Загрузка документа…
ФРУНЗЕ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
XXIX чакыруунун 18-(кезексиз) сессиясы
2022-жылдын 20-октябры № 24
Фрунзе айыл өкмөтүнүн бюджетинин киреше жана чыгаша бөлүктөрүн көбөйтүү жөнүндө
Фрунзе айыл өкмөтүнүн ФЭБнүн башчысы – С.К. Кубанованын бюджеттин киреше бөлүгү ашыкча аткарылгандыгына байланыштуу, Фрунзе айыл өкмөтүнүн бюджетинин киреше жана чыгаша бөлүктөрүн көбөйтүү зарылчылыгы жөнүндө маалыматын угуп жана талкуулап, Фрунзе айылдык кеңеши,
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. 2022-жылдын 9 айдын жыйынтыгы менен Фрунзе айыл өкмөтүнүн бюджетинин киреше бөлүгүнүн планы төмөндөгүгө ылайык ашыкча аткарылгандыгына байланыштуу:
· Берене 11111100 – салык агенти менен төлөнгөн киреше салыгы - +1800,0 миң сом;
· Берене 11121100 – чакан ишканалар менен төлөнгөн бирдиктүү салык - +500,0 миң сом;
· Берене 11122300 – патенттин негизинднги салык - +400,0 миң сом;
· Берене 11122200 – ыктыярдуу патент салыгы - -28,5 миң сом;
· Берене 11321 – Жер салыгы – 1379,5 миң сом.
Жогоруда айтылгандарга ылайык, Фрунзе айыл өкмөтүнүн киреше бөлүгү 1292,0 миң сомго көбөйтүлсүн.
2. Фрунзе айыл өкмөтүнүн киреше бөлүгү көбөйтүлгөндүгүнө байланыштуу, чыгаша бөлүгү төмөндөгүгө ылайык көбөйтүлсүн:
· Маданият бөлүмүнө
Имараттар жана курулуштар – 3111 беренесине – 1292,0 миң сом.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Фрунзе айыл өкмөтүнүн башчысы Б.Байысбек у.-га жүктөлсүн.
Төрага | Ш.Ш. Исмаилов |