Загрузка документа…
КУЛУНДУ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Кулунду айыл аймагынын айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги 33-сессиясынын отуруму
2024-жылдын 7-августу № 33/5
“Кулунду айыл аймагынын “Жергиликтүү жамааттардын Уставын” бекитүү жөнүндө”
Кулунду айыл аймагынын айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезексиз 33-сессиясынын отуруму күн тартибиндеги маселелерди карап жана талкуулап, №33/1-протоколунун чечиминин 10-пунктунун негизинде ТОКТОМ КЫЛАТ:
|
Төрага | А.А.Досов |
Тиркеме
Кулунду айылдык Кеңешинин
“ ____ “ ___________2024-жыл
№______токтому
Кулунду айыл аймагынын “Жергиликтүү жамааттарынын Уставы”
Кулунду айыл аймагынын Жергиликтуу жамааттарынын Уставы Биз, Кулунду айыл аймагынын жергиликтүү жамааты, өз аймагыбызда территориябызда жергиликтүү маанидеги маселелерди өз демилгебиз жана өз жоопкерчилигибиз менен чечүү укугубузду жана милдетибизди сезүү менен; ата-бабабыздын “Ырыс алды ынтымак”, “ Көп түкүрсө көл” деген накыл кептерин туу тутуп; өзубуздун территориябыздагы жашаган жергиликтүү жамааттын мүчөлөрүнүн жана башка жарандардын бузулбас биримдигин, ынтымагын, коомдук тартипти жана тынчтыкты курууну камсыз кылууну, адеп-ахлакты тазартууну жана чыңдоону, айыл аймагыбызды өнүктүрүүнү максат кылып; жергиликтуу жамааттын ички жашоо-тиричилигинин негизги принциптерин жана эрежелерин күндөлүк турмушка киргизүүнү көздөп, ушул уставды кабыл алабыз.
I. Жалпы жоболор
II. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары
III. Жергиликтүү маанидеги маселелер
IV. Жергиликтүү жамааттын жергиликтүү өз алдынча башкарууну жүзөгө ашырууга түз катышуу формалары
V. Жергиликтүү жамааттын ички жашоо-тиричилигинин негизги принциптери жана эрежелери
VI. Жергиликтүү жамааттын башка тараптар (субъектилер) менен алака жүргүзүүсүнүн тартиби
VII. Жергиликтүү жамааттарда жарандардын өз алдынча уюмдашышынын экономикалык - чарбалык негиздери
VIII. Корутунду жоболор
I. Жалпы жоболор
1. Жалпы жоболор
1.1. Айыл аймагынын жергиликтуу жамаатынын Уставы – жергиликтүү жамааттын жыйындарында (чогулуштарында) же курутайларында талкуунун жыйынтыгы боюнча жергиликтүү кеңештин токтому менен бекитилүүчү, жергиликтүү жамааттын ич-ара жашоотурмушунун негизги эрежелерин жана принциптерин женге салуучу, жергиликтүү жамааттардын мүчөлөрүнүн укуктарын жана милдеттерин кароочу, жергиликтүү жамааттардын бюджеттик процесстерге катышуусун кошкондо жергиликтүү маанидеги маселелерди жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен жөнгө салынбаган жергиликтүү өз алдынча башкаруу ишинин башка маселелерин чечүүдө жергиликтүү жамааттын мүчөлөрүнүн бири бири менен жана жергиликтуу жамааттын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен өз ара мамилелеринин тартибин кароочу акт болуп саналат.
1.2. Ушул Устав айыл аймагында колдонулат жана өзунун уюштуруу-укуктук туруне карабастан, айыл аймагында иштеп жаткан бардык юридикалык жактар, ошондой эле жеке жактар жана алардын бирикмелери учун милдеттуу болуп саналат.
2. Негизги тушунуктер жана терминдер Ушул Уставда төмөндөгү тушунуктөр жана терминдер колдонулат:
администрациялык-аймактык бирдик - бул мамлекеттик бийлик же жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тиешелүүлүгүнө жараша мамлекеттик башкарууну же өз алдынча башкарууну жузөгө ашыруучу, өз ичине бир же бир нече калктуу конуштардын жана башка калк отурукташпаган аймактарды камтыган, мыйзам тарабынан аныкталган аймактар;
жергиликтуу жамаат - жергиликтуу маанидеги маселелерди түздөн-түз жана алар тарабынан түзүлгөн жергиликтуу өз алдынча башкаруу органдары тарабынан чечууге жалпы кызыкчылыктары менен бириккен тиешелуу айылдык аймактын аймагында туруктуу жашаган Кыргыз Республикасынын жарандары;
жергиликтуу маанидеги маселелер - жергиликтуу өз алдынча башкаруу органы, ошондой эле өздөрүнүн түздөн түз эрктерин билдируу менен жергиликтуу жамааттын мучөлөрү чечүүчү, айыл аймагынын калкынын жашоо-турмушун түздөн түз камсыз кылуунун маселелери; өткөрулуп берилген мамлекеттик ыйгарым укуктар - мыйзамдын же келишимдин негизинде аткаруу учун жергиликтуу ез алдынча башкаруу органдары тарабынан мамлекеттик органдарга еткерулуп берилген айрым мамлекеттик ыйгарым укуктар; демилгечи топ - ушул Уставга ылайык айылдык чогулушту жана курултайды еткеруу, айыл аймагынын артыкчылыктуу кейгейлерун жергиликтуу ез алдынча башкаруу органдары менен биргеликте чечуу боюнча элдик демилгени жузеге ашыруу боюнча ыктыярдуу негизде тузулген айыл аймагында жашаган 5-7 жарандардын курамындагы ыктыярдуу бирикме; (Демилгечи топтордун мүчөлөрүнүн саны жергиликтүү жамааттардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ез ыктыяры боюнча белгиленет);
жергиликтүү курултай (жергиликтүү жамааттын курултайы) - айыл аймагында жалпы кызыкчылыктарды жараткан жергиликтуу жамааттын жашоо-турмушунун маанилуу маселелерин талкуулоо, коомдук енугуунун багыттары боюнча сунуштамаларды беруу максатында еткерулуучу айыл аймагынын жергиликтуу жамаатынын өкүлдөрүнүн жыйыны; муниципалдык менчик - жергиликтүү өз алдынча башкаруунун киреше алуу булагы болуп саналган жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун ишмилдеттерин жузеге ашыруу учун зарыл болгон жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ээлик кылуусунда, пайдалануусунда, тескесүнде турган жергиликтүү жамааттын менчиги; жергиликтуүү (элдик) ченем чыгаруу демилгеси - жергиликтуүүмаанидеги маселелер боюнча ченемдик укуктук актылардын долбоорун (токтомдун долбоорун) иштеп чыгууга жана жергиликтүү кецештин кароосуна белгиленген тартипте киргизууге жергиликтүү жамааттын укугу; жарандардын чогулушу (жыйыны) – жергиликт үү маанидеги маселелерди талкуулоо, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун кызмат адамдарынын иши женунде калкка маалымат беруу учун колдонулуучу бир көчөнүн, кварталдын, айыл аймагынын аймагында жашаган жарандардын жергиликтүү өз алдынча башкарууну ишке ашырууга түздөн-түз катышуусунун формасы. Коомдук угуулар - жамааттын турмушунун маанилүү маселелери боюнча калктын пикирин иликтеп билүүгө, сунуштарды жана рекомендацияларды алууга, оптималдуу, таразаланган чечимдерди табууга калктын кызыкчылыгын эске алуу менен чечимдерди кабыл алуу учун жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын демилгеси боюнча өткөрүлүүчү, ачык талкуулоо формасындагы уюштурулган иш-чара; жамаатын муктаждыгын чогуу иликтүү - маалыматтарды биргелешип жыйноо, аларды талдоо процесси жана калктын пикирлерин жана кызыкчылыктарын эске алуу менен ишти пландаштыруу; каада-салт - кандайдыр бир элдин турмуш тиричиликтеги, үй-булөдөгү журум-турум нормалары, эрежелери, ырым-жырым, адеп-ахла, каада-жөрөлгө, жол-жоболордун жыйындысы. Каада-салттарды жана урп-адаттарды ар кандай ырым-жырымдар, жерелгелер коштойт. Салт - жалпы элдик мүнөздөгү менталдык эрежелердин системасы, ал өзүнө нарк, каада, элдик үрп-адаттарды камтыйт жана ырым-жырымдар менен коштолуп турат. эреже - бул ишмердуулуктун кандайдыр-бир турун жүзөгө ашыруунун тартибин аныктоочу процедуралык эрежелерди белгилеген ченемдик укуктук актынын формасы.
3. Айылдык аймактын территориясы
3.1. Айылдык аймактын территориясы айылдык аймактын административдикаймактык чек араларынын чектериндеги жерлерди езуне камтыйт.
3.2. Айылдык аймактын территориясы төмөндөгү айылдарды өзүнө камтыйт:
- Булак-Башы айылы;
-Акарык айылы;
- «И.Раззаков» айылы;
- Кулунду айылы;
-Интернационал айылы;
-Максат айылы;
-Сада участкасы;
- Кайрагач участкасы;
-Майты участкасы;
4. Айылдык аймактын жергиликтүү жамаатынын статусу, укуктары жана милдеттери .
4.1. Жергиликтүү маанидеги маселелерди өзүнүн жоопкерчилиги менен өз алдынча чечүүгө жалпы кызыкчылыктары менен бириккен, айылдык аймакта туруктуу жашашкан Кыргыз Республикасынын жарандары айылдык аймактын жергиликтуу жамаатын түзүшөт.
4.2. Жергиликтүү жамаат жергиликтүү өз алдынча башкаруунун негизги субъектиси жана объектиси болуп саналат.
