Загрузка документа…
ФРУНЗЕ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
XXIX чакыруунун 18-(кезексиз) сессиясы
2022-жылдын 20-октябры № 25
Атайын эсебиндеги киреше жана чыгаша бөлүктөрүн көбөйтүү жөнүндө
Фрунзе айыл өкмөтүнүн ФЭБнүн башчысы – С.К. Кубанованын бюджеттин киреше бөлүгү ашыкча аткарылгандыгына байланыштуу, Фрунзе айыл өкмөтүнүнүн атайын эсебинин киреше жана чыгаша бөлүктөрүн көбөйтүү зарылчылыгы жөнүндө маалыматын угуп жана талкуулап, Фрунзе айылдык кеңеши,
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. 2022-жылдын 9 айдын жыйынтыгы менен Фрунзе айыл өкмөтүнүн атайын эсебинин киреше бөлүгүнүн планы төмөндөгүгө ылайык ашыкча аткарылгандыгына байланыштуу:
· Берене 1423 – акы төлөнүүчү кызматтарды көрсөтүүдөн түшкөн кирешелер - +650,0 миң сом.
Жогоруда айтылгандарга ылайык, Фрунзе айыл өкмөтүнүн атайын эсебининкиреше бөлүгү 650,0 миң сомго көбөйтүлсүн.
2. Фрунзе айыл өкмөтүнүн киреше бөлүгү көбөйтүлгөндүгүнө байланыштуу, чыгаша бөлүгү төмөндөгүгө ылайык көбөйтүлсүн:
· Бала-бакча бөлүгүнө
Берене 2218 Тамак-аш сатып алуу– 650,0 миң сом.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Фрунзе айыл өкмөтүнүн башчысы Б.Байысбек у.-га жүктөлсүн.
Төрага | Ш.Ш. Исмаилов |