Загрузка документа…
КЫДЫР-АКЕ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН ЖЕРГИЛИКТУУ КЕНЕШИ
ТОКТОМ
I чакырылышы
13.09.2024-ж. №80
Сары-Камыш айылындагы айыл чарба категориясындагы
№1422-контурундагы 2000.0 чарчы метр жердин багытын “Өнөр жайынын, транспорттук байланыштын, энергетиканын, коргонуунун жерлери жана башка багыттагы жерлер” категориясына которууга макулдук берүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын айыл чарба министрлигине караштуу жер ресурстары кызматынын “Кадастр” мамлекеттик мекемесинин Каракол-Ак-Суу филиалынын 2024-жылдын 11-сентябрындагы №01-2/97 сандуу корутундусунун, айыл өкмөтүнүн сунушунун жана жергиликтүү кеңештин муниципалдык менчик (жер, мүлк), айыл чарбасы (ЖКБФ, СПА), жаратылыш ресурстары, архитектура, курулуш жана экология маселелери боюнча туруктуу комиссиянын протоколунун негизинде айыл аймагынын жергиликтүү кеңеши токтом кылат:
1. Сары-Камыш айылындагы айыл чарба категориясындагы №1422-контурундагы 2000.0 чарчы метр жердин багытын “Өнөр жайынын, транспорттук байланыштын, энергетиканын, коргонуунун жерлери жана башка багыттагы жерлер” категориясына которууга макулдук берилсин.
2. Токтом айыл өкмөтүнүн сайтына жайгаштырылып, юстиция органына мамлекеттик реестрге киргизүү үчүн жиберилсин.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл өкмөтүнүн башчысы Т.Ш.Кобонбаевге жүктөлсүн.
Төрага А.И.Алмабеков