Загрузка документа…
КЫДЫР-АКЕ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН ЖЕРГИЛИКТУУ КЕНЕШИ
ТОКТОМ
I чакырылышы
10.09.2024-ж. №77
Кыдыр Аке айыл аймагындагы муниципалдык ишкана
жана мекемелердин балансында турган негизги каражаттарды
эсептен чыгаруу тартиби жөнүндө жобону бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 22-июлундагы №407 токтому менен бекитилген “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик ишканаларынын балансында турган негизги каражаттарды эсептен чыгаруу тартиби жөнүндө” жобону жетекчиликке алып, айыл аймагынын жергиликтүү кеңеши токтом кылат:
1. Кыдыр Аке айыл аймагындагы муниципалдык ишкана жана мекемелердин балансында турган негизги каражаттарды эсептен чыгаруу тартиби жөнүндө жобо бекитилсин, тиркелет.
2. Бул токтом айыл өкмөтүнүн сайтына жайгаштырылып, мамлекеттик каттоодон өткөрүү үчүн юстиция органына жиберилсин.
3. Бул токтомдун аткарылышына көзөмөлдөө жагы айыл өкмөтүнүн башчысы Т.Ш.Кобонбаевге жүктөлсүн.
Төрага А.И.Алмабеков
Кыдыр Аке айыл аймагынын
жергиликтүү кеңешинин
2024-жылдын 10-сентябрындагы
№77 токтому менен бекитилди
Кыдыр Аке айыл аймагындагы муниципалдык ишканаларынын жана мекемелеринин балансында турган негизги каражаттарды эсептен чыгаруу тартиби жөнүндө ЖОБО
1. Бул Жобо муниципалдык ишкананын жана мекеменин балансында турган негизги каражаттарды (мындан ары - мүлк) эсептен чыгаруу тартибин аныктайт.
2. Бул Жобо төмөнкү муниципалдык мүлккө карата колдонулат: курулушу бүтө элек объекттер; ишканаларга чарба жүргүзүү жана оперативдүү башкаруу укугунда бекитилип берилген, белгиленген тартипте сатууга, башка ишканаларга акысыз өткөрүп берүүгө мүмкүн болбогон мүлк; ишкана тарабынан андан ары пайдаланууга жараксыз болуп калган, атап айтканда курулушка, кеңейтүүгө, кайра конструкциялоого жана техникалык кайра жабдууга байланыштуу моралдык же физикалык жактан эскирген жана башкаруунун башка ыкмаларын колдонууга мүмкүн болбогон (же аларды колдонуу экономикалык жактан максатка ылайыксыз), авариядан же жаратылыш кырсыгынын натыйжасында бузулбаган жана калыбына келтирилбөөчү мүлк.
3. Бул Жобо эсептен чыгаруу айрым мыйзамдар менен аныкталуучу мүлккө (турак жай фондунун объекттери, жарандык коргонуунун объекттери, бүтүндөй мүлк комплекси), ошондой эле муниципалдык мүлктү башкарууга ыйгарым укуктуу муниципалдык органдын башкаруу чөйрөсүндө турган, ишканалардын балансында турбаган мүлккө, ошондой эле ижарага берилген мүлккө колдонулбайт.
4. Инвентаризациялоонун натыйжасында жок экендиги аныкталган, кызмат өтөөнүн ченемдик мөөнөтү өтпөгөн, ошондой эле бузулган мүлктү эсептен чыгаруу (форс-мажордук жагдайлардан башка), негизги каражаттарды жарактан чыгарган адамдардын эсебинен ушул мүлктүн рыноктук наркы жабылгандан кийин жүзөгө ашырылат. Мында мүлктү калыбына келтирүүгө мүмкүн болбогондо же экономикалык жактан максатсыз деп эсептелген учурда гана мүлк эсептен чыгарылууга тийиш.
