Загрузка документа…
КЫДЫР-АКЕ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН ЖЕРГИЛИКТУУ КЕНЕШИ
ТОКТОМ
I чакырылыштын кезектеги 4-сессиясы
08.08.2024 жыл № 67
Спорттун баардык түрлөрү боюнча эл аралык спорттук мелдештердин жеңүүчүлөрүнө жана байге ээлерине, аларды даярдаган машыктыруучуларга бир жолку сый акы төлөөнүн эрежелерин, ошондой эле алардын өлчөмдөрүн бекитүү тууралуу жобону бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 20-октябрындагы №123 “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” мыйзамынын негизинде айыл өкмөтүнүн сунушун карап, талкууга алып, жергиликтүү кеңеш токтом кылат:
1. Спорттун баардык түрлөрү боюнча эл аралык спорттук мелдештердин жеңүүчүлөрүнө жана байге ээлерине, аларды даярдаган машыктыруучуларга бир жолку сый акы төлөөнүн эрежелерин, ошондой эле алардын өлчөмдөрүн бекитүү тууралуу жобо бекитилсин, тиркелет.
2.Токтом айыл өкмөтүнүн сайтына жайгаштырылып, юстиция органына мамлекеттик реестрге киргизүү үчүн жиберилсин.
3.Бул токтомдун аткарылышына көзөмөлдөө жагы айыл өкмөтүнүн башчысы Т.Ш.Кобонбаевге жүктөлсүн.
Төрага А.И.Алмабеков
Кыдыр Аке жергиликтүү кеңешинин
2024-жылдын 8-августундагы №67
токтому менен бекитилди
Спорттун баардык түрлөрү боюнча эл аралык спорттук
мелдештердин жеңүүчүлөрүнө жана байге ээлерине, аларды даярдаган машыктыруучуларга бир жолку сый акы төлөөнүн эрежелерин, ошондой эле алардын өлчөмдөрүн бекитүү тууралуу
ЖОБО
1. Спорттун баардык түрлөрү боюнча эл аралык спорттук мелдештердинжеңүүчүлөрүнө жана байге ээлерине, аларды даярдаган машыктыруучуларга бир жолку сый акыларды төлөөнүн эрежелери, ошондой эле алардын өлчөмдөрү бекитилсин.
Спорттун баардык түрлөрү боюнча эл аралык спорттук мелдештердин жеңүүчүлөрүнө жана байге ээлерине, аларды даярдаган машыктыруучуларга бир жолку сый акыларды төлөөнүн эрежелери, ошондой эле алардын өлчөмдөрү
1-глава. Жалпы жоболор
1. Ушул Эрежелер cпорттун баардык түрлөрү боюнча эл аралык спорттук мелдештердин жеңүүчүлөрүнө жана байге ээлерине, аларды даярдаган машыктыруучуларга бир жолку сый акы төлөөнүн тартибин, ошондой эле алардын өлчөмдөрүн белгилейт.
2. Бир жолку сый акыларды ыйгаруучу орган болуп Кыдыр Аке айыл аймагынын айыл өкмөтү болуп саналат.
3. Бир жолку сыйлык жеке мүнөзгө ээ жана жыл ичинде кайра берилбейт.
4. Бир жолку сыйлык үстүбүздөгү жылдын жетишкендиктери үчүн гана ыйгарылат.
5. Бир жолку сый акы алууга талапкерлер КыргызРеспубликасынын жарандары жана Кыдыр Аке айыл аймагынын туруктуу жашоочусу болууга тийиш.
6. Бир жолку сыйлык төмөнкүлөргө берилет:
1) Спорттун бардык түрлөрү боюнча Олимпиада оюндарынын, Дүйнө чемпионатынын, Азия оюндарынын, Азия чемпионатынын жеңүүчүлөрү жана байге ээлери болгон спортчулар,спорттук курама командасынын мүчөлөрү;
2 Спорттун бардык түрлөрү боюнча Олимпиада оюндарынын, Дүйнө чемпионатынын, Азия оюндарынын, Азия чемпионатынын жеңүүчүлөрүн жана байге ээлерин даярдаган машыктыруучулар.
7. Жеңүүчүлөргө жана байге ээлерине төмөнкү өлчөмдөрдө бир жолку сыйлыкты көрсөтүүчү сертификат милдеттүү түрдө оюндун протоколунун негизинде ыйгарылат:
8. Акчалай сыйлыкка талапкерди аныктоо үчүн зарыл болгон документтердин тизмеси:
- спортчунун арызы же машыктыруучунун рапорту;
- балдар үчүн машыктыруучусунун арызы;
- милдеттүү түрдө мелдештин протоколу;
- акчалай сыйлыкты которуу үчүн карталык эсеп;
- паспорттун көчүрмөсү балдар үчүн метрикасынын көчүрмөсү;
9. Акчалай сыйлыкты берүү төмөндөкүдөй учурларда токтотулат:
- тапшырган документтер так болбогондо;
- спорттук этиканы, спорттун машыгуу режимин бузгандыгын ырастоочу документтер берилгенде;
I. Олимпиада оюндары үчүн
1) биринчи даражадагы диплом жана алтын медаль үчүн – 500 000 (беш жүз миң) сом;
2) 2-даражадагы диплом жана күмүш медаль үчүн –300 000 (үч жүз миң) сом;
3) үчүнчү даражадагы диплом жана коло медаль үчүн – 200 000 (эки жүз миң) сом.
