Загрузка документа…
ФРУНЗЕ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
XXIX чакыруунун 18-(кезексиз) сессиясы
2022-жылдын 20-октябры № 26
Фрунзе айылдык кеңешинин ченемдик укуктук актысын күчүн жоготуу деп табуу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 20-октябрындагы № 123 «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» Мыйзамынын 39-беренесинин 5-пунктуна ылайык, ошондой эле «БЧК-Совхозный» АВПнын Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу бюджеттик кредиттер боюнча мамлекеттик башкаруу органына кредиттик карызын ижарачылардан акча каражаттарын өндүрүү жолу менен төлөө жөнүндө кабыл алынган чечимдин шарттары аткарылбагандыктан, Фрунзе айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Фрунзе айылдык кеңешинин 2020-жылдын 18-июнундагы “Студенческое айылында жайгашкан ГФСУ жерлеринин ижарачыларынан жана үлүштүк пайдалануучулардан акча каражатын өндүрүп алууну бекитүү жана ГФСУ жерлерди ижарага алуу келишимдерин аукционсуз узартуу жөнүндө” №13 токтому күчүн жоготту деп табылсын.
2. Киргизилген өзгөртүүлөр 2022-жылдын 1-ноябрынан баштап күчүнө кирет.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Фрунзе айыл өкмөтүнүн башчысы-Б.Байысбек у.-га жүктөлсүн.
Төрага | Ш.Ш. Исмаилов |