Загрузка документа…
НАРЫН ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Нарын шаардык кеңешинин V чакырылыштагы кезектеги XXXIX сессиясы
2024-жылдын 12-сентябры № 5
Нарын шаарындагы эт комбинатына тиешелүү жер тилкесин Нарын шаардык мэриясынын балансасына өткөрүп алууга макулдук берүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” , “Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө” Мыйзамдарын, Нарын шаардык Кеңешинин Регламентинин жетекчиликке алып, Нарын шаардык мэриясынын сунуш катынын негизинде Нарын шаардык Кеңешинин сессиясы токтом кылат:
1. Нарын шаарындагы эт комбинатына тиешелүү жер тилкесин Нарын шаардык мэриясынын балансасына өткөрүп алууга макулдук берилсин.
2. Нарын шаарынын балансына кабыл алуу иштерин жүргүзүү, жер аянтынын ордун чектеп, мыйзам чегинде тиешелүү документтерин, иш кагаздарын бүткөрүү Нарын шаардык мэриясына, Нарын шаардык муниципалдык менчикти башкаруу жана калкка кызмат көрсөтүү боюнча муниципалдык ишканасына, Нарын регионалдык шааркурулушу жана архитектура боюнча башкармалыгына, КРнын министрлер Кабинетине караштуу жер ресурстары , кадастр, геодезия жана картография боюнча мамлекеттик Агенттигинин Нарын филиалына жүктөлсүн.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Нарын шаардык мэриясына жүктөлсүн.
Төрага | А. Молдосалиев |