5. Баштапкы (кайра бааланган) наркы 15 миң сомдон аз болгон толук амортизацияланган негизги каражаттарды эсептен чыгаруу ишкананын жетекчисинин чечими боюнча ушул Жобого ылайык жүзөгө ашырылат (менчиктештирүү жөнүндө чечим кабыл алынган ишканаларды кошпогондо).
6. Наркы 15 миң сомдон 50 миң сомго чейинки мүлктү (кыймылсыздан башка) эсептен чыгаруу, ал балансында турган ишкана тарабынан ушул Жобонун 10-пунктуна ылайык түзүлгөн комиссиянын кабыл алган корутундусуна ылайык тармактык муниципалдык органдын чечиминин негизинде жүзөгө ашырылат.
7. Наркы 50 миң сомдон жогору болгон мүлктү жана кыймылсыз мүлктү эсептен чыгаруу, ал балансында турган ишкана тарабынан ушул Жобонун 10-пунктуна ылайык түзүлгөн комиссиянын кабыл алган корутундусуна ылайык тармактык муниципалдык органдын чечиминин негизинде, муниципалдык мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу муниципалдык орган менен макулдашуу боюнча жүзөгө ашырылат.
8. Тармактык муниципалдык органды түзбөстөн ишин жүзөгө ашыруучу өз алдынча муниципалдык ишкананын наркы 15 миң сомдон ашык болгон мүлкүн жана кыймылдуу мүлкүн эсептен чыгаруу ушул Жобонун 10-пунктуна ылайык түзүлгөн комиссиянын кабыл алган корутундусуна ылайык тармактык муниципалдык органдын чечиминин негизинде, муниципалдык мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу муниципалдык орган менен макулдашуу боюнча жүзөгө ашырылат.
9. Мүлктү эсептен чыгаруу мүлктүн укуктук статусунун өзгөчөлүктөрүн, мүлктү тескөө боюнча оорчулуктардын жана чектөөлөрдүн болушун эске алуу менен жүзөгө ашырылат.
10. Мүлктүн жараксыздыгын жана аны калыбына келтирүүчү оңдоолорду жүргүзүүнүн мүмкүн эместигин жана (же) натыйжасыздыгын же аны башка ыкма менен пайдалануу мүмкүн эмес экендигин аныктоо, ошондой эле мүлктү эсептен чыгарууга документтерди тариздөө үчүн ишкананын жетекчиси тарабынан төмөнкү курамдагы туруктуу иштөөчү комиссия түзүлөт:
- жетекчи же анын орун басары (комиссиянын төрагасы);
- башкы бухгалтер же анын орун басары (штаттык ырааттама менен башкы бухгалтердин кызматы каралбаган ишканаларда - бухгалтердик эсеп жүргүзүү жүктөлгөн адам);
- негизги каражаттардын сакталышына жоопкерчилик жүктөлгөн адам;
- ишкананын инженердик, техникалык, технологиялык, курулуш, экономикалык жана башка кызматтарынын кызматкерлери;
- мүлктү тескөө боюнча оорчулуктар же чектөөлөр болсо тармактык муниципалдык органдын же муниципалдык мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу муниципалдык органдын чакыруусу менен тартылган муниципалдык органдардын адистери;
- башка кызмат адамдары (ишкананын жетекчисинин ыктыярына жараша).
11. Муниципалдык органдардын көзөмөлүндө турган мүлктүн пайдаланууга жараксыздык фактысын белгилөө үчүн, ишкана тийиштүү муниципалдык органдын өкүлүн комиссиянын ишине катышуу үчүн тартат, ал эсептен чыгаруу жөнүндө актыны визалайт же жазуу түрүндөгү өзгөчө ой-пикирин комиссияга берет жана ал актыга тиркелет.
