Загрузка документа…
КЫДЫР-АКЕ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН ЖЕРГИЛИКТУУ
КЕНЕШИ
ТОКТОМ
I-чакырылышы
02.09.2024-ж. №73
Кыдыр Аке айыл аймагы боюнча жеке турак үйлөрдүн
жер участогунун жанындагы ашыкча жер тилкесин бекитүүгө
макулдук берүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Жер Кодесинин 18-берененин 3-пунктуна, 115-берененин 1-пунктуна, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2005-жылдын 6-майындагы №177 токтому менен бекитилген Жеке менчик турак үй куруу үчүн жер участокторун берүүнүн тартиби жөнүндө Жобосунун 6-пунктуна ылайык айыл аймагынын жергиликтүү кеңеши токтом кылат:
1. Кыдыр Аке айыл аймагы боюнча жеке турак үйлөрдүн жер участогунун жанындагы ашыкча жер тилкеси бекитүүгө макулдук берилсин.
2. Жеке турак үйлөрдүн жер участогунун жанындагы ашыкча жер участогу үчүнчүжактардын укуктарынан бош жана жарандык-укуктук бүтүмдөрдү жүргүзүү үчүн чектөөсүз болсун.
3. Токтом айыл өкмөтүнүн сайтына жайгаштырылып, юстиция органына мамлекеттик реестрге киргизүү үчүн жиберилсин.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл өкмөтүнүн башчысы Т.Ш.Кобонбаевге жүктөлсүн
Төрага А.И.Алмабеков