Загрузка документа…
КЫДЫР-АКЕ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН ЖЕРГИЛИКТУУ КЕНЕШИ
ТОКТОМ
I чакырылыш
15.08.2024-ж. №69
Арык Мырза конушундагы жогорку вольттуу электр линиясын
(высоковольтная линия) жылдырууга макулдук берүү жөнүндө
Айыл өкмөтүнүн сунушун эске алып, жергиликтүү кеңештин муниципалдык менчик (жер, мүлк), айыл чарбасы (ЖКБФ, СПА), жаратылыш ресурстары, архитектура, курулуш жана экология маселелери боюнча туруктуу комиссиянын протоколун карап, талкууга алып, айыл аймагынын жергиликтүү кеңеши токтом кылат:
1. Өндүрүштүк муктаждыкка байланыштуу Арык Мырза конушунун күн батыш тарабындагы №374,375, 376, 377, 378,379 жер тилкелерине жакын жайгашкан жогорку вольттуу электр линиясын (высоковольтная линия) жылдырууга макулдук берилсин.
2. Бошотулган жер тилкелериндеги 5 жер участкалары өтө муктаж болгон жарандарга кезектеги тизмеге ылайык бөлүнүп берилсин.
3. Токтом айыл өкмөтүнүн сайтына жайгаштырылып, юстиция органына мамлекеттик реестрге киргизүү үчүн жиберилсин.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл өкмөтүнүн башчысы Т.Ш.Кобонбаевге жүктөлсүн.
Төрага А.И.Алмабеков