4.3. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары өз ишмердүүлүгүнүн бардык негизги маселелерин жергиликтүү жамаат менен макулдашып чечишет, өз ишмердүүлүгү тууралуу жергиликтүү жамааттын алдында отчет беришет. Жергиликтүү жамаат жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү жана аткаруу органдарынын ортосундагы талаштартыштарды чечет.
4.4. Жергиликтүү жамааттын өнүгуүүсүнүн деңгээлине төмөндөгу белгилердин (прецеденттик мүнөздөмөлөрдүн) негизинде баа берсе болот: - коомдук өз ара аракеттенүү, коңшулук мамилелер, журум-турумдун жалпы эрежелери жана нормалары; - чарбалык муктаждык (көпуреөкуруу, эс алуу, билим берүү жайларын ремонттоо жана башка) келип чыккандагы жашоочулардын биримдиги; - жан-дүйнө жана маданий керектөөлөрүн чечүүдө жашоочулардын биримдиги; - жашаган жерин көрктөндүрүүдө жашоочулардын биримдиги; - коллективдүү жана жеке укуктарды жана кызыкчылыктарды коргоодогу биримдик; - аймактык коомдук башкаруунун (ТОС) болушу жана активдүүлүгү; - жарандардын өз ара салык киргизуусунун болушу; - маданий-массалык иш чараларды өткөрүүдөгү жашоочулардын активдуулугу (жылына өткөрүлгөн иш чаранын саны жана катышкандардын саны); - өндүрүштүк, чарбалык ишмердиктеги өз ара байланыш; - жарандардын ченем чыгаруудагы активдүүлүгү(чогулуштарда, жыйындарда чечим кабыл алууга катышуусу); - жарандардын жергиликтуу өз алдынча башкаруу органдарынын ишмердүүлүгүнө көзөмөл жүргүзүүгө катышуусу (Ж0БО отчетторун угууга катышкан жамааттын мучөлөрүнүн саны); - жашоочулардын бири-бирине өз ара социалдык жардам көрсөтүүсү (той, маркумду узатуу жана башка иш чараларына катышуусу, ардагерлерге жана багуусуз калгандарга жардам берүүсү).
4.5. Жергиликтуу жамааттын зарылчылыгына жараша башка жергиликтүү жамаатар менен түздөн-түз алакага кирүүгө укугу бар.
4.6. Жергиликтүү жамаат мыйзамдарга ылайык тарыхый, маданий, улуттук жана башка жергиликтуу салттарды жана өзгөчөлуктөрдү чагылдырган расмий символдорду белгилөөгө укутуу. Символдордун сүрөттөп баяндалышы жана аларды пайдалануунун тартиби жергиликтуу кенештин токтому менен белгиленет.
5. Жергиликтуу жамааттын мучөлугунө өтуунун жана мучөлугунөн чыгуунун тартиби
5.1. Жашы 16 дан жогору, Кыргыз Республикасынын жаранынын Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте шаарда же айылдык аймакта өзу жашаган дареги боюнча каттоодон өтуу фактысы аны айылдык аймактын жергиликтуу жамаатынын мучөсу деп таануу учун негиз болуп саналат.
5.2. Жергиликтуу жамааттын мучөсу болуп эсептелбеген (каттоосу боюнча), бирок шаарда же айылдык аймакта 1 жылдан ашуун жашаган Кыргыз Республикасынын жарандары, ошол жердин жергиликтуу өз алдынча башкаруунун өкулчулуктуу органына шайланууга жана шайлоо укуктарын кошпогондо, жергиликтуу жамааттын мучөлөру сыяктуу эле калган баардык укуктарга жана милдеттерге ээ.
5.3. Ушул Уставда жана Кыргыз Республикасынын башка мыйзамдарында каралган негиздерден тышкары, Кыргыз Республикасынын жаранынын жергиликтуу жамааттын мучөлугунө кируусуне кандайдыр-бир башка шарттарды белгилееге жол берилбейт.
5.4. Кыргыз Республикасынын жараны төмөнку учурда жергиликтуу жамааттын мучөлугунөн чыгат:
- ал Кыргыз Республикасынын жарандыгын жоготкондо;
- ал каза болгондо;
- аны өлду, дайынсыз жок болду деп таануу жөнундө соттун чечими мыйзамдуу кучунө киргенде;
- ал шаардан же айыл аймагынан сырткары туруктуу жашоо учун чыгып кеткенде.
6. Жергиликтуу жамааттын мучөлөрунун укуктары
6.1. Жергиликтуу жамааттын мүчөлөрү жынысына, расасына, тилине, майыптыгына, этностук таандыктыгына, дин тутуусуна, курагына, саясий жана башка ишенимдерине, билимине, тегине, мулктук жана башка абалына, ошондой эле башка жагдайларга карабастан төмөндөгулөргө укуктуу:
- жергиликтуу маанидеги маселелерди чечууге катышууга;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте мамлекеттик органдарга жана жергиликтуу өз алдынча башкаруу органдарына шайланууга жана шайлоого;
- жамааттын ишин башкарууга байланыштуу маселелерди талкуулоого - мыйзамдарда жана ушул Уставда белгиленген тартипте жергиликтуу кеңештин токтомдорунун долбоорун демилгелөө жана аларды жергиликтуу кеңештин кароосуна киргизуу учун демилгечи топторду тузуугө;
- жамааттын муктаждыгын иликтөөгө жана аларды жергиликтуу өз алдынча башкаруу органдары жана (же) мамлекеттик органдар менен бирдикте чечуу учун демилгеуу топторду тузуугө;
- айыл өкмөтуне жана жергиликтуу кеңешке, мамлекеттик органдардын аймактык бөлумчөлөрунө, уюмдарга, мекемелерге, ишканаларга жана алардын жетекчилерине жеке өзу кайрылууга, ошондой эле сунуштар, арыздар жана даттануулар менен кошо жеке жана коллективдуу кайрылууларды жөнөтууге, жамаатка тийешелуу бардык маселелер боюнча өз алдынча башкаруу органдарына сунуш киргизууге жана коюлган суроолоруна ынанымдуу жооп алууга, алардын иши боюнча пикирин айтууга жана баа беруугө;
- жергиликтуу жамааттын мучөлөру учун белгиленген жеңилдиктерден пайдаланууга;
- муниципалдык менчиктин мулкунун обьектилеринин реестиринин мазмуну менен таанышууга;
- айыл чарбасына жарактуу Мамлекеттик фондунун жерлерин, муниципалдык жерлерди жана муниципалдык менчикте турган башка мулктөрду беруу боюнча жергиликтуу ез алдынча башкаруу органдары өткөргөн сатууларга (аукциондорго жана конкурстарга) катышууга;
- жамааттын мучелерунун биргелешкен куч аракеттери менен тузулген байлыкгардан жана каражаттардан, ошондой эле жамааташтыктан ортолук менчигинде уюм, мекеме ишканалардын кызматтарынан белгиленген чегинде пайдаланууга:
- жергиликтуу курултайларга, айылдык жыйындарга, чогулуштарга, жерпгиликтуу өз алдынча башкаруу органдарынын ачык жыйналыштарына катышууга, өз оюн эркин айтып, талкууланып жаткан маселе боюнча өзунун сунуштарын киргизуугө;
- уставда каралган ушул укуктар өз алдынча башкаруу органдары же алардын кызматкерлери тарабынан бузулса, аларды кароо максатында тиешелуу органдарга кайрылууга;
- жамааттын башка мучөлөру тарабынан коомдук тартипти, ушул Уставдын эрежелерин бузган учурда, алардан мыйзамдардын, ушул Уставдын аткарылышын, коомдук тартипти сактоону жана укук бузуларды токтотууну талап кылууга, керек болсо жергиликтуу өз алдынча башкаруу органдарына жана укук коргоо органдарына кайрылууга;
- жамааттын жашоо шартын жакшыртуу максатында өткөрулген коомдук пайдалуу, демөөрчулук иш-чараларына (ашарларга, ишембиликтерге, демөөрчулук акцияларына, ишчараларга, марафондорго) катышууга;
- үй, көчө комитеттер турундө аймактык коомдук өз алдынча башкаруу органдарын, жаштар комитетин, аялдар кеңешин, аксакалдар кеңешин, ыктыярдуу элдик кошундарды, коомдук алдын алуу борборлорун (КААБ) жана башка коомдук уюмдарды, жамаатты, коммерциялык эмес уюмду Кыргыз Республикасынын мыйзам ченемдерине карама-каршы келбегендей тузууге же аларга мучө болуп кируугө;
- жергиликтуу бюджетги тузуугө катышууга, ошондой эле жергиликтуу бюджеттен чыгымдалып жаткан каражаттар тууралуу тушунуктуу жана жөнөкөйлөтулгөн формада маалымат алууга (жарандык бюджет);
- мыйзамдын чегинде өндуруштук тейлөөчулук (сервистик) соода жана калкка башка кызмат көрсөтуу багытындагы ишканаларды уюштурууга;
- адал мээнет, ак эмгек менен өз байлыгын арттырууга жана анын жалпы жамаат, ошондой эле өз алдынча башкаруу органдары тарабынан ишенимдуу корголушун талап кылууга;
- ушул Уставда каралган тартипте жергиликтуу жамааттын мучөлугунөн өз эрки менен чыгууга;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана ушул Уставда каралган башка укуктардан пайдаланууга. Жергиликтуу өз алдынча башкарууну жузөгө ашырууда Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган учурларды кошпогондо, жергиликтуу жамааттын мучөлөрунун укуктарын чектееге жол берилбейт жана чектее соттук тартипте даттанылышы мумкун. 7. Жергиликтуу жамааттын мучөлөрунун милдеттери
7.1. Жергиликтуу жамааттын мучөлөру расасына, этностук тиешелуулугунө, динге болгон мамилесине карабастан, төмөндөгулөргө милдетгуу:
- Кыргыз Республикасынын Конституциясын, мыйзамдарын жана башка ченемдик укуктук актыларын, ошондой эле ушул Уставды бекем сактоого;
- жергиликтуу жамааттын башка мучөлөрунун укуктарын жана эркиндиктерин урматтоого;
- жынысы, расасы, тили, майыптуулугу, этноско таандыктыгы, туткан дини, курагы, саясий же башка ишенимдери, билими, теги, мулктук же башка абалы, ошондой эле башка жагдайлары боюнча адамдарды басмырлоого жол бербөөгө;
- этностук маанидеги көйгөйлөргө өтуп кетуу ыктымалы бар социалдык жана башка характердеги конфликтерди алдын алуу боюнча укук коргоо органдарына жана жергиликтуу бийликке көмөк көрсөтуугө;
- этностук жамаатгардын маданиятынын өзгөчөлуктөрунө толеранттуу болууга;
- жамаатын өз алдынча башкаруу органдары тарабынан мыйзамдын чегинде белгиленген салыктардын жана жыйымдардын баардык турлөрун кечиктирбей өз убагында төлөөгө;
- жамааттын турмуш-тиричилик шартын жакшыртууга багытталган баардык коомдук пайдалуу жумуштарга (социалдык багыттагы обьектилерди, жолдорду, көпурөлөрду, оңдогон арыктарды, көчөлөрду, санитария боюнча тазалоого, көрктөндуруугө, жашылдандырууга жана башка максаттарында уюштурулган ашарларга) катышууга, аларды ишке ашыруу боюнча (бекитилген шарттарды, чекиттерди) нормаларды, өзгөчө кырдаалдарда жана башка шарттарда коомдук тартипти, жарандык коргонуунун талаптарын сактоого жана башка коомдук кызматтарды милдетуу турдө аткарууга;
- жамааттын ез алдынча башкаруу органдарынын мыйзам чегинде жана ушул Уставдын негизинде кабыл алынган бардык чечимдерин аткарууга; - жамааттын белгиленген ортолук менчигин тузуугө жана өнуктурууге өз салымын кошууга, аларды сарамжалдуу пайдаланууга жана сактоого; - жамаатын мучөлөрунун биргелешкен пайдалануусундагы жерди, сууну жана башка жаратылыш байлыктарын сарамжалдуу пайдаланууга.
