Загрузка документа…
КУЛУНДУ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Кулунду айыл аймагынын айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги 33-сессиясынын отуруму
2024-жылдын 7-августу № 33/1
“Кулунду айыл аймагынан жерлерди бир багыттан экинчи бирбагытка которуу (трансформациялоо) жана программасын бекитүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Жер Кодексинин 11-беренесинин жана Кулунду айылдык кеңешинин Жер, муниципалдык менчик жана агрардык маселелер боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы дептат Б. Абдуллатип уулунун баяндамасын угуп, Кулунду айыл аймагынын айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезексиз 33-сессиясынын отуруму күн тартибиндеги маселелерди карап жана талкуулап, №33/1-протоколунун чечиминин 1-пунктунун негизинде ТОКТОМ КЫЛАТ: 1. Кулунду айыл аймагынын Раззаков айылынын түштүк тарабынан мазар куруу үчүн №107 контурунан 5,0 га жайыт жерин ажыратып берүү жана 5,0 га жайыт жерин “Айыл чарба багытындагы жерлер” категориясынан “Өнөр жайынын, транспорттун, байланыштын, энергетиканын, коргонуунун жерлери жана башка багыттагы жерлер” категориясына которууга макулдук берилсин жана мазар куруу боюнча программасы бекитилсин. 2. Токтомдун аткарылышы Кулунду айыл өкмөтүнүн башчысына милдеттендирилсин. 3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагын өзүмө калтырамын.
|
Төрага | А.А.Досов |