12. Комиссия:
1) Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен белгиленген тартипте эсептен чыгарууга сунушталган мүлккө инвентаризация жүргүзөт жана анын жыйынтыгы боюнча инвентаризациялоо актысын түзөт;
2) эсептен чыгарылууга тийиш болгон мүлккө зарыл болгон техникалык документтерди, ошондой эле бухгалтердик эсептин маалыматтарын пайдалануу менен кароо жүргүзөт;
3) мүлктү калыбына келтирүүнүн жана (же) мүлктү андан ары пайдалануунун экономикалык (техникалык) жактан максатка ылайыктуулугун же ылайыксыздыгын аныктайт жана аны сатуу, акысыз өткөрүп берүү же жоюу жөнүндө тийиштүү сунуштарын киргизет;
4) мүлктү эсептен чыгаруунун так себептерин белгилейт (ишкана тарабынан андан ары пайдаланууга жараксыз, моралдык жактан же иш жүзүндө эскирип калган, атап айтканда, курулушка, кеңейтүүгө, реконструкциялоо жана техникалык кайра жабдууга байланыштуу же авариядан, же жаратылыш кырсыгынын натыйжасында бузулган жана калыбына келтирүүгө мүмкүн болбогон же болбосо инвентаризациялоонун натыйжасында кем деп аныкталган);
5) мүлктү бузууга же болбосо жок кылууга катышы бар адамдарды аныктайт;
6) объекттин эсептен чыгарылууга тийиш болгон өзүнчө түйүндөрүн, тетиктерин, материалдарын жана агрегаттарын пайдалануу мүмкүнчүлүгүн аныктайт жана көз карандысыз баалоочуну тартуу менен аларга баалоо жүргүзөт;
7) эсептен чыгарылууга тийиш болгон мүлктөн, жарактуу түйүндөрүнүн, тетиктердин, материалдардын жана агрегаттардын, ошондой эле баалуу металлдар жана баалуу таштар камтылган түйүндөрдүн, тетиктердин, материалдардын жана агрегаттардын чыгарып алынышын контролдойт алардын санын, салмагын аныктайт жана кампага өткөрүүнү жана тийиштүү баланстык эсепке кириштөөнү контролдойт;
8) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык мүлктү эсептен чыгаруу актысын 3 (үч) нускада түзөт.
13. Жабдуу жаңы курулушка, кеңейтүүгө, кайра конструкциялоого жана колдонуудагы объекттерди техникалык жактан кайра жабдууга байланыштуу эсептен чыгарылып жаткан учурда комиссия кеңейтүү, кайра конструкциялоо жана колдонуудагы объекттерди кайра жабдуу планында каралган, жогоруда көрсөтүлгөн уюм тарабынан бекитилген эсептен чыгарууга сунушталган жабдуулардын шайкештигин текшерүүгө тийиш жана эсептен чыгаруу актысында пландын пунктуна жана бекитилген күнүнө шилтеме жасоосу керек.
14. Эсептен чыгаруу актысында мүлк тууралуу төмөнкү маалыматтар көрсөтүлөт:
- жасалган жылы;
- ишканага түшкөн датасы;
- пайдаланууга киргизилген убакыты;
- мүлктүн баштапкы наркы (кайра баалангандарга - калыбына келтирүүчү);
- бухгалтердик эсептин маалыматы боюнча эскирүүнүн эсептелген суммасы;
- жүргүзүлгөн капиталдык ремонттордун саны жана чыгымдардын суммасы;
- мүлктү эсептен чыгаруунун себептери, алардын негизги бөлүктөрүнүн, тетиктеринин, түйүндөрүнүн, конструкциялык элементтеринин абалы.
15. Автотранспорттук каражаттарды эсептен чыгарууда мындан тышкары, автомобилдин жүргөн аралыгы көрсөтүлөт жана автомобилдердин агрегаттарынын жана тетиктеринин техникалык мүнөздөмөсү берилет, ажыратуудан алынышы мүмкүн болгон негизги деталдарды жана түйүндөрдү андан ары пайдалануу мүмкүнчүлүгү көрсөтүлөт.