- өз уйун, короо-жайын таза кармоого жана өз убагында оцдоп турууга, көрктөндуруугө жана жашылдандырууга, өз чарбасынан жогорку тушумду алууну камсыз кылууга;
- калктуу конуштардагы жалпы колдонуудагы жерлерде жургөндө тазалыкты сактоого;
- курчап турган табиятка (айлана-чөйрөгө) камкордук, сарамжалдуулук менен мамиле жасоого, токой, бак-дарак жана башка өсумдуктөргө жана жанжаныбарларга кыянат мамиле кылгандар менен аеосуз курөшуугө, тарихый, маданий жана табигый эстеликтерди сактоого;
- калктуу конуштарда мал кармоодо айдоолорду майкандоого, талаадагы айыл чарба өсумдуктерунун жыйналган тушумун керектееден чыгаруу же жок кылуу, бак-дарактарга зыян келтирууге жол бербөөгө, санитардык, ветеринардык жоболорду сактоого;
- мал жайууда малды Кыргыз Республикасынын «Жайыттар жөнундө» мыйзамына ылайык жайытка чыгарууга, же атайын мал жайууга ылайык жерлерге жайууга;
- турак-жай имараттарын куруу эрежелерин так сактоого, турак уйлөрду, ага жакын аймактарды пайдаланууда өрт коопсуздугунун санитардык жана ветеринардык эрежелеринин туура сакталышына көмөктөшуугө;
- мыйзамдуулукту бузуунун бардык көрунуштөрунө, коомчулуктун материалдык байлыктарына зыян келтируучулерге жана адептуулуккө көңул коштук менен мамиле жасабай ага каршы курөшуугө милдеттуу. Жергиликтуу жамааттын ар-бир мучөсу, өз аймагынын калыптанып калган шарттарына жараша, кошумча төмөндөгү өзгөчө милдеттерди жана парздарды аткарууга милдеттуу:
- ар бир ата-эненин милдети катары баланын өсуп-өнугуусунө жана билим алуусуна кам көруугө, туура тарбия беруугө жооп берүүгө;
- эмгекке жарамдуу жашы жеткен ар бир бала ата-энелерине камкордук көруугө;
- жалпы калктын ыйык парзы катары жамааттын ар бир мучөсунө гумандуулук жана боорукердик менен мамиле жасоого, жетимдерди жана ата энесинин багуусунан ажыраган балдарды, ошондой эле багар-көрөру жок кары картаңдарды, майыптарды, эмгекке жарамсыздарды камкордукка алууга жана багууга;
- улууга урмат, кичуугө ызат, аялдарга сый көрсөтуугө, араккечтике, уурулукка, баңгиликке, сойкулукка, бузукулукка, бекерпоздукка барбоого, жамааттын башка мучөлөрунун укуктарын жана эркиндигин ызаттоого, коомдук тартипти сактоого катышууга;
- ар бир уй-булө башчысы өз уй-булөөсундө ынтымактуу, бейпил турмушту камсыз кылууга, кошуна колоңдор менен тынчтыкта жашоого, уй-булөө мучөлөрун, айрыкча жаш муундарды эмгектенуугө, Ата-Мекенин, өз айылын шаарын суйуугө, патриотуулука, интернационализмге, достукка тарбиялоого; - ар бир улуттун намысын жана каада-салттарын урматгоого, улуттар аралык ынтымакты, биримдикти чьщдоого, ар бир улуттун маданиятын өркүндөтүүгө кемек көрсөтүүгө;
- айыл аймагынын, шаардын коомдук жайларында жамааттын беделин тушуруучу жосунсуз жоруктарды жасабоого, намысты бекем кармоо ыйык парз экендигин унутпоого;
- маркумду акыркы сапарга узатууда жоосунсуз жоруктарды жасоого, атап айтканда көңул айтуу сыяктуу шылтоолоп ичкилик ичуулөргө, уруксат берилгенден ашык мал союуга, жыртыш таратууга, кийит кийгизууго, доорон акы берууге катуу тыюу салынат;
- кызды күйөөгө берүү, келин алуу эки тараптын макулдашуусу менен жургузулупет жана ашыкча чыгымга жол берилбейт;
- ичкиликке, наркоманияга өтө берилген атуулдарга коомдук жаза чаралары менен таасир кылууга катышууга;
- айылдагы ар бир атуул кыргыз элинин кайрымдуулук салттарын улап, бейбечараларга, жардамга муктаждарга жардам керсетуу максатында айыл өкмөтунун алдында фонд ачылат, тушкен каражат комиссия аркылуу белуштурулуп турулат;
- уруксатсыз аңчылык кылууга жана балык уулоого, жаратылыштагы жапайы жаныбарларга, өсумдуктөргө бүлгүн салууга жол бербөөгө;
- айыл аймагындагы жол жээктериндеги муниципалдык менчиктеги бак-дарактарды айыл өкмөтунун уруксатысыз кыюуга тыюу салынат;
- ар бир айылда бада тосуу уюштурулуп бош жургөн мал болбоого тийиш. Эгин жана чеп чабынды, улуш жерлерге тушкен мал учун ээси же бадачы мыйзам чегинде жаза тартат.
- Орозо, Курбан айт, Ноорузду спирт ичимдиксиз белгилөө ар адамдын ыйык милдети деп эсептелинет.
II. Жергиликтуу өз алдынча башкаруу органдары
8. Жергиликтуу өз алдынча башкаруу жана аны ишке ашыруунун формалары 8.1. Жергиликтуу өз алдынча башкаруу - бул жергиликтуу жамааттардын жергиликтуу маанидеги маселелерди өз кызыкчылыктарында жана өз жоопкерчилиги менен өз алдынча чечуусунун Конституция менен кепилденген укугу жана чыныгы мумкунчулулугу.
8.2. Жергиликтуу өз алдынча башкарууну жарандардын жергиликтуу жамааттары түздөн-түз же жергиликтуу түз алдынча башкаруунун өкулчулуктуу (жергиликтуу кеңештер) жана аткаруу (айыл өкмөту) органдары аркылуу жүзөгө ашырышат.
8.3. Жергиликтуу жамааттын мучөлөру ошондой эле коомдук жана мамлекеттик турмуштун бардык маанилуу маселелелерин жана жергиликтуу маанидеги маселелелерди жыйындарда (чогулуштарда), курултайларда, коомдук угууларда талкуулоо, ченем чыгаруу демилгесин кеторуу жана/же жергиликтуу маанидеги өзгөчө маанилуу маселелер боюнча туз добуш беруу аркылуу жергиликтуу өз алдынча башкарууну тикелей ишке ашырышат.
8.4. Жергиликтуу жамааттын мучөлөру ошондой эле өз демилгеси, өз каражаттарынын жана башка тараптардын каражаттарынын эсебинен жергиликтуу маанидеги маселелерди чечуу аркылуу да жергиликтуу өз алдынча башкарууну ишке ашырышат.
9. Жергиликтуу өз алдынча башкаруу органдары
9.1. Кулунду айыл аймагынын жергиликтуу өз алдынча башкаруу органдары - жергиликтуу кеңештер, айыл өкмөтү өз ишин Кыргыз Республикасынын Конституциясынын, мыйзамдарынын, башка ченемдик укуктук актыларынын, ушул Уставдын негизинде жалпы калктын атынан ачык жана жергиликтуу жамааттын кызыкчылыктарында жүзөгө ашырышат, анын алдында жооптуу болушат.
