Загрузка документа…
КЫДЫР-АКЕ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН ЖЕРГИЛИКТУУ КЕНЕШИ
ТОКТОМ
I чакырылышы
12.09.2024-ж. №78
Айыл өкмөтүнүн карамагындагы пайдаланууга жараксыз болуп калган
ВАЗ 21214 мам.№0980 IК жана ВАЗ 21214 мам.№0883 IК автоунааларын
эсептен чыгарууга макулдук берүү жөнүндө
Кыдыр Аке жергиликтүү кеңешинин 2024-жылдын 10-сентябрындагы №77 токтому менен бекиген “Кыдыр Аке айыл аймагындагы муниципалдык ишканаларынын жана мекемелеринин балансында турган негизги каражаттарды эсептен чыгаруу тартиби жөнүндө” жобого таянуу менен айыл өкмөтүнүн сунушунун жана жергиликтүү кеңештин муниципалдык менчик (жер, мүлк), айыл чарбасы (ЖКБФ,СПА), жаратылыш ресурстары, архитектура, курулуш жана экология маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын протоколунун негизинде айыл аймагынын жергиликтүү кеңеши токтом кылат:
1. Айыл өкмөтүнүн карамагындагы пайдаланууга жараксыз болуп калган ВАЗ 21214 мам.№0980 IК жана ВАЗ 21214 мам.№0883 IК автоунааларын эсептен чыгарууга макулдук берилсин.
2. Бул токтом айыл өкмөтүнүн сайтына жайгаштырылып, мамлекеттик каттоодон өткөрүү үчүн юстиция органына жиберилсин.
3. Бул токтомдун аткарылышына көзөмөлдөө жагы айыл өкмөтүнүн башчысы Т.Ш.Кобонбаевге жүктөлсүн.
Төрага А.И.Алмабеков