ТЕРЕК-САЙ АЙЫЛДЫК АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Терек – Сай айылдык кеңешинин IX чакырылышынын кезексиз XXXXI сессиясы
2023-жылдын 29-ноябры № 460
Чаткал районуна караштуу айыл аймактар (өкмөттөр) арасында өткөрүлгөн волейбол оюнуна балдар жана кыздар командасын алып барып келүүгө акча каражатын карап берүү жөнүндө
Чаткал районуна караштуу Каныш-Кыя айылында Чаткал районуна караштуу айыл аймактар арасында өткөрүлгөн волейбол оюнуна Терек-Сай айыл аймагынын балдар жана кыздар командасын алып барып келүүгө акча каражатын карап берүү жөнүндөгү Ак-Терек айылынын айыл башчысы С.Усубалиеванын кайрылуусун угуп жана талкуулап, Терек-Сай айылдык кеңешинин IX чакырылышынын кезексиз XXXXI сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ :
1. Чаткал районуна караштуу Каныш-Кыя айылында Чаткал районуна караштуу айыл аймактар арасында өткөрүлгөн волейбол оюнуна Терек-Сай айыл аймагынын балдар жана кыздар командасын алып барып келүү үчүн 15 000 ( он беш миң ) сом акча каражаты Терек-Сай айыл аймагынын жергиликтүү бюджетинин пландан сырткары аткарылган каражатынын эсебинен бөлүнүп берилсин.
2.Бул токтомдун аткарылышы Терек-Сай айыл аймагынын КЭБнүн башчысы Т.Сувановага жүктөлсүн.
3.Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кенештин экономика жана финансы маселелери боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
4.Токтом Кыргыз Республикасынын мыйзам актыларынын талабына ылайык,Чаткал райондук мамлекеттик администрациясынын www.chatkal.kg сайтына жарыялансын.
Терек – Сай айылдык кеңешинин төрагасы: |
Тойчуев М.С. |