9.2. Жарандар мыйзамдарга жана ушул уставга ылайык жергиликтуу өз алдынча башкаруу органдарына жана алардын кызмат адамдарына кайрылышат, ошондой эле жергиликтуу өз алдынча башкаруу органдарынын иши жөнундө маалымат алышат, жергиликтуу өз алдынча башкаруу органдарына шайланышат.
9.3. Жергиликтуу өз алдынча башкаруу органдары жана алардын жетекчилери, жергиликтуу кеңештин депутаттары мезгил-мезгили менен бирок жылына бир жолудан кем эмес жергиликтуу жамааттын мучөлөрунун алдында отчет берип турушат.
9.4. Айыл өкмөту маанилуу маселелер боюнча чечим кабыл алуунун алдында, жергиликтуу кеңештин кароосуна жалпы жамаатка тиешелуу чечимдердин долбоорлорун даярдап киргизуу учурунда жергиликтуу жамааттын мучөлөрунун пикирлерин жана сунуштарын сурап билууге, алар кабыл алынгандан кийин жамааттын мучөлөрун кабарландырууга милдеттуу.
9.5. Жергиликтуу кеңеш өзунун сессиясынын датасы жана кун тартиби жөнундө алдын ала жарандарга маалымдоого, алардын сессияга, жыйындарга катышуусуна шарт түзүүгө, ошондой эле кабыл алынган чечимдер боюнча жергиликтуу жамаатты маалымдоого милдетуу.
III. Жергиликтуу маанидеги маселелер
10. Жергиликтуу маанидеги маселелер
10.1. Жергиликтуу маанидеги маселелер - бул айыл аймагынын жашоо-турмушунун тутумунун иштешин жана енугушун уюштуруу, жергиликтуу жамааттын жашоо тиричилигин жана башка таламдарын канааттандырууну камсыз кылуу учун жергиликтуу жамааттын жана анын жергиликтуу ез алдынча башкаруу органдарынын карамагына берилген маселелер. Алар тиешелуу мыйзам жана жергиликтуу жамааттын уставы менен белгиленет, аларга өзгөртуулөрду киргизуу жолу менен езгертулет жана/же токтотулат.
10.2. Жергиликтуу маанидеги маселелердин тизмеси Мыйзамда белгиленген тизме менен биротоло бутту деп эсептелбейт. Жергиликтуу жамааттар менен жергиликтуу өз алдынча башкаруу органдары мамлекеттик органдардын компетенциясына кирбеген жана КР мыйзамдарында карама-каршы келбеген шартта өздөрунун географиялык, салттык, этностук, чек-аралык жана башка өзгөчөлуктөрунө байланыштуу жергиликтуу маанидеги кошумча маселелерди жергиликтуу жамааттын Уставында белгилееге укуктуу.
10.3. Жергиликтуу маанидеги маселелерди чечуу боюнча жергиликтуу өз алдынча башкаруу органдарынын жана жергиликтуу жамааттын өз ара мамилелеринин тартиби Кыргыз Республикасынын мыйзамы, башка ченемдик укуктук актылары, ошондой эле жергиликтуу жамааттын уставы менен белгиленет.
10.4. Жергиликтуу маанидеги маселелерди чечуунун натыйжалары боюнча жергиликтуу өз алдынча башкаруу органдары жана жергиликтуу жамааттын жарандардын демилгеси боюнча өз алдынча тузулген топтору тиешелуу аймактын жергиликтуу жамаатына отчет берет.
11. Мыйзамда белгиленбеген жергиликтуу маанидеги маселелерди аныктоонун тартиби
11.1. Маселени жергиликтуу маанидеги деп табуу учун ал жергиликтуу муктаждыктын жана кызыкчылыктын болушу, мамлекеттик же башка тараптардын эч кимиси аны чечпей жатышы, аны чечуу учун ресурстарды табуунун мумкунчулугунун бардыгы, аны аткаруучу субъектилердин (жергиликтуу өз алдынча башкаруу органдары, жамаат) отчеттуулугу сыяктуу критерийлерге туура келууге тийиш.
1 1.2. Төмөнку тизмедеги маселелер жергиликтуу маанидеги маселелер катары жергиликтуу жамааттын уставына киргизилиши мумкун:
көчөлөрдү, суу курулмаларын оңдоп-түзөө жөнгө салууга көмөк көрсөтүү;
коомдук пайдалануудагы жерлердеги бак-дарактарды өстурууну жана коргоону женге салууга кемек көрсөтү;
калктуу конуштарда мал, ит, мышык жана канаттуларды кармоону жана багууну женге салууга көмөк көрсөтуу;
калктуу конуштарда жалпы пайдалануудагы жерлерди кутууну жана пайдаланууну женге салууга кемек көрсөтүү;
калктуу конуштарда жалпы пайдалануудагы сугат суусун колдонууну жөнгө салууга көмөк көрсөтүү;
калктуу конуштарда жалпы пайдалануудагы ичуучу сууну колдонууну жөнгө салууга көмөк көрсөтүү;
калктуу конуштарда жазгы айдап-себуу жана кузгу оруп-жыюу жумуштарынын мезгилинде калк менен кызмат көрсөтуучу механизаторлордун ортосундагы мамилелерди жөнгө салууга калктуу конуштарда коомдук тартипти сактоого көмөк көрсөтүү;
жергиликтуу жамааттын ичиндеги ийкемдуу мамиле, жашоого жагымдуу маанай тузуу, жергиликтуу журум-турумду, адеп-ахлакты бекемдееге, элдик каада-салты сактоого жана өнуктуруугө көмөк көрсөтүү;
жергиликтуу жамааттын мучелерунун арасындагы ар кандай пикир келишпестиктерди, чыр-чатактарды чечууге көмөк көрсөтүү;
үй бүлөлүк салтанаттарды өткөрууну жөнгө салууга көмөк көрсөтүү; маркумду акыркы сапарга узатуу, эскеруу иш чараларын өткөрууну жөнгө салууга көмөк көрсөтүү .
11.3. Жергиликтуу жамаат өзу ушул уставга ылайык аныктаган Мыйзамда белгиленбеген жергиликтуу маанидеги маселелерди чечуу боюнча эрежелерди иштеп чыгат, колдонууга киргизет жана сакталышын, аткарылышын көзөмөлдөйт.
12. Жергиликтуу жамааттын жергиликтуу маанидеги маселелерди чечуугө катышуусу, бул учурдагы жергиликтуу өз алдынча башкаруу органдары менен өз ара мамилелеринин тартиби.
Демилгечи топтор
12.1. Жынысына, расасына, улутуна, тилине, туткан динине, кызматтык жана мулктук абалына кез карандысыз 16 жашка толгон жергиликтуу жамааттын мучелеру жергиликтуу жамаатты социалдык-экономикалык енуктуруу программаларын (мындан ары - СЭ0П) натыйжалуу ишке ашыруу, аймактын турмуш-тиричиликтик тутумдарын енуктуруу, калкка зарыл болгон мамлекеттик жана мунициалдык кызматтарды керсетуу максаттарында жергиликтуу маанидеги маселелерди чечуудө жергиликтуу ез алдынча башкаруу органдары менен өз ара аракетте катышууга укуктуу.
12.2. Жергиликтуу жамааттын жергиликтуу маанидеги маселелерди чечуугө катышуусу жамааттын мучөлөрунун жамааттын муктаждыктарын жергиликтуу өз алдынча башкаруу органдары менен биргелешип же өз алдынча иликтөөсү аркылуу жүзөгө ашырылат.
12.3. Жергиликтуу жамааттын муктаждыктарын биргелешип иликтөө процессинде, ыктыярдуу негизде айыл өкмөтү жана /же жергиликтуу жамааттын мучөлөру ар кайсы тармактар боюнча демилгечи топторду тузөт, аткаруу меенеттерун, ресурстарын, аткарууга жооптууларды белгилейт. Бул учурда жергиликтуу өз алдынча башкаруу органдарынын жана жергиликтуу жамааттын артыкчылыктуу көйгөйлөрун табуу, аларды чечуу боюнча иш чараларды аныктоо, бул тууралуу айылдык аймактын жашоочуларынын ой-пикирлерин жана кызыкчылыктарын эске алуу ишке ашырылат.
12.4. Жамаааттын муктаждыктарын биргелешип иликтее процессине төмөнкулөр катыша алышат:
- жергиликтуу жамааттын жигердуу мучөлөру;
- жергиликтуу кеңештин депутаттары;
- айыл өкмөтунун аппаратынын кызматкерлери;
- мамлекеттик уюмдардын, ишканалардын, мекемелердин, мамлекеттик органдардын аймактык бөлумчөлөрунун, коммерциялык жана коммерциялык эмес уюмдардын, коомдук бирикмелердин өкулдөру.
12.5. Айыл екмету жумушчу жолугушуулардын натыйжалары боюнча жыйынга (чогулушка), коомдук угууга төмөнкулөрду алып чыгат:
- жамааттын муктаждыктарын биргелешип иликтөөнун натыйжалары;
- өнуктуруу программаларын жана пландарын (анын ичинде СЭ0П, БАП ж.б.);
- тандалып алынган багыттар боюнча демилгечи топтордун санын;
- жергиликтуу жамаат менен макулдашуу (езгертуу, толуктоо) учун демилгечи топтордун мүчөлөрүнүн тизмесин.
12.6. Демилгечи топтордун саны жана алардын курамы, жергиликтуу жамааттын кичи кенеши менен макулдашылат, андан кийин айыл өкмөтунун башчысынын чечими менен бекитилет.