16. Авариянын кесепетинен жарабай калган мүлктү эсептен чыгарууда эсептен чыгаруу актысына авариянын болгондугу жөнүндө актынын көчүрмөсү тиркелет, ошондой эле аварияга дуушарланткан себептери баяндалат жана күнөөлүү адамдарга карата колдонулган чаралар көрсөтүлөт.
17. Көчүрүүчү, компьютердик техниканы, байланыш каражаттарын баланстан чыгарууда техникалык экспертизанын ажыратуудан пайда болгон негизги тетиктерди жана түйүндөрдү андан ары пайдалануу мүмкүнчүлүгү жөнүндө актыларынын көчүрмөлөрү милдеттүү тартипте тиркелет.
18. Мүлктүн бардык түрлөрүн эсептен чыгарууда комиссиянын чечими боюнча керектүү документтердин тизмегине төмөнкүлөр милдеттүү түрдө тиркелет:
- фото;
- видео материалдар (электрондук же басма түрүндө).
19. Уурдап кетүүнүн, өрттүн, жаратылыш кырсыктарынын, каршы тура алгыс күчтүн кесепетинен улам жок болгон негизги каражаттарды эсептен чыгарууда уюм төмөнкү документтерди кошумча берүүгө тийиш:
- мүлктүн жок болгондук фактысын ырастоочу документ (кылмыш ишин козгоо, же кылмыш ишин козгоодон баш тартуу жөнүндө токтом, өрт инспекциясынын өрт жөнүндө маалымкаты ж.б.у.с.);
- ишкананын жетекчисинин жана материалдык жоопкерчиликтүү адамдардын мүлктүн жок болгондугунун фактысы жөнүндө түшүнүк каттары;
- күнөөлүү адамдарды жазалоону жана кеткен чыгымдардын ордун толтурууну (калыбына келтирүү наркын) ырастаган документтер.
20. Комиссиянын ишинин жыйынтыгы боюнча комиссиянын протоколу түзүлүп, ага төмөнкүлөр тиркелет:
- эсептен чыгарууга сунушталган мүлктү инвентаризациялоо акысы;
- эсептен чыгарууга сунушталган мүлктүн техникалык абалынын актысы;
- мүлктү эсептен чыгаруу актысы;
- башка документтер (авария тууралуу актынын көчүрмөсү, тийиштүү инспекциялардын ж.б.у.с. тыянактары).
21. Комиссиянын протоколу эсептен чыгарылган мүлктү тескөө ыкмасы (жок кылуу, өткөрүп берүү, ажыратуу ж.б.), объекттин айрым түйүндөрүнүн, деталдарынын, материалдарынын жана агрегаттарынын андан ары пайдаланышы, ушундайлар болгону жөнүндө чечимди, ошондой эле комиссиянын корутундусу боюнча эсептен чыгаруу максатка ылайыктуу болбогон мүлктү андан ары пайдалануу жөнүндө сунушту камтышы керек.
22. Комиссия тарабынан кем чыгууга, комплекттин толук эмес чыгышына, мүлктүн бузулушуна тиешелүү адамдарды аныктоодо алардын күнөөсү соттун чечиминин (өкүмүнүн) негизинде гана аныкталат. Чыгымдардын өлчөмү жана келтирилген чыгымдардын суммасынын ордун толтуруу механизми Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык аныкталат.
23. Комиссиянын протоколу, мүлктү эсептен чыгаруу жана техникалык абалынын актылары Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык мүлктү тескөө боюнча (ишкананын жетекчиси) чечимди кабыл алууга ыйгарым укуктуу кызмат адамы (башкаруу органы) тарабынан бекитилет.
24. Комиссия тарабынан түзүлгөн мүлктү эсептен чыгаруу актыларында камтылган маалыматтар аларды ишкананын жетекчиси бекиткенден (макулдашкандан) кийин бухгалтердик эсепте чагылдырылат.
25. Мүлктү эсептен чыгаруу баштапкы же калыбына келтирилген наркы боюнча жүзөгө ашырылат (мүлккө кайра баалоо жүргүзгөн болсо).
