Загрузка документа…
УТРАТИЛО СИЛУ в соответствии с постановлением Кабинета Министров КР от 25 января 2025 года № 38
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2024-жылдын 26-июлу № 428
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 1-июлундагы № 357 "2022-2024-жылдарга Кыргыз Республикасынын мамлекеттик карызын башкаруунун стратегиясын бекитүү жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
Кыргыз Республикасынын мамлекеттик баалуу кагаздар рыногун андан ары өнүктүрүү, кыйла потенциалдуу инвесторлорду тартуу үчүн мамлекеттик баалуу кагаздарды жайгаштыруунун масштабын көбөйтүү максатында, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 1-июлундагы № 357 "2022-2024-жылдарга Кыргыз Республикасынын мамлекеттик карызын башкаруунун стратегиясын бекитүү жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
2022-2024-жылдарга Кыргыз Республикасынын мамлекеттик карызын башкаруунун стратегиясында:
- 4-глава төмөнкүдөй мазмундагы алтынчы абзац менен толукталсын:
"Эл аралык капитал рыногунда чет өлкөлүк валютадагы облигацияларды чыгаруу жана жайгаштыруу үчүн кыйла жагымдуу шарттар (пайдалуу купондук ставкалар, саясий туруктуулук, ИДПга карата мамлекеттик карыздын туруктуу деңгээли) түзүлгөн учурда Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети эл аралык капитал рыногунда чет өлкөлүк валютадагы облигацияларды чыгаруу жана жайгаштыруу жөнүндө чечим кабыл алууга укуктуу.";
- 9-главанын 1-таблицасынын он биринчи сабы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"
Эл аралык капитал рыногунда чет өлкөлүк валютада чыгарылган жана жайгаштырылган облигациялардын салыштырма салмагы (мамлекеттик тышкы карыздын жалпы көлөмүнөн %) | 20%дан ашык эмес |
".
2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
| А.У. Жапаров |