ОРГОЧОР АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН ЖЕРГИЛИКТУУ КЕНЕШИ
ТОКТОМ
ОРГОЧОР АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН ЖЕРГИЛИКТҮҮ КЕҢЕШИНИН XXVIII ЧАКЫРЫЛЫШЫНЫН СЕССИЯСЫ
2024-жылдын 15- март № 06
“Оргочор айыл аймагынын айыл ѳкмѳтү” мекемесин мамлекеттик каттоодон ѳткѳрүү жѳнүндѳ
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2023-жылдын 29-декабрындагы № 370 “Кыргыз Республикасынын айылдык аймактарынын жана шаарларынын деңгээлинде пилоттук режимде администрациялык-аймактык реформа жүргүзүү жөнүндө” Жарлыгына жана Кыргыз Республикасынын Президентинин Ысык-Көл областындагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн 2023-жылдын 15-август айындагы №318 тескемеси жана Жети-Өгүз райондук мамлекеттик администрациясынын 2023-жылдын 25-август айындагы №02-28/2319 катын жетекчиликке алып жергиликтүү кеңеш токтом кылат:
1. “Оргочор айыл аймагынын айыл ѳкмѳтү” мекемеси Кыргыз Республикасынын Президентинин 2023-жылдын 29-декабрындагы № 370 “Кыргыз Республикасынын айылдык аймактарынын жана шаарларынын деңгээлинде пилоттук режимде администрациялык-аймактык реформа жүргүзүү жөнүндө” Жарлыгынын негизинде төрт айыл ѳкмѳтү (Ак-Дѳбѳ, Ак-Шыйрак, Оргочор, Светлая Поляна) бириккендигине байланыштуу түзүлгөн “Оргочор айыл аймагынын айыл ѳкмѳтү” мекемеси мамлекеттик каттоодон өткөрүлсүн.
2. Айыл ѳкмѳтүнүн уюштуруу-укуктук формасы – мекеме.
Толук фирмалык аталышы:
¾ Мамлекеттик тилде: “Оргочор айыл аймагынын айыл ѳкмѳтү” мекемеси;
¾ Расмий тилде: Учреждение “Айыл окмоту айылного аймака Оргочор”;
Айыл ѳкмѳтүнүн кыскартылган фирмалык аталышы:
¾ Мамлекеттик тилде: “ Оргочор айыл аймагынын айыл ѳкмѳтү” м-и;
¾ Расмий тилде: У-е “ Айыл окмоту айылного аймака Оргочор”;
¾ Мекеменин жайгашкан жери (юридикалык дареги): Кыргыз Республикасы, Ысык-Көл облусу, Жети-Ѳгүз району, Оргочор айылы, Токтогул кѳчѳсү №8.
3. “Оргочор айыл аймагынын айыл ѳкмѳтү” мекемесинин Жобосу жаңы редакцияда бекитилсин.
4. Ак-Дѳбѳ, Ак-Шыйрак, Оргочор жана Светлая Поляна айыл аймагынын айыл ѳкмѳттѳрүнүн өткөрүп берүү актылары бекитилсин.
5. “Оргочор айыл аймагынын айыл ѳкмѳтү” мекемесинин уюштуруучусу болуп “Оргочор айыл аймагынын жергиликтүү кеңеши” мекемеси эсептелинсин.
Каттоо номери: 301043-3302-У-е, ИУЖКнын коду: 32664434
ИСН: 02003202410191, Юридикалык дареги: Кыргыз Республикасы,
Ысык-Кѳл олбусу, Жети-Ѳгүз району, Оргочор айылы,
Токтогул кѳчѳсү №8
6. Ысык-Көл областтык юстиция башкармалыгынан мамлекеттик каттоодон өткөрүү жагы айыл ѳкмѳтүнүн жооптуу катчысы Г.Мокешовага милдеттендирилсин.
Мамлекеттик каттоо жөнүндө чечимде андагы көрсөтүлгөн маалыматтардын, ошондой эле мамлекеттик каттоо үчүн тапшырылган документтерди маалыматтардын анык экендиги ырасталат.
Тѳрага А.Тыныбеков