26. Эсептен чыгаруу жөнүндө документтерге эксплуатациядагы жана эскиргендерге кирген мүлктү эсептен чыгарууда анын баштапкы (калыбына келтирилгендеги) наркы, ошондой эле эскиргендеги суммасы көрсөтүлөт.
27. Ишкана мүлктү эсептен чыгарууга макулдук алуу максатында тармактык муниципалдык органга кайрылуу менен бирге мүлктү эсептен чыгаруу боюнча документтердин пакетин берет, алар:
1) экономикалык жана (же) техникалык эсептер камтылган мүлктү эсептен чыгаруунун зарыл болгон техникалык-экономикалык негиздемеси, мүлктү эсептен чыгаруунун күтүлгөн финансылык натыйжасы тууралуу, жана анын финансылык планга кандай таасир тийгизээри, ошондой эле эсептен чыгаруунун натыйжасында алуу болжолдонгон акча каражаттарын пайдалануу багыты жөнүндө маалымат;
2) эсептен чыгарууга сунушталган мүлк тууралуу 1-тиркемеге ылайык бухгалтердик эсеп боюнча маалымат (курулуп бүткөрүлө элек объектилерден тышкары);
3) эсептен чыгарууга сунушталган мүлктү инвентаризациялоо актысы, 2-тиркемеге ылайык;
4) ишкананын жетекчиси тарабынан бекитилген эсептен чыгаруу объектисинин техникалык абалынын актысы;
5) мүлктү эсептен чыгаруу актысы;
6) эсептен чыгаруу жөнүндө комиссиянын протоколу;
7) эсептен чыгарууга сунушталган мүлктүн тоскоолдуктардан же чектөөлөрдөн бош экендиги жөнүндө маалымкат;
8) техникалык документтердин күбөлөндүрүлгөн көчүрмөсү (паспорт, күбөлүк ж.б.);
9) мүлктү эсептен чыгаруу маселелери боюнча туруктуу иштеген комиссияны түзүү жөнүндө буйрук;
10) бошотула турган жер участогун андан ары пайдалануу багыттарын аныктоо менен кыймылсыз мүлк жайгашкан жер участогу жөнүндө маалымкат, ошондой эле тийиштүү ырастоочу документтердин, атап айтканда жерди мөөнөтсүз пайдалануу укугуна актынын, кадастрдык пландын көчүрмөлөрү;
11) курулушу бүтө элек объект тууралуу маалыматтар: курулуштун башталган күнү, бекитилген жалпы наркы, курулуштун аяктаган күнүндөгү абалы боюнча аткарылган иштердин наркы (долбоорлоо үчүн тапшырма ким тарабынан жана качан бекитилген, ал аяктаганга чейинки, ишти аткаруу стадиясындагы аткарылган долбоорлоо-иликтөө иштеринин жалпы сметалык наркы).
28. Ишканалар сунуштаган документтерди карап чыгуу, мүлктү эсептен чыгаруу боюнча сунуштарды даярдоо үчүн тармактык муниципалдык орган мүлктү эсептен чыгарууга байланыштуу маселелерди карап чыгуу боюнча комиссия түзөт, анын курамы, ишинин регламенти жана ыйгарым укугу тармактык муниципалдык органдын тескөөчү актысы менен бекитилген.
29. Тармактык органды түзбөстөн ишин жүргүзгөн өз алдынча муниципалдык ишканалар сунуштаган документтерди карап чыгуу, мүлктү эсептен чыгаруу боюнча сунуштарды даярдоо үчүн муниципалдык мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу муниципалдык орган тарабынан комиссия түзүлөт. Комиссиянын курамы, ишинин регламенти жана ыйгарым укугу ыйгарым укуктуу муниципалдык органдын тескөөчү актысы менен бекитилет.
30. Зарыл болгон учурда тармактык муниципалдык органдын жана муниципалдык мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу муниципалдык органдын комиссиясы ишкана тарабынан сунушталган документтердин тууралыгына ынануу үчүн эсептен чыгарууга сунушталган мүлктү кошумча карап чыгышы мүмкүн.
