл аралык уюмдар менен кызматташуунун натыйжалары жөнүндө маалыматтарды ыйгарым укуктуу органга жөнөтүү боюнча модуль.
9. "Дипломатиялык кызмат" АМСи мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдары тарабынан ыйгарым укуктуу органга төмөнкү маалыматтарды жөнөтүүдө колдонулат:
- чет өлкөлүк кызматтык иш сапарлар жана Кыргыз Республикасында пландаштырылып жаткан эл аралык иш-чаралар жөнүндө, анын ичинде видеоконференц байланыш режиминде маалыматты;
- чет өлкөлүк иш сапарлардын жана Кыргыз Республикасында болуп өткөн эл аралык иш-чаралардын жыйынтыктары жөнүндө, анын ичинде видеоконференц байланыш режиминде отчетторду;
- Кыргыз Республикасынын эки тараптуу жана көп тараптуу эл аралык келишимдери жөнүндө маалыматты;
- эл аралык уюмдар менен кызматташуунун жыйынтыктары жөнүндө маалыматты.
10. Мамлекеттик органдардан жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдарынан маалыматтар алынгандан кийин ыйгарым укуктуу орган маалыматтардын келип түшкөнүн ырастайт.
11. Бардык маалыматтар ыйгарым укуктуу органга "Дипломатиялык кызмат" АМС аркылуу маалыматтарды атайын электрондук формаларга киргизүү менен жиберилүүгө тийиш.
Маалыматтарды кагаз жүзүндө жөнөтүүгө "Дипломатиялык кызмат" АМСи техникалык бузулган учурда гана же болбосо эгерде маалыматтарда кызматтык пайдалануу үчүн маалыматтар же Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сырларын түзгөн маалыматтар камтылган учурда гана жол берилет.
12. Мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдары тарабынан "Дипломатиялык кызмат" АМСи аркылуу ыйгарым укуктуу органга жөнөтүлгөн маалыматтар расмий болуп эсептелет.
3. Пайдалануучулардын укуктары жана милдеттери
13. Ыйгарым укуктуу орган:
- "Дипломатиялык кызмат" АМСин пайдалануучулардын эсептик жазууларын башкарат;
- ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын "Дипломатиялык кызмат" АМСи менен иштөө боюнча ыйгарым укуктуу кызматкерлерин аныктайт;
- "Дипломатиялык кызмат" АМСин пайдалануу маселелери боюнча мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдарынын ыйгарым укуктуу кызматкерлерине консультация берет;
- ыйгарым укуктуу органда "Дипломатиялык кызмат" АМСиндеги маалыматтарды коргоону жана кирүү укугуна ээ болбогон адамдардын системага кирүүсүн жокко чыгарууну камсыз кылат;
- толук эмес маалыматтар берилген учурда ыйгарым укуктуу орган маалыматтарды кайтарып берүүнүн себептерин көрсөтүү менен толуктап иштеп чыгууга кайтарууга укуктуу. Мындай учурларда мамлекеттик органдар ыйгарым укуктуу органга толуктап иштелип чыккан маалыматтарды жиберет.
14. Мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдары:
- "Мамлекеттик органдардын Кыргыз Республикасынын тышкы саясат чөйрөсүндөгү өз ара аракеттенүүсү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамында белгиленген мөөнөттөрдө ыйгарым укуктуу органга маалыматтарды өз убагында, толук жана так жөнөтүү максатында "Дипломатиялык кызмат" АМСин пайдаланууну камсыз кылат;
- "Дипломатиялык кызмат" АМСи менен иштөө боюнча штаттык ыйгарым укуктуу кызматкерлерди аныкташат (эреже катары, эл аралык кызматташтык жана/же кадр маселелери менен иштеген түзүмдүк бөлүмдөрдүн кызматкерлеринин ичинен);
- мамлекеттик органдарда жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдарында "Дипломатиялык кызмат" АМСиндеги маалыматтарды коргоону жана кирүүгө укугу жок адамдардын системага кирүүсүн болтурбоону камсыз кылат;
- мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдары Кыргыз Республикасынын улуттук коопсуздук органдары тарабынан ачыкка чыгарылууга тийиш болбогон маалыматтарды кошпогондо, алардын жетекчилиги менен макулдашылган маалыматтарды ыйгарым укуктуу органга ушул Жобонун 6-пунктунда көрсөтүлгөн Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларында белгиленген мөөнөттөрдө, ошондой эле ыйгарым укуктуу органдын төмөнкүдөй суроо-талабы боюнча төмөнкүдөй маалыматтарды жөнөтөт:
1) "Мамлекеттик органдардын Кыргыз Республикасынын тышкы саясат чөйрөсүндөгү өз ара аракеттенүүсү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык:
а) өзүнүн кызматкерлерине чет өлкөгө чыгуу датасына чейин 14 календардык күн мурда алдыдагы чет өлкөлүк кызматтык иш сапарлар жөнүндө маалыматты;
б) кызматкерлеринин катышуусу менен өткөрүлүүчү эл аралык иш-чаралар жөнүндө, иш-чараны өткөрүү датасына чейин 20 календардык күн мурда;
в) чет өлкөлүк кызматтык иш сапарлардын жыйынтыктары боюнча, ошондой эле келгенден кийин 14 календардык күндүн ичинде башка эл аралык иш-чараларга катышуу боюнча отчеттор;
2) "Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык - ыйгарым укуктуу органдын суроо-талабына жараша;
3) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 2-декабрындагы № 817 "Кыргыз Республикасынын эл аралык уюмдар, интеграциялык бирикмелер жана эл аралык келишимдик органдар менен кызматташуусунун натыйжалуулугун жогорулатуу жөнүндө" токтомуна ылайык - жыл сайын учурдагы жылдын 1-ноябрынан кечиктирбестен.
15. Мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдарынын ыйгарым укуктуу кызматкерлери:
- расмий каттарга кол коюу укугуна ээ кызмат адамы менен макулдашуу боюнча "Дипломатиялык кызмат" АМСи аркылуу маалыматтарды ыйгарым укуктуу органга жөнөтүүнү жүзөгө ашырат;
- "Дипломатиялык кызмат" АМСин пайдалануу менен ыйгарым укуктуу органга маалыматтардын өз убагында, толук жана туура жөнөтүлүшүн камсыз кылат;
- мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдарынын ыйгарым укуктуу кызматкерлери "Дипломатиялык кызмат" АМСи аркылуу берилүүчү маалыматтын аныктыгы жана тууралыгы үчүн жеке жоопкерчилик тартат.
16. Мамлекеттик органдын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдарынын ыйгарым укуктуу кызматкерлерин аныктоо ички ведомстволук актыны чыгаруу аркылуу жүзөгө ашырылат, ал милдеттүү түрдө бир жумалык мөөнөттө ыйгарым укуктуу органга эсепке алуу үчүн жиберилет.
Мамлекеттик органдын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдарынын ыйгарым укуктуу кызматкерлеринин берилген эсептик жазууларын эсепке алуу "Дипломатиялык кызмат" АМСинде жүргүзүлөт.
17. "Дипломатиялык кызмат" АМСин пайдаланууну камсыз кылуу үчүн мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдары "Дипломатиялык кызмат" АМСи менен иштөөнүн тартибин регламенттөөчү жана мамлекеттик органдардын ыйгарым укуктуу кызматкерлеринин укуктарын, милдеттерин жана жоопкерчиликтерин белгилеген ички ведомстволук актыларды кабыл алат.
18. Ыйгарым укуктуу кызматкерлер "Дипломатиялык кызмат" АМСин пайдалануучулардын өз аттары жана паролдору менен гана пайдаланууга милдеттүү. Пайдалануучулардын аттарын/логиндерин жана паролдорун үчүнчү жактарга берүүгө тыюу салынат.