Редакцияот 05.09.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

АК-ТАТЫР АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Ак-Татыр айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезексиз XIV сессиясы

 

2024-жылдын 5-сентябры № 46

Ак-Татыр айьл өкмөтүнүн чек арасынын Схемалык картасын бекитүү жөнүндө

 

 

Кыргыз Республикасынын айыл аймактарынын жана шаарларынын денгээлииде пилоттук административдик-аймактык реформаны жүргүзүүнүн алкагында Баткен обулусунун Баткен районун Ак-Татыр айыл аймагынын Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жер ресурстары, кадастр, геодезия жана картография боюнча мамлекеттик агенттигинин Кыргызмамжердолбоор” мамлекеттик ишканасы тарабынан түзүлгөн Ак-Татыр айыл аймагынын административдик чек арасынын схемалык картасын карап жана талкуулап Ак-Татыр айыл аймагынын айылдык кеңешинин VI чакырылышынын кезексиз XIV сессиясы Токтом кылат

       1. Ак-Татыр айыл аймагынын административдик чек арасынын сехмалых картасы жана ага тиркелген чек ара баяндамасына макулдук берилсин .

       2. Ак-Татыр айыл өкмөтүнүн Чет-Кызыл жерлигин Терт-Гүл айыл өкмөтүнүн административдик аймагына өткөрүп берүүгө макулдук берилсин.

       3. Ак-Татыр айылдык кеңешинин төрагасына жана Ак-Татыр айыл өкмөтүнүн башчысына Схемалык картага кол коюу тапшырылсын.

       4. Ушул токтомдун аткарылышы Баткен районунун мамлекеттик администрациясынан суралсын.

       5. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү өзүмө калтырам.

 

 

Төрага:

 

Ысаков С.Б.