31. Мүлктү эсептен чыгаруу жөнүндө чечим муниципалдык мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу муниципалдык органдын макулдугун талап кылган болсо, ишкана тармактык муниципалдык орган аркылуу ушул Жобонун 27-пунктунда каралган документтерди тармактык муниципалдык органдын тийиштүү чечими менен муниципалдык мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу муниципалдык органга берет.
32. Муниципалдык мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу муниципалдык орган бул Жобонун 27-пунктунда аныкталган документтер келип түшкөн күндөн тартып 20 күндүн ичинде мүлктү эсептен чыгарууга макулдугу же баш тартуусу жөнүндө чечим кабыл алат.
33. Зарыл болгон учурда тармактык муниципалдык орган, муниципалдык мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу муниципалдык орган ишканада мүлктү эсептен чыгаруу боюнча комиссиядан мүлктү эсептен чыгаруу жөнүндө чечимди кабыл алуу үчүн керектүү кошумча документтерди сурата алат, алардын тизмеги ушул Жобонун 27-пунктунда көрсөтүлгөн документ келип түшкөн күндөн тартып 10 күндүк мөөнөттө ишканага жөнөтүлөт.
34. Тармактык муниципалдык орган ушул Жобонун 27-пунктунда көрсөтүлгөн документтер толук көлөмдө келип түшкөн күндөн тартып 15-күндүн ичинде мүлктү эсептен чыгарууга макулдук берүү же макулдук берүүдөн баш тартуу жөнүндө чечимди кабыл алат (кыймылсыз мүлктөн тышкары).
35. Кыймылсыз мүлктү эсептен чыгаруу жөнүндө маселени кароо үчүн тармактык муниципалдык орган отчеттук квартал аяктагандан кийин 15 иш күндүн ичинде муниципалдык мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу муниципалдык органга ушул Жобонун 27-пунктуна ылайык түзүлгөн документтердин пакетин жөнөтөт.
36. Муниципалдык мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу муниципалдык орган ушул Жобонун 27-пунктунда көрсөтүлгөн документтер толук көлөмдө келип түшкөн күндөн тартып 10 иш күндүн ичинде кыймылсыз мүлктү эсептен чыгарууга макулдук берүү же макулдук берүүдөн баш тартуу жөнүндө чечимди кабыл алат.
37. Мүлктү эсептен чыгарууга макулдук берүү же макулдук берүүдөн баш тартуу жөнүндө чечим тармактык муниципалдык орган тарабынан тескөөчү акты формасында кабыл алынат.
38. Мүлктү эсептен чыгарууга макулдук берүүдөн баш тартуу жөнүндө чечим төмөнкүдөй учурларда кабыл алынат, эгерде:
- мүлк ушул Жобонун 2-пунктунда белгиленген талаптарга жооп бербесе;
- тармактык муниципалдык орган, муниципалдык мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу муниципалдык органы тарабынан эсептен чыгарууга сунушталган мүлктү пайдалануунун башка жолдору аныкталса;
- ишкана тарабынан ушул Жободо каралган документтер белгиленген талаптарды бузуу менен тапшырылса;
- мүлктү эсептен чыгаруунун максатка ылайыктуулугунун техникалык-экономикалык негиздемесинде эсептен чыгаруунун зарылдыгын тастыктоочу экономикалык жана (же) техникалык эсептөөлөр жок болсо;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык ушул мүлктү эсептен чыгарууга карата тиешелүү чектөө белгиленген болсо.
39. Эсептен чыгарууга сунушталган мүлктү ажыратуу жана демонтаждоо тармактык муниципалдык орган тарабынан мүлктү эсептен чыгарууга макулдук жөнүндө чечим кабыл алынгандан жана ишкананын жетекчиси эсептен чыгаруу боюнча актыны бекиткенден кийин жүргүзүлөт.