II. Азия оюндары жана дүйнө чемпионаты үчүн (20 мамлекеттен өйдө катышуучулар болуусу зарыл.Лицензиялык жана рейтинговый жагы каралат)
1) биринчи даражадагы диплом жана алтын медаль үчүн – 100 000 (бир жүз миң) сом;
2) 2-даражадагы диплом жана күмүш медаль үчүн –70 000 (жетимиш миң) сом;
3) үчүнчү даражадагы диплом жана коло медаль үчүн – 50 000 (элүү миң) сом.
Эгерде 20 мамлекетке чейинки Азия оюндарына жана дүйнө чемпионатка катышкандар үчүн;
1) биринчи даражадагы диплом жана алтын медаль үчүн 5 (беш миң) сом;
2) 2-даражадагы диплом жана күмүш медаль үчүн 3(үч миң) сом;
3) 3-даражадагы диплом жана коло медаль үчүн 2 (эки) сом;
III. Азия чемпионаты үчүн (12 мамлекеттен өйдө катышуучулар болуусу зарыл)
1) биринчи даражадагы диплом жана алтын медаль үчүн – 70 000 (жетимиш миң) сом;
2) 2-даражадагы диплом жана күмүш медаль үчүн – 50 000 (элүү миң) сом;
3) үчүнчү даражадагы диплом жана коло медаль үчүн – 30 000 (отуз миң) сом.
Эгерде 12 мамлекетке чейинки чемпионатка катышкандар үчүн;
4) биринчи даражадагы диплом жана алтын медаль үчүн 5 (беш миң) сом;
5) 2-даражадагы диплом жана күмүш медаль үчүн 3(үч миң) сом;
6) 3-даражадагы диплом жана коло медаль үчүн 2 (эки) сом;
IV. Балдар үчүн Азия жана Дүйнө чемпионаты үчүн (18 жашка чейин) (5 мамлекеттен өйдө катышуучулар болуусу зарыл)
1) биринчи даражадагы диплом жана алтын медаль үчүн – 30 000 (отуз миң) сом;
2) 2-даражадагы диплом жана күмүш медаль үчүн – 20 000 (жыйырма миң) сом;
3) үчүнчү даражадагы диплом жана коло медаль үчүн –10 000 (он миң) сом.
Эгерде 5 мамлекетке чейинки чемпионатка катышкандар үчүн;
7) биринчи даражадагы диплом жана алтын медаль үчүн 5 (беш миң) сом;
8) 2-даражадагы диплом жана күмүш медаль үчүн 3(үч миң) сом;
9) 3-даражадагы диплом жана коло медаль үчүн 2 (эки мин) сом
9. Жеңүүчүлөрдү жана байге ээлерин даярдаган машыктыруучуларга төмөнкүдөй өлчөмдөрдө бир жолку сый акы көрсөтүлгөн сертификат берилет:
1) Жогоруда көрсөтүлгөн (Олимпиада, Азия оюндары, Дүйнө чемпионаты, Азия чемпионаты) спорттук мелдештеринде машыктыруучу сыйлык алган спортчуну негизги машыктыруучу катары өзү коштоп жүрсө, ар бир спортчунун алган сыйлыгынын 50% берилет.
2) Жогоруда көрсөтүлгөн (Олимпиада, Азия оюндары,Дүйнө чемпионаты, , Азия чемпионаты) спорттук мелдештеринде машыктыруучу сыйлык алган спортчунун биринчи машыктыруучусу болсо, ар бир спортчунун алган сыйлыгынын 30% берилет.
Спортчунун биринчи машыктыруучусу экенин тастыктоо үчүн машыктыруучунун журнала ж.б документтери менен тастыктайт.
Эскертүү!Мелдеш аяктаган соң 10(он) жумушчу күндүн ичинде мелдештин жобосун, протоколун,медалын жана дипломун алып келүүсү зарыл. 11 күнү алып келингенде жободогу акча каражаты каралбайт.
V. “Жылдын мыкты машыктыруучусу” наамы-50 000 (элүү миң) сом
(Эскертме: жылдын жыйынтыгынын негизинде,тренердин жылдык отчетунун негизинде (утуучунун дипломунун копиясы, протоколдору б.а тиешелүү документтери) жылдын аягында атайын түзүлгөн комиссиянын аныктоосу менен жогорку көрсөткүчкө ээ болгон, упай системасы менен(балловая система) бир машыктыруучуга).Комиссиянын мүчөсү 5 кишиден турат төрагасы айыл өкмөтүнүн башчысы болот. Курамында 1 күрөш өнөрү боюнча машыктыруучу жана 1 оюндун(футбол,баскетбол,волей бол) машыктыруучусу жана 2 айыл өкмөтүнүн кызматкери.Комиссия курамы сунуш берет, сунуштун негизинде комиссиянын төрагасы жыйынтык чыгарат.
2-глава. Бир жолку сый акыны төлөө тартиби
10. Быйылкы жылы cпорттун баардык түрлөрү боюнча эл аралык спорттук мелдештердин жеңүүчүлөрүнө жана байге ээлерине, аларды даярдаган машыктыруучуларынын көрсөткүчтөрүнүн жыйынтыгына ылайык :
1) жеңүүчүлөрдүн жана сыйлык ээлеринин тизмесин, уюштуруучу өлкөлөрдүн расмий сайттарында жарыяланган жыйынтыктардын көчүрмөлөрүн бекитет.
2) жеңүүчүлөрдү жана байге ээлерин I, II, III даражадагы дипломдор, эл аралык спорттук мелдештердин дипломдорунун көчүрмөлөрү жана тизмеге ылайык келгендер менен сыйлоону уюштурат.
3) Эл аралык спорттук мелдештердин жеңүүчүлөрүн жана байге ээлерин даярдаган машыктыруучулардын тизмелери ырастоочу маалыматтардын негизинде түзүлөт