12.7. Биргелешкен аракеттер Планынын долбоору жергиликтуу жамаат менен жыйында (чогулушта), коомдук угууларда макулдашылат, катышуучулардын сын-пикирлери жана сунуштарын эске алуу менен жергиликтуу кенеш тарабынан бекитилет. Бул маалымат жергиликтуу өз алдынча башкаруунун аткаруучу органынын расмий сайтына же болбосо маалыматтык тактайында илинуу жолу менен жалпы элге маалымдалат.
12.8. Социалдык-экономикалык өнугуу жана калкты социалдык коргоо программасы айыл өкмөту тарабынан иштелип чыгат жана Кыргыз Республкасынын Бюджеттик кодексинин талаптарына ылайык жергиликтуу кенеш тарабынан бекитилет.
12.9. Жергиликтуу жамааттын социалдык-экономикалык өнугуу жана калкты социалдык коргоо программасынын долбоорун талкуулоо боюнча коомдук угууларды өткөрөт.
Талкуунун жыйынтыгы боюнча социалдык экономикалык өнугуу жана калкты социалдык коргоо программасы жана жергиликтуу бюджеттердин артыкчылыктары кезектеги бюджеттик жылдан мурунку жылдын 1-июнунан кечиктирилбестен жергиликтуу кеңеш тарабынан бекитилет.
13. Биргелешкен мониторинг жана баа беруу
13.1. Жамааттын артыкчылыктуу маселелерин аныктоо жана чечуу боюнча ачыктыкты, айкындыкты камсыз кылуу жана жергиликтуу жамааттын мучөлөрун жергиликтуу коомдук маанилуу чечимдерди кабыл алууга тартуу, ошондой эле жергиликтуу жамааттын, донор уюмдардын жана жергиликтуу өз алдынча башкаруу органдарынын өнугушунө чегерилген каражаттарынын натыйжалуулугун жогорулатуу максатында биргелешкен мониторинг жана баа беруу боюнча иш чаралары жургузулет.
13.2. Биргелешкен мониторинг жана баа беруунун максаттары төмөнку болуп саналат:
- жергиликтуу өз алдынча башкаруу органдарынын иш-аракеттерине жана муниципалдык кызматтардын сапатына баа беруу жана мониторинг жургузуу;
- айылдык аймактын территориясында жергиликтуу жана (же) республикалык бюджеттен, эл аралык жана башка донор уюмдардын, спонсорлордун жана башка мыйзамдар менен тыюу салынбаган булактардан каржыланып ишке ашырылуучу жергиликтуу демилгелердин /долбоорлордун/ программалардын иш жузуне ашыруу натыйжаларына мониторинг жургузуу жана баа беруу;
- жергиликтуу демилгелерди/долбоорлорду/программаларды ишке ашыруу процессии, ошондой эле муниципалдык кызматтарды жакшыртуу боюнча сунуштамаларды иштеп чыгуу;
- этностор аралык конфликтерди алдын алуу жана болтурбоо максатында шаардын же айылдык аймактын чегинде этностор аралык мамилелерге мониторинг жургузуу.
13.3. Жогоруда керсетулген милдеттерди аткаруу учун жергиликтуу кецеш биргелешкен мониторинг жана баа беруу боюнча жумушчу топ тузууге укуктуу. Жергиликтуу кецеш ушул Уставдын 27.2. пунктунда көрсөтулгөн маселелер боюнча кошумча биргелешкен мониторинг жана баа беруу боюнча жумушчу топторду тузууге укуктуу. Биргелешкен мониторинг жана баа беруу боюнча жумушчу топтордун ишаракеттеринин тартиби жергиликтуу кеңеш тарабынан аныкталат.
13.4. Биргелешкен мониторинг жана баа беруу боюнча топтун курамына жергиликтуу кецештин депутаттары, демилгечи топтордун, коммерциялык эмес уюмдардын өкулдөру, жергиликтуу жамааттын мучөлөру жана башка жактар кируугө укуктуу. Топтун курамы жергиликтуу кеңеш тарабынан бекитилет.
13.5. Айыл өкмөту ушул Уставдын 15.1.-15.2. пункттарында көрсөтулгөн максаттарга жетүүгө жана маселелерди чечуу учун өзунун компетенциясына кирген маселелер боюнча биргелешкен мониторинг жана баа беруу топторун түзүүгө укуктуу.
13.6. Биргелешкен мониторинг жана баа беруу тобунун иштеринин натыйжалары маалыматтык керегелерге илинет, жарыяларда, жалпыга маалымдоо каражаттарында таратылат, ошондой эле талкуулоо учун жыйындарга (чогулуштарга), коомдук угууларга, курултайларга зарылчылыгына жараша киргизилет.
14. Аймактык коомдук өз алдынча башкаруу
14.1. Жергиликтуу жамааттын мучелеру, ченемдик укуктук актыларга ылайык, жашаган жери боюнча жергиликтуу маанидеги маселелерди өз демилгелери жана өзунун жоопкерчилиги менен өз алдынча чечуу учун же айыл аймагынын бөлугундө ишке ашыруу учун аймактык коомдук жергиликтуу өз алдынча башкаруу органдарын уюштурууга укуктуу.
14.2. Аймактык коомдук өз алдынча башкаруу органдары аймактык коомдук ез алдынча башкаруу кеңеши, көчө жана үй комитеттери турунде түзүлөт.
14.3. Аймактык коомдук өз алдынча башкаруулардын аймактарынын чектери жашоочулардын сунуштарын эске алуу менен жергиликтуу кеңеш тарабынан белгиленет.
14.4. Аймактык коомдук өз алдынча башкаруу алар жергиликтуу кеңеш тарабынан каттоого алынган учурдан тартып өз статустарына ээ болушат. Аймактык коомдук өз алдынча башкаруу ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте юридикалык жак статусуна алууга укуктуу.
14.5. Жергиликтуу өз алдынча башкаруу органдары аймактык коомдук өз алдынча башкаруу органдарына келишимдик негизде жергиликтуу маанидеги айрым маселелерди еткеруп бериши мумкун. Ошондой эле аларга ыкчам башкарууга чарбалык объекттерди, турак жай жана турак жай эмес фондду, ошондой эле өзунун материалдык жана башка ресурстарынын бир белугун өткөруп берууге укуктуу.
14.6. Аймактык коомдук ез алдынча башкаруу органдары өздөрун шайлаган жарандардын чогулушуна жана аларды каттаган жергиликтуу кеңешке отчет берет.
IV. Жергиликтүү жамааттын жергиликтуу өз алдынча башкарууну жүзөгө ашырууга түз катышуу формалары
15. Жергиликтүү жамааттын курултайы
15.1. Айыл аймагында жалпы кызыкчылыктарды жараткан өтө маанилуу маселелерди, анын ичинде жергиликтуу жамааттын жашоо-турмушуна тиешелуу жергиликтуу маанидеги маселелерди жамааттын мучөлөру менен талкуулап, сунуштама турунде коллективдуу чечим кабыл алуу учун айыл аймагынын жергиликтуу жамаатынын өкулдөрунун жыйыны - жергиликтуу жамааттын курултайы (мындан ары - курултай) чакырылат. Курултайдын делегаттары (жергиликтуу жамааттын өкулдөру) жарандардын жыйындарында (чогулуштарында) жергиликтуу жамааттын өкулдөрунун ичинен шайланат.
15.2. Курултайдын ишин уюштуруу конституциялык мыйзамда, Кыргыз Республикасынын Президентинин Жарлыгы менен бекитилген Жободо жана ушул уставда каралган тартипте жургузулөт.
15.3. Курултай төмөнкулөрду камтуу менен жергиликтуу жамааттардын турмуштук мааниге ээ болгон бардык маселелерин кароого укуктуу: - жергиликтуу жамааттардын Уставын кабыл алуу, ага езгертуу жана толуктоо киргизуу;
- өнуктуруу программаларын жана пландарын, ошону менен бирге жергиликтуу жамаат менен жергиликтуу өз алдынча башкаруу органдарынын биргелешкен аркеттер пландарын, аймактын социалдык-экономикалык өнуктуруу жана жергиликтуу калкты социалдык коргоо программаларынын долбоорлорун (мындан ары - СЭ0П, БАП ж.б.); - жергиликтуу жамааттардын аймагында өзун-өзу каржылоону, өзун-өзу камсыз кылууну, өзун-өзу жөнгө салууну уюштуруунун негизги принциптерин жана эрежелерин бекитуу;
- жергиликтуу жамааттардын жергиликтуу бюджетин, ошондой эле бюджеттен тышкаркы каражаттарын тузуу, аткаруу жана пайдалануу; - коомдук тартипти коргоо боюнча негизги эрежелерди жана иш-чараларды белгилее, майрамдарды, журуштерду жана диний ырым-жырымдарды, башка ишчараларды уюштуруунун жергиликтуу жамааттардын турмуш-тиричилигине таасир этиши мумкун болгон экологиялык жана санитардык талаптарды сактоо;
- өзгөчө кырдаалдарда жана коомчулуктун таламында жергиликтуу жамааттардын кучун жана каражатын моблизациялоону талап кылган башка шарттарда жергиликтуу жамааттардын мучөлөрунун коомдук кызмат өтүүсү боюнча милдеттуу нормаларды белгилөө;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана жергиликтуу жамааттардын Уставына карты келбеген, жергиликтуу жамааттардын турмуштиричилигине тиешеси бар башка маанилуу маселелерди кароо.
