Загрузка документа…
КЫДЫР-АКЕ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН ЖЕРГИЛИКТУУ КЕНЕШИ
I чакырылышы
ТОКТОМ
10.09.2024-ж. №74
Теплоключенка айылындагы
Манасчылар ордосун Кыргыз Улуттук “Манас” театрына
түз жолу менен пайдаланууга берүүгө макулдук берүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө” Мыйзамынын 15-беренесинин негизинде Кыргыз Улуттук “Манас” театрынын 2024-жылдын 2-сентябрындагы №181 номурлуу кайрылуусун карап, талкууга алып, жергиликтүү кеңештин муниципалдык менчик (жер, мүлк), айыл чарбасы (ЖКБФ,СПА), жаратылыш ресурстары, архитектура, курулуш жана экология маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын протоколунун негизинде айыл аймагынын жергиликтүү кеңеши токтом кылат:
1. Кыргыз элинин баа жеткис руханий мурасы «Манас» эпосунун үчилтигин ар тараптан изилдөө, кеңири жайылтуу жана даңазалоо максатында Теплоключенка айылынын кире беришиндеги Манасчылар ордосун Кыргыз Улуттук “Манас” театрына 5 жылдык мөөнөткө түз жолу менен пайдаланууга берүүгө макулдук берилсин.
2. Айыл өкмөтү менен кыргыз улуттук «Манас» театрынын ортосунда келишим түзүү менен ар тараптуу шарттар көрсөтүлсүн.
3. Токтом айыл өкмөтүнүн сайтына жайгаштырылып, Мамлекеттик каттоодон өткөрүү үчүн юстиция органына жиберилсин.
4. Бул токтомдун аткарылышына көзөмөлдөө жагы айыл өкмөтүнүн башчысы Т.Ш.Кобонбаевге жүктөлсүн.
Төрага А.И.Алмабеков