Загрузка документа…
КЫДЫР-АКЕ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН ЖЕРГИЛИКТУУ КЕНЕШИ
ТОКТОМ
I чакырылышы
16.09.2024-ж. №83
Теплоключенка айылынын №862 контурунда жайгашкан айыл чарба
багытындагы 0,40 га жайыт жеринин багытын “Айыл чарбасынын курулуш алдындагы жерлер” категориясына которууга макулдук берүү жөнүндө
Айыл өкмөтүнүн сунушунун жана жергиликтүү кеңештин муниципалдык менчик (жер, мүлк), айыл чарбасы (ЖКБФ, СПА), жаратылыш ресурстары, архитектура, курулуш жана экология маселелери боюнча туруктуу комиссиянын протоколунун негизинде айыл аймагынын жергиликтүү кеңеши токтом кылат:
1. Теплоключенка айылынын №862 контурунда жайгашкан айыл чарба багытындагы 0,40 га жайыт жеринин багытын “Айыл чарбасынын курулуш алдындагы жерлер” категориясына которууга макулдук берилсин.
2. Токтом айыл өкмөтүнүн сайтына жайгаштырылып, юстиция органына мамлекеттик реестрге киргизүү үчүн жиберилсин.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл өкмөтүнүн башчысы Т.Ш.Кобонбаевге жүктөлсүн.
Төрага А.И.Алмабеков