15.4. Курултайдын чечимдери сунуштама турунде болот жана жергиликтуу өз алдынча башкаруунун аткаруучу органынын башчысынын катышуусу менен жергиликтуу кеңеште милдеттуу турде каралат. Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана ушул Уставга карама карты келбеген жергиликтуу жамааттын курултайынын чечимдери жергиликтуу кеңеш жактыргандан кийин айыл аймагынын бардык жеринде аткаруу учун милдеттуу болуп саналат. Курултайды чакыруу, анын кун тартиби жана еткеруу датасы жергиликтуу кецеш тарабынан кабыл алынат. Жергиликтуу жамааттын курултайын даярдоо жана еткеруу жергиликтуу өз алдынча башкаруунун аткаруучу органына жуктөлөт.
15.5. Курултайдын делегаттары жергиликтуу жамааттын мучөлөрунун санына жана айыл аймагынын өзгөчөлуктөрунө жараша жергиликтуу кеңеш тарабынан белгиленген өкулчулуктун нормаларына ылайык, жергиликтуу жамааттын мучөлөру жашаган жери боюнча айылдык жыйналыштарда (чогулуштарда) шайланат. Эгерде айыл аймагы бирден ашык калктуу пунктан, аймактык бирдиктен турса, анда екулчулуктун нормасы пропорционалдуу турдө алардын ар биринин калкынын өкулчулугун эске алуу зарыл.
15.6. Кун тартибин көрсөтуу менен курултайды чакыруу демилгеси жергиликтуу кеңешке, айыл өкмөтунун башчысына, жергиликтуу жамааттын демилгечи тобуна тийиштуу болот.
15.7. Жергиликтуу жамааттын демилгечи тобунун демилгесинин негизинде курултайды чакыруудан баш тартуу сотко даттанылышы мумкун.
16. Жергиликтуу жамааттын кичи кеңеши
16.1. Калыптанып калган практикага ылайык айыл аймактары айылдардан (калктуу конуштардан) турат. Алар территориясы боюнча аймактык коомдук башкарууларга, көчөлөргө бөлунгөн.
16.2. Курултайлардын аралыгында (ортосунда) жергиликтуу жамааттын ишмердуулугун уюштуруу максатында курултайдын чечими менен айыл аймагынын буткул территориясын камтыгандай турдо бардык аймактык коомдук башкаруулардан, айылдардан, көчө комитеттеринен бир жылга шайланган бирден өкул, айыл аймагынан сыртта жашаган жердештик коомдордун башчылары, жергиликтуу жамааттын мучөлөру тузгөн коомдук уюмдардын жетекчилери курамына кирген Жергиликтуу жамааттын кичи кеңеши (мындан ары-Кичи кеңеш) тузулөт.
16.3. Кичи кеңешке жергиликтуу курултайдын төрагасы жетекчилик кылат.
16.4. Кичи кеңеш жергиликтуу жамааттын аймагында жергиликтуу жамааттын мучөлөру аймактык коомдук өз алдынча башкаруу органдарын, жаштар комитетин, аялдар кеңешин, карыялар кеңешин, аксакалдар сотун, ыктыярдуу элдик кошундарды, коомдук алдын алуу борборлорун (КААБ), коммерциялык эмес уюмдарды жана башка коомдук уюмдарды тузушунө туртку берет жана көмөк көрсөтөт.
16.5. Кичи кеңеш жергиликтуу өз алдынча башкаруу органдары, жергиликтуу жамааттын мучөлөру менен бирдикте иш алып барат.
16.6. Кичи кеңеш туруктуу жана ыкчам байланышта болуу учун жергиликтуу жамааттын мучөлөрун тартуу менен вотсап-топторун тузөт.
16.7. Жергиликтуу жамаатта болуп жаткан жагдайды терең билуу, өздөрунө ашыкча жук албоо учун Кичи кеңештин мучөлөру багытгар боюнча иш бөлуштуруп алышат.
16.8. Кичи кеңеш жергиликтуу жамааттын пикири, сунушу, макулдугу зарыл болгон учурларда жергиликтуу өз алдынча башкаруу органдары уюштуруп жаткан иш чараларына толук курамы менен катышат, кызыкчылыгына жараша аймактык коомдук башкаруулардын, айылдардын, көчө комитеттеринин элин катышууга чакырат. Ишчараларына катышуу тууралуу кезектеги курултайда билдируу берет.
16.9. Кичи кеңеш жергиликтуу жамааттын уставынын жол-жоболорун тушундурөт жана жамааттын арасында таратат, уставдын сакталышына, аткарылышына көзөмөлдук жургузет.
16.10. Кичи кеңеш Кыргызстандын шаарларындагы жана чет өлкөлөрдөгү жердештик коомдор менен байланыш тузөт жана алардын мучөлөрун, ыктыярдуу каражатгарын айыл аймагын өнуктуруугө тартат.
17. Жергиликтуу жамааттын мучөлөрунун жыйындары (чогулуштары)
17.1. Жергиликтуу маанидеги маселелер боюнча жергиликтуу жамааттын мучелерунун пикирлерин эске алуу, жергиликтуу кецештин депутаттарынын жана жергиликтуу өз алдынча башкаруунун аткаруучу органдарынын маалыматтарын угуу жана талкуулоо максатында бир көчөнун, айыл аймагынын бөлугундө жергиликтуу жамааттын мучөлөрунун жыйыны (чогулушу) өткөрулөт.
17.2. Жыйындарда (чогулуштарда) төмөндөгү маселелер каралат:
- жергиликтуу жамааттын уставынын долбоору, ошондой эле жергиликтуу жамааттын уставына езгертуулерду жана толуктоолорду киргизуу женунде ченемдик укуктук актынын долбоору; - айыл аймагын өнуктуруунун программаларынын жана пландарынын долбоорлору (анын ичинде СЭ0П, БАП ж.б.) жана аларга өзгөртуулерду киргизуу жөнундө долбоорлор; - айыл аймагынын, кварталдын, кеченун белгилуу болгон өзгөчө көйгөйлөрүн чечуу боюнча биргелешкен аркеттердин планы; - айылдык аймакта этностор аралык мамилелерди жакшыртуу, этностор аралык конфликттерди болтурбоо боюнча алдын алуу жумуштарын жургузуу; - жергиликтуу жамааттын муниципалдык менчигин пайдалануунун жана тескөөонүн тартибин белгилөө; - ичуучу сууну, сугат сууну пайдалангандыгы (эгер болсо канализация, жылуулук менен камсыз кылуу), ошондой эле тиричилик калдыктарын жана башкаларды жыйноо жана чыгаруу учун тарифтерди талкуулоо; - турак жай фондусун, турак жай-коммуналдык чарбаны өнуктуруу жана көчөлөрду, айылдарды көрктөндуруу; - аймакты куруунун башкы планы, архитектура куруунун нормаларын жана эрежелерин сактоо маселелери; - жергиликтуу жамааттар демилгелеген (элдик демилге) ченемдик укуктук актылардын долбоорлору; - айыл башчысынын кызмат ордуна талапкерлерди кароо; - жергиликтуу кеңештин депутаттарынын, айыл өкмөтунун башчысынын бир жылдагы ишинин жыйынтыктары жөнундө маалыматтарын угуу; - айыл аймагынын территорияларынын чектеринде айыл аймактарын, калктуу конуштарды тузуу жана жоюу тууралуу маселелерди талкуулоо, алардын чек араларын белгилөө жана өзгөртуу, административдик борборун белгилөө жана которуу, калктуу конуштардын категорияларын аныктоо, айыл аймагын, айылдарды, көчөлөрду атоо жана кайра атоо, ошондой эле алардын аталыштарындагы транскрипцияларды өзгөртуу; - жергиликтуу жамааттын турмуш-тиричилигин камсыз кылууга байланышкан башка маселелер.
17.3. Жыйындар (чогулуштар) айыл өкмөтунун башчысы, жергиликтуу кеңештин депутаттары тарабынан, ошондой эле жергиликтуу жамааттын мучөлөрунун (демилгечи топтун) сунуштары боюнча зарылчылыкка ылайык, бирок жылына эки жолудан аз эмес, жергиликтуу жамааттын мучөлөрун алдын ала кабарлоо менен чакырылат.
17.4. Кечиктирилгис маселелерди чечуу учун жыйындар (чогулуштар) айыл өкмөтунун башчысы, жергиликтуу кеңеш же анын төрагасы тарабынан белгилеген мөөнөттө жергиликтуу жамааттын мучөлөрунө жана кызыкдар адамдарга шашылыш тартипте алдын ала кабарлоо менен чакырылышы мумкун.
17.5. Жыйындарда (чогулушта) талкууланып жаткан маселелер боюнча жергиликтуу жамааттын мучөлөрунөн тушкөн суроолорго, сунуштарга, сын пикирлерге жооптор мумкунчулуккө жараша ошол жерде берилет, ошол жерде жооп берууге мумкун болбой калган учурда жергиликтуу өз алдынча башкаруу органдары тарабынан 3 кундун ичинде каралат, алардын жыйынтыктары суроолорду, сунуштарды, сын-пикирлерди берген жыйындын (чогулуштун) катышуучуларына жазуу жузунде маалымдалат.
17.6. Жыйындарды (чогулуштарды) өткөруу менен байланышкан чыгымдар жергиликтуу бюджеттин каражаттарынын эсебинен жабылат.
18. Жыйынды (чогулушту) өткөрууну демилгелеенун, уюштуруунун жана өткөруунун тартиби
18.1. Жыйындарды (чогулуштарды) өткөрууну жергиликтуу жамааттын мучөлөру (демилгечи топтор), жергиликтуу кеңеш же жергиликтуу кеңештин депутаттары, айыл өкмөтунун башчысы демилгелей алышат.