40. Ажыратылган жана демонтаждалган жабдуулардын башка жабдууну оңдоо үчүн жарамдуу бардык түйүндөрү, тетиктери, материалдары жана агрегаттары, ошондой эле мүлктү эсептен чыгаруунун натыйжасында алынган материалдар бухгалтердик эсепте запастарды чагылдыруу менен кириштелет.
41. Мүлктү демонтаждоодон жана ажыратуудан кийин алынган төмөнкүлөрдү камтыган түйүндөр, материалдар жана агрегаттар:
- баалуу материалдарды жана асыл таштарды, "Баалуу металлдар жана асыл таштар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык муниципалдык ыйгарым укуктуу органда катталган сатып алуу пункттарында сатылууга тийиш;
- ишканаларда машиналарды, аспаптарды, жабдууларды оңдоо үчүн колдонулбаган түстүү жана кара металлдар Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан ыйгарым укук берилген уюмга сатылууга тийиш.
42. Пайдаланууга жарабаган түйүндөр, тетиктер, материалдар жана агрегаттар экинчи жолу колдонулуучу чийки зат катары кириштелет.
43. Мүлктү эсептен чыгаруунун натыйжасында алынган жарамдуу түйүндөрдү, тетиктерди, материалдарды жана агрегаттарды баалоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтому менен бекитилген Мүлктү баалоо стандарттарына ылайык жүргүзүлөт.
44. Баалуу металлдарды жана баалуу таштарды камтыган мүлктү алдын ала бөлүп албастан жана ошол эле мезгилде баалуу тетиктерин кириштебестен жоготууга, ыргытууга, металл сыныктарына өткөрүүгө тыюу салынат.
45. Өзүнүн пайдалануу багытын жоготкон же жарамсыз болуп калган мүлктү ажыратуу, демонтаждоо же жок кылуу белгиленген тартипте эсептен чыгаруу актысы бекитилгенден кийин гана жүргүзүлөт.
46. Балансында мүлк турган ишкана ажыратуу, демонтаждоо жана кириштөө жол-жоболору аяктагандан кийин бир айдын ичинде тармактык муниципалдык органга жана муниципалдык мүлк башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу муниципалдык органга 3-тиркемеге ылайык эсептен чыгаруу жөнүндө отчетту берет.
47. Эсептен чыгарылган негизги каражаттарды сатып өткөрүүдөн алынган акча каражаттары төмөнкү таризде бөлүштүрүлөт:
- 50 пайызы республикалык бюджетке которулат;
- 50 пайызы сатып өткөрүүгө байланышкан жана муниципалдык ишканалардагы өндүрүштү өнүктүрүүгө кеткен чыгымдарды жабууга багытталат.
48. Отчетко карата сын-пикирлер болгон учурда тармактык муниципалдык орган жана муниципалдык мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу муниципалдык орган аны сын-пикирлерди жоюу жана 10 иш күндүн ичинде карап чыгууга берүү үчүн ишканага кайрып берет.
49. Тармактык муниципалдык орган жана муниципалдык мүлк башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу муниципалдык орган мүлктү эсептен чыгаруу жөнүндө отчетту берген учурдан тартып, мүлктү эсептен чыгаруу жол-жобосу аяктады деп эсептелет.
50. Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык ишкананын жетекчиси тармактык муниципалдык органга жана муниципалдык мүлктү башкаруу чөйрөсүндө ыйгарым укуктуу муниципалдык органга такталбаган маалыматтарды камтыган документтерди бергендиги үчүн жоопкерчилик тартат.
51. Ишкананын жетекчиси мүлктү эсептен чыгаруу жол-жобосун ушул Жобого ылайык сактоону уюштурат жана камсыз кылат.
52. Тармактык муниципалдык орган жана муниципалдык мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу муниципалдык орган өздөрүнүн ыйгарым укуктарынын чегинде жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык ушул Жобонун талаптарын сактоого жана акча каражаттарын максаттуу пайдаланууга контролду камсыз кылышат.