Загрузка документа…
ТОГОЛОК МОЛДО АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2024-жылдын 17-августу №15-2
Жаңы-Талап айылы “Беккари” чуңкурун куруу үчүн жер бөлүп берүү жѳнүндѳ
Жаңы-Талап айылына “Беккари” чуңкурун куруу үчүн, жер бөлүп берүү боюнча маалыматты угуп жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү ѳз алдынча башкаруу органдары жѳнүндѳ» №123 Мыйзамына ылайык, Тоголок-Молдо айылдык Кеңеши
Т О К Т О М К Ы Л А Т:
1. Ак-Талаа райондук администрациясынын алдындагы жер комиссиясынын токтому 2024-жылдын 27-июндагы №28 протоколунун негизинде, Ак-Талаа райондук мамлекеттик администрациясынын 2024-жылдыгы 09-июлундагы №01-36-а/170-б буйругунун негизинде Жаңы-Талап айылына “Беккари” чуңкурун уюштурууга №1067-контурундагы 0,4 га жер аянтын “Беккари” чуңкурун куруу үчүн мөөнөтсүз пайдаланууга алынсын.
2. Жаңы-Талап айылындагы №1067-контурдагы 0,4 га жер аянтын “Беккари” чуңкуру, малдын өлүгүн таштоочу жай уюштурууга пайдаланууга бөлүнүп берилсин.
3. Тиешелүү документтерин бүтүрүү жагы айыл өкмөтүнүн коммуналдык чарба жана өзгөчө кырдаалдар боюнча башкы адис М.Абдылдаевке милдеттендирилсин.
4. Токтомдун аткарылышын кѳзѳмѳлдүккѳ алуу жагын ѳзүмѳ калтырамын.
Төрага: | Ж.Турдубеков |