Загрузка документа…
ФРУНЗЕ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
XXIX чакыруунун 19-(кезектүү) сессиясы
2022-жылдын 30-ноябры № 27
«БЧК-Совхозный» АВПнын карызын төлөөгө ыктыярдуу келишим түзүү жөнүндө
Фрунзе айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары -М.А. Усеналиевдин «БЧК-Совхозный» АВПсынын Кыргыз Республикасынын Финансы Министрлигине караштуу финансы-кредиттик фондунун пайдасына кредити боюнча карызды төлөө зарылчылыгы жөнүндө маалыматын угуп жана талкуулап, Фрунзе айылдык кеңеши,
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Финансы Министрлигине караштуу финансы-кредиттик фонддун пайдасына 2660166 (эки миллион алты жүз алтымыш миң бир жүз алтымыш алты) сом өлчөмүндө карызды жоюу боюнча ыктыярдуу келишим түзүү жагы Фрунзе айыл өкмөтүнө тапшырылсын.
2. Фрунзе айыл өкмөтү ГД-2268/22-Ч6 иш боюнча доонун суммасын кайра эсептеп чыккандан кийин 10% өлчөмүндө мамлекеттик алымды төлөөгө бюджеттен каражат тапсын.
3. 2009-жылдын 9-сентябрындагы №8-222/214 «Курулуш иштерин каржылоо жана курулуш иштеринин наркынын 25% республикалык бюджетке кайтарып берүү» жөнүндө Келишимдин негизинде кредиттик карыздын калган суммасын ыктыярдуу түрдө төлөөдөн баш тарткандыгына байланыштуу, ошондой эле кредиттик карызды натыйжалуу кайтаруу максатында: Фрунзе айыл өкмөтү «БЧК-Совхозный» АВПнын башкармасы менен тез аранын ичинде реорганизациялоо шарттарын талкууласын.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзмөлдөө Фрунзе айыл өкмөтүнүн башчысы – Б.Байысбек у.-га жүктөлсүн
Төрага | Ш.Ш. Исмаилов |