Редакцияот 24.09.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ОРГОЧОР АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН ЖЕРГИЛИКТУУ КЕНЕШИ

 

ТОКТОМ

 

ОРГОЧОР  АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН ЖЕРГИЛИКТҮҮ КЕҢЕШИНИН XXVIII ЧАКЫРЫЛЫШЫНЫН УЮШТУРУУ СЕССИЯСЫ

 

2024-жылдын 21- февралы   № 05                               

 

«Оргочор  айыл аймагынын жергиликтүү   кеңешинин ченемдик укук актыларын мамлекеттик тилде жүргүзүү жөнүндө»

 

Кыргыз Республикасынын 2009-жылдын 20-июлундагы №241 “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жѳнүндѳ” Мыйзамынын, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жана жергиликтүү ѳз алдынча башкаруу органдары жѳнүндѳ” мыйзамынын 39-беренесине ылайык жергиликтүү кеңеш токтом кылат:

 

1.      Оргочор айыл аймагынын жергиликтүү   кеңеши кабыл алган ченемдик укуктук актылары мамлекеттик тилде гана жүргүзүлсүн.

 

2.      Жергиликтүү кеңештин иш кагаздарын  мамлекеттик тилде жүргүзүү жагын катуу кѳзѳмѳлгѳ алуу жагы жергиликтүү кеңештин жооптуу катчысына тапшырылсын.

 

3.      Токтомдун аткарылышын кѳзѳмѳлдѳѳ жагын ѳзүмѳ калтырам.

 

 

 

Тѳрага                                                                                       А.Тыныбеков