Загрузка документа…
СУУ-БАШЫ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2024-жылдын 13 – сентябры №119
“Кара-Токой” гимназия-мектеби жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамын жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 27-августундагы “Кыргыз Республикасынын жалпы билим берүү уюмдарынын айрым маселелери жөнүндө” №519 токтомун, Баткен райондук мамлекеттик администрациясынын “Баткен районунун аймагындагы мектеп-гимназиялар жөнүндө” 2024-жылдын 11-сентябрындагы №84 токтомун аткаруу максатында Суу-Башы айылдык кеңеши токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 27-августундагы “Кыргыз Республикасынын жалпы билим берүү уюмдарынын айрым маселелери жөнүндө” №519 токтому аткарууга алынсын.
2. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 27-августундагы “Кыргыз Республикасынын жалпы билим берүү уюмдарынын айрым маселелери жөнүндө” №519 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын жалпы билим берүү жөнүндө типтүү жобого ылайык иш алып барылсын.
3. Суу-Башы айыл өкмөтүнүн аймагында жайгашкан “Кара-Токой” гимназия-мектеби кайра “Кара-Токой” жатак - мектебиболуп түзүлсүн.
4. Бул токтомдун аткарылуусун камсыз кылуу жагы Суу-Башы айылдык кеңешинин жергиликтүү өз алдынча башкарууну өнүктүрүү, жалпыга маалымдоо каражаттары, коомдук уюмдар жана жергиликтүү коомдоштуктар менен социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына жана Суу-Башы айыл өкмөтүнүн башчысы К.Дыйкановго тапшырылсын.
5. Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын жана Суу-Башы айылдык кеңешинин регламентинин талаптарына ылайык ушул токтомду Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин ченемдик укуктук актыларынын реестрине каттоо жагы айылдык кеңешинин жооптуу катчысына милдеттендирилсин.
Төрага | А.Бөрүев |