Загрузка документа…
АК-ТАТЫР АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Ак-Татыр айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезексиз XIV сессиясы
2024-жылдын 5-сентябры № 45
Бириктирилген Ак-Татыр айыл аймагынын чек арасын аныктоо жөнүндө
Баткен облусунун Баткен районунун Ак-Татыр айыл аймагынын Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жер ресурстары, кадастр, геодезия жана картография боюнча мамлекеттик агенттигинин Кыргызмамжердолбоор” мамлекеттик ишканасы тарабынан түзүлген Ак-Татыр айыл аймагынын административдик чек арасынын схематикалык картасын карап жана талкуулап Ак-Татыр айыл аймагынын айылдык кенешинин VI чакырылышынын кезексиз XIV сессиясы Токтом кылат
1. Ак-Татыр айыл аймагынын айыл өкмөтүндөгү айылдарга, Ак-Сай айыл өкмөтүнүн Үч-Дөбө жана Таш-тумшук айылдарын бириктирип, административдик борбору Ак-Татыр айыл аймагы деп белгиленсин.
2. Ак-Татыр айыл өкмөтүнүн Чет-Кызыл жерлигин Терт-Гүл айыл өкмөтүнүн административдик аймагына өткөрүп берүүгө макулдук берилсин.
3. Бириктирилген Үч-Дебе жана Таш-Тумшук айылдарынын административдик чек арасынын схематикалык картасы жана ага тиркелген чек ара баяндамасына макулдук берилсин.
4. Кабыл алынган чечимдер боюнча тийешелүү документтердин топтомун белгиленген тартипте Баткен райондук мамлекетиик администрациясыга даярдап берүү, Ак-Татыр айыл өкмөтүнүн башчысы К. Нурмаматовго милдеттендирилсин.
Төрага: |
Ысаков С.Б. |