18.2. Жергиликтуу жамааттын мучөлөру жыйынды (чогулушту) өткөруу боюнча саны 11-15 адамдан кем эмес демилгечи топту тузуугө укуктуу. Жергиликтуу жамааттын мучөлөру жана жергиликтуу өз алдынча башкаруу органдары тарабынан демилгечи топтун мучөлөрунун мындан башка дагы саны белгилениши мумкун. Демилгечи топ айыл өкмөтунун башчысына, жергиликтуу кеңештин терагасына чогулуш өткөруу жөнундө кайрылуу жөнөтөт.
18.3. Жыйынды (чогулушту) өткөрууну демилгелеген кайрылуу өзунө төмөнкулөрду камтышы керек:
- кароого киргизилип жаткан маселени (маселелерди), жыйынды (чогулушту) еткеруунун зарылдыгы женунде негиздемени; - иш-чарага катышуучуларынын божомолдуу санын (айыл аймагынын, айылдардын, айылдык аймактын);
- иш-чараны өткөруу болжолдонгон орунду; - демилгечи топтун мучөлөру жөнундө маалыматтарды (алардын фамилияларын, ысымдарын, атасынын аттарын, жашаган даректерин).
18.4. Кайрылуу айыл өкмөтунун башчысына же жергиликтуу кеңештин терагасына келип тушкен (катгалган) кунден тартып 14 кундун ичинде каралат.
18.5. Кайрылууну кароонун жыйынтыктары боюнча айыл екметунун башчысы жыйынды (чогулушту) еткеруу женунде чечим кабыл алат жана аларды өткөрууну уюштурат, же болбосо аны өткөруудөн баш тартат. Кайрылууну кароонун жыйынтыктары боюнча жергиликтуу кеңештин төрагасы кайрылуу менен макул болгон учурда айыл өкмөтунун башчысына жыйынды (чогулушту) өткөрууну тапшырат же болбосо аларды өткөруудөн баш тартат.
18.6. Жыйынга (чогулушка) эгерде ага тийиштуу аймактын ( айыл аймагынын, айылдардын) шайлоо укугуна ээ болушкан жашоочуларынын___пайызы катышса, же жыйынга (чогулушка) чакырылгандардын ___ пайызы катышса, жыйын (чогулуш) укуктуу болуп эсептелет. (Жыйындын (чогулуштун) укуктуулугун аныктаган катышуучулардын саны жергиликтуу жамаат жана жергиликтуу өз алдынча башкаруу органдары тарабынан белгиленет:
мисалы, 40 адамдан кем эмес катышса укук ченемдуу болот, чакырылгандардын жарымынан кебу катышса, бир көчөнун, айыл аймагынын/айылдык аймактын жашоочуларынын жарымынан көбу катышса ж.б.).
18.7. Тийиштуу аймактын (көчөнун, айылдардын, айыл аймагынын, шаардын) жашоочуларынын, же чогулушту өткөруу учун чакырылган катышуучулардын зарыл саны болбогон учурда, жыйын (чогулуш) катышуучулардын макулдугу менен белгилуу меенетке жылдырылат.
19. Жергиликтуу жамааттын мучөлөрунун ченем жаратуу (элдик) демилгеси 19.1. Жергиликтуу жамааттын мучөлөру жергиликтуу маанидеги маселелер боюнча ченем жаратуу (элдик) демилгесин кетеруу укугуна ээ. Жергиликтуу жамааттын мучелеру тарабынан ченем жаратуу демилгеси тартибинде иштелип чыккан жана жергиликтуу кеңешке киргизилген токтомдун долбоору милдеттуу турдо демилгечилердин жана башка кызыкдар тараптардын өкулдөрунун катышуусунда каралууга жатат.
19.2. Ченем жаратуу демилгесин ишке ашырууга чет элдик жарандар, мыйзам тартибинде аракетке жендемсуз деп таанылган, ошондой эле соттун өкуму боюнча эркиндигинен ажыратылган жерде кармалган жарандар катыша албайт.
19.3. Элдик ченем жаратуу демилгени ишке ашырууга Кыргыз Республикасынын бардык аймагында - айыл аймагында согуштук же өзгөчө кырдаалдар киргизилген шарттарда жол берилбейт.
19.4. Ченем жаратуу демилгеси иретинде Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына карама карты келген жергиликтуу кеңештин токтомунун долбоорлору жергиликтуу кеңешке киргизилиши мумкун эмес.
19.5. Жергиликтуу кецештин токтомунун долбоорун демилгелөө жана киргизуу тууралуу сунуш менен чыккан жергиликтуу жамааттын мучөлөру элдик демилгени ишке ашыруу учун курамы 7-11 адамдан турган демилгечи топту тузушөт. Айыл аймагында жашап турган жана 18 жашка чыккан жергиликтуу жамааттын мучесу демилгечи топтун мучесу боле алат (Демилгечи 18 топтун мучөлөрунун саны жергиликтуу жамааттын жана жергиликтуу өз алдынча башкаруу органдары ыктыяры менен белгиленет).
19.6. Демилгечи топ токтомдун долбоорун демилгелеген жергиликтуу жамааттын мучөлөрунун керектуу санынын колу коюлгандыгын тастыктаган баракчаларды топтоп буткенден кийин токтомдун долбоорун жергиликтуу кеңешке киргизет.
Эскертуу Жергиликтуу ченем жаратуу демилгесине укуктуу жергиликтуу жамааттын мучөлөрунун саны Бишкек, Ош шаарларында 5000 адамды, калкынын саны 20001ден жана андан жогору шаарларда жана айылдык аймактарда 1000 адамды, калкынын саны 6001ден 20000 ге чейинки шаарларда жана айылдык аймактарда 600 адамды, калкынын саны 6000ге чейинки шаарларда жана айылдык аймактарда 300 адамды тузот.
19.7. Токтомдун долбоорун киргизуу учун демилгечи топ токтомдун долбоорун демилгечи топтун өкулдөрунун катышуусу менен жергиликтуу кеңештин кезектеги (кезексиз) сессиясында кароо жөнундө арыз менен жергиликтуу кеңештин терагасына кайрылат.
19.8. Токтомдун долбоорун кароо тууралуу арызга төмөндөгулөр кошо тиркелет:
- токтомдун долбоорун жергиликтуу кеңештин кароосуна киргизуу тууралуу чечим кабыл алынган демилгечи топтун жыйналышынын протоколу;
- токтомдун долбоорунун текста, ошондой эле анын электрондук версиясы; - маалымкат-негиздеме;
- жергиликтуу кецештин мурда кабыл алынган токтомуна өзгөртуулөр жана/же толуктоолор киргизилген учурда салыштырма таблица;
- төмөндөгу маалыматтар (жергиликтуу жамааттын мучөсунун фамилиясы, аты, атасынын аты, туулган датасы, жашаган (туруктуу) жери, паспортунун сериясы жана номери, жергиликтуу кеңешке демилгечи топ даярдаган токтомдун долбоорун киргизуу учун коюлган колу) камтылган кол коюу барагы.
19.9. Элдик демилге иретинде жергиликтуу жамааттын мучөлөру тарабынан киргизилген жергиликтуу кеңештин токтомунун долбоору жергиликтуу кеңеш тарабынан милдеттуу турде эң жакынкы өтө турган кезектуу (кезексиз) туруктуу комиссиянын жыйынында жана жергиликтуу кенештин сессиясында каралууга жатат. Аталган долбоорду жергиликтуу кецештин туруктуу комиссиясынын жыйынында жана сессиясында кароо демилгечи топтун мучөлөрунун милдеттуу турде катышуусу менен жургузулет.
19.10. Жергиликтуу кеңеш мөөнөтунөн мурда ишин токтоткон учурда жергиликтуу жамааттын мучөлөру тарабынан киргизилген токтомдун долбоору өз кучун сактап калат жана жаңы чакырылыштагы жергиликтуу кеңеш тарабынан каралууга жатат.
19.11. Жергиликтуу жамааттын элдик демилге укугун эркин ишке ашырууга куч колдонуу, коркутуу, алдоо, сатып алуу же башка жолдор менен тоскоолдук кылган, жергиликтуу кецеш токтомдун долбоорун киргизуу женунде угуттее жургузууге бөгөт болгон адамдар, ошондой эле документтерди, кол коюу барагындагы жарандардын колдорунун аныктыгын бурмалаган мамлекеттик органдардын жана жергиликтуу ез алдынча башкаруу органдарынын кызмат адамдары Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте жоопкерчиликке тартылышат.
20. Коомдук угуулар. Коомдук угууларды уюштуруунун жана өткөрүүнүн тартиби
20.1. Коомдук угуулар - калктын кызыкчылыгын эске алуу менен жамааттын турмушунун маанилуу маселелери боюнча калктын пикирин иликтеп билуу, иликтееге катышуучулардан сунуштарды жана рекомендацияларды алуу, оптималдуу, таразаланган чечимдерди табуу учун жергиликтуу өз алдынча башкаруу органдарынын демилгеси боюнча өткөрүлүүчү, ачык талкуу формасында уюштурулган иш-чара.
20.2. Коомдук угуулар жергиликтуу өз алдынча башкаруу органдары тарабынан сунуш кылынган чечимди коомчулук канчалык колдоорун тушунуугө мумкунчулук тузөт, калкка талкууланган маселе боюнча өзунун ой пикирин айтууга, жергиликтуу өз алдынча башкаруу органдарынын, мамлекеттик органдардын аймактык бөлумчөлөүнүн жетекчилеринен суроого жооп алуугу, жергиликтуу өз алдынча башкаруу органдарына өз жумуштарынын сапаты жөнундө жана алардын жасаган жумушуна элдин канааттануусу жөнундө билуугө, зарыл болгон учурда ез иш-аракеттерин элдин кызыкчылыктарын эске алуу менен оңдоп түзөөгө мумкунчулук берет.
20.3. Коомдук угууларды уюштуруу жана өткөрүү жергиликтуу өз алдынча башкаруунун аткаруу органына ( айыл өкмөтүнө) жүктөлөт жана жергиликтуу бюджеттин каражаттарынын эсебинен жузөгө ашырылат.
20.4. Коомдук угуулар офлайн же/жана онлайн формаларында уюштурулушу жана өткөрулушу мумкун. Коомдук угууну уюштуруу жана өткөруу формасын жергиликтуу өз алдынча башкаруу органдары аныктайт. Жергиликтуу бюджетти тузуу жана аткаруу боюнча коомдук угууларды онлайн формасында уюштуруу жана өткөруу тартиби Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетиниин ыйгарым укуктуу органы тарабынан иштелип чыгып колдонууга сунушталат.
20.5. Коомдук угууларга алып чыгарылуучу маселелер: - жергиликтуу бюджетти тузуу жана аткаруу;
- өнуктуруу программаларынын жана пландарынын долбоорлору (анын ичинде СЭОП, БАП ж.б.); - муниципалдык менчикти башкаруу (муниципалдык жерлерди, объекттерди ж. б. сатуу, ижарага беруу, пайдалануу); - ичуучу жана сугат суу боюнча, канализация, жылуулук менен жабдуу, турмуштиричилик калдыктарды жыйноо жана ташып чыгаруу ж. б. тарифтерди бекитуу; - жергиликтуу жамааттын жашоо-турмушун камсыз кылуу менен байланышкан башка маселелер. Жергиликтуу жамаат учун өзгөчө мааниге ээ болгон маселе боюнча жергиликтуу жамааттын ой пикирин дыкат иликтөө, угуу, талкуулоо, сунуштамаларды чогултуу жана маалыматтарды алмашуу максаттарында коомдук угууга бир гана маселени алып чыгуу сунушталат.
20.6. Коомдук угуулар жергиликтуу өз алдынча башкаруу органдары тарабынан төмөнкү учурларда милдеттуу турдө өткөрүлөт:
- жергиликтуу бюджетти тузуу жана аткаруу боюнча маселелерди талкуулоодо; - енуктуруу программаларынын жана пландарынын долбоорлорун талкулоодо (анын ичинде СЭОП, БАП ж.б.); - муниципалдык мулкту башкаруу стратегиясын долбоорун бекитууде жана жергиликтуу өз алдынча башкаруу органдарына мамлекет тарабынан башкарууга өткөрулуп берилген муниципалдык мулкту бекитуудө, мындай стратегияларды иштеп чыгуу жана бекитуу учурунда. Кызмат көрсөтуулөргө (ичуучу суу, сугат суусу, канализация, жылуулук менен жабдуу, турмуш-тиричиликтик калдыктарды жыйноо жана ташып чыгаруу ж. б.) тарифтерди бекитуу маселелер боюнча коомдук угуулар зарылдыгына жараша өткөрүлөт.
20.7. Коомдук угуулар, эгерде ага өкулдөрдун, коомдук угууга чакырылгандардын кем эмеси катышканда укук ченемдуу болот. (Коомдук угуунун укук ченемдуулугун аныктаган катышуучулардын саны жергиликтуу жамаат жана жергиликтуу ез алдынча башкаруу органдары тарабынан белгиленет: мисалы, 70 адамдан кем эмес катышса укук ченемдуу болот, чакырылгандардын жарымынан көбу катышса, бир көчөнун, айыл аймагынын/айылдык аймактын жашоочуларынын жарымынан көбу катышса ж.б.).
V. Жергиликтүүжамааттын ички жашоо-тиричилигинин негизги принциптери жана эрежелери
21. Жергиликтуу жамааттын ички жашоо-тиричилигинин негизги принциптери
21.1. Жергиликтуу жамаат өзунун территориясында жашаган жергиликтуу жамааттын мучөлөрунун жана башка жарандардын бузулбас биримдигин, ынтымагын, коомдук тартипти жана тынчтыкты камсыз кылуу, айыл кыштактардын турмуш шартын жакшыртуу, ар бир уй булөнун жана ар бир жашоочунун жыргалчылыгы болуусу, өзун-өзу башкаруу коомун тузуу максаттарын көздөйт.
21.2. Жергиликтуу жамаат өзунун территориясында жашаган элдин мыкты салт адаттарын сактайт, азыркы жашоонун өзгөчөлуктөрун эске алуу менен өркүндөтөт жана жайылтат.
21.3. Жамааттын кунделук турмушуна жана ишмердигине, жалпы жашоонун эрежелерин кабыл алууга жана кынтыксыз аткарууга катышуу, жергиликтуу өз алдынча башкаруу органдарына талап коюу менен катар аларга көмөк көрсөтүү, мыкты жашоонун улгусун тузуугө, аймакты салым кошуу жергиликтуу жамааттын ар бир мучесунун ыйык парзы? Жамааттын толук кандуу жашоосунун негизги шарты болуп саналат.
22. Жергиликтуу жамаатты уюштуруунун жана активдештирүүнүн эрежелери
22.1. Формалдуу эмес жергиликтуу жамаат жарандардын демилгеси жана ыктыярдуулугу бар жерде төмөндөн ( уй, көчө) жогоруга (айыл, конуш, айыл, айыл аймагы) чейин тузулөт. Жамааттын ичиндеги мучөлөрдун ортосундагы өз ара мамилени өнуктуруудө жамааттын турмушуна катышуунун төмөнку деңгээлинен (таанышуу, маалымат алмашуу жана таратуу) ортоңку деңгээлине (талкуулоо) анан жогорку деңгээлине (ишке тартуу жана кызматташтык) өтуу акырындык менен, диалог процессии жакшы пландаштыруу, аны чечим кабыл алуу процессине билгичтик менен жеткируу ишке ашырылат.
22.2. Биринчи кадамда булар жасалат. Жамаатты тузуу учун жергиликтуу жамааттын мучөлөрун өздеру жашаган , көчөгө чогултулуп, ал жерде айыл өкмөтунун кызматкери (же жигердуу жаран) таанышуу кечесин өткөрөт. Жашоочулар бир сыйра таанышып буткенден кийин көчөнун, айыл аймагынын көйгөйлөру талкууланат, чечууну талап кылган маселелер аныкталат, аларды чечуугө макулдугу бар ыктыярдуулар, активдуулөр жана ишмердуулөр аныкталып жазылып алынат.
22.3. Жаран өзу жашаган жерде жергиликтуу жамааттын мучөсу болот, кызматтардан толук кандуу жана сапаттуу пайдалануу, комфорттуу (булганбаган таза айлана, ак-пейилдуу мамиле, коопсуз чөйрө, ж.б.) шартта жашоо учун анын жергиликтуу өз алдынча башкаруу органдарына гана талап коюусу аздык кылат. Жаран бардык жамаатка керектуу шарттарды тузуугө үзбөй катышуусу абзел.
22.4. Экинчи кадамда булар жасалат. Биринчи кадамда аныкталган демилгечилер, ыктыярдуулар, жигердүүлөр жана ишмердүүлөр экинчи жолугушууга чакырылат, алар менен жолугушууга иши жакшы журуп жаткан башка ушундай эле топтун өкулдөрү чакырылат. Пикир алышуудан кийин алардын жашаган жерине барып иштери менен таанышуу жургузулөт.
22.5. Учунчу кадамда булар жасалат. Флэш-моб өткөрулуп биринчи эки жолугушууга катышкан жергиликтуу жамааттын мучөлөрун чогултулат, алардын катышуусу менен тазалоо-көрктөндуруу же оңдоп-түзөө боюнча анча чоң эмес эмгек акциясы өткөрулөт.
23. Жергиликтуу жамааттын ички жашоо-тиричилигинин эрежелери
23.1. Уставга Мыйзамда аныкталган жергиликтуу маанидеги маселелердин тизмегине кирбеген, кирсе даты ишке ашыруу процедуралары татаал болгон, ошондой эле жергиликтуу өз алдынча башкаруу органдарынын жетекчилеринин компетенциясына кирбеген маселелерди чечуу боюнча эрежелер киргизилет.
23.2. Ушул Уставда аныкталган Жергиликтуу жамааттын ички жашоо тиричилигинин эрежелерин бузуу учун төмөндөгүдөй жаза чаралары колдонулат: - эскертуу; - коомдук уяткаруу; - айып пул төлөө.
23.3. Жергиликтуу жамааттын ички жашоо-тиричилигинин эрежелерин бузуу фактыларын каттоону (таризденү), айып пулдарды өндурууну жергиликтуу жамааттын кичи кенеши, жергиликтуу өз алдынча башкаруунун аткаруу органдары менен бирдикте ишке ашырат.
24. Калктуу конуштарда мал, ит, мышык жана канаттуларды кармоонун жана багуунун эрежелери
24.1. Калктуу конуштарда жеке чарбада малды жана канаттуларды кармоо тартиби Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар кодекси, “Жаныбарларды коргоо женунде” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы, “Жаныбарларды жана жаныбарлардан алынган азыктарды идентификациялоо женунде” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы, “Жайытгар женунде” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы, Кыргыз Республикасынын Өкмөтунун 2021-жылдын 10-февралындагы № 36 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын жайыт жерлеринде мал жаюу ченемин аныктоо тартиби жөнундө Жобо менен жөнгөсалынат.
24.2. Ар бир кожолук адамдар, мал арасында жугуштуу оорулардын таралышына жол бербее максатында өз менчигиндеги малды, ит, мышыкты, канаттууну өз убагында каттоодон өткрүүгө, ветеринардык кароодон өткөруп турууга, тиешелуу эмдөөлөрдөн өткөруп турууга, кой эчкилерди өз убагында купкеден өткөруугө милдеттуу. Айыл аймагындагы, ар бир кожолