Редакция
Салыштыруу
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ

2023-жылдын 27-декабры № 1751-VII

 

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Э.Э.Жамгырчиевди кылмыш жоопкерчилигине тартууга макулдук берүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Башкы прокурору К.Т.Зулушевдин сунуштамасын кароо үчүн атайын депутаттык комиссия түзүү тууралуу

(КР Жогорку Кеңешинин 2023-жылдын 28-декабрындагы № 1784-VII токтомунун редакциясына ылайык)

 

"Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 138-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши токтом кылат:

1. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Жамгырчиев Эмил Эриковичти кылмыш жоопкерчилигине тартууга макулдук берүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Башкы прокурору К.Т.Зулушевдин сунуштамасын кароо үчүн атайын депутаттык комиссия төмөнкүдөй курамда түзүлсүн:

Э.Н.Сулайманов - "Ата-Журт Кыргызстан" парламенттик фракциясынан;

Б.В.Шабазов - "Ишеним" парламенттик фракциясынан;

Б.Э.Тентишев - "Ынтымак" парламенттик фракциясынан;

А.А.Исираилов - "Альянс" парламенттик фракциясынан;

А.Т.Эрбаев - "Бүтүн Кыргызстан" парламенттик фракциясынан;

В.К.Раимбачаева - "Ыйман Нуру" парламенттик фракциясынан;

Д.Э.Толонов - "Мекенчил" депутаттык тобунан;

К.К.Самаков - "Элдик" депутаттык тобунан.

(КР Жогорку Кеңешинин 2023-жылдын 28-декабрындагы № 1784-VII токтомунун редакциясына ылайык)

2. Атайын депутаттык комиссия бир айдан кечиктирбестен Кыргыз Республикасынын Башкы прокурорунун сунуштамасын карап чыгып, комиссиянын маалымкатын жана чечиминин долбоорун Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин жакынкы жыйналышынын күн тартибине киргизүү үчүн Координациялык кеңешке жөнөтсүн.

 

Кыргыз Республикасынын

Жогорку Кеңешинин Төрагасы

 

Н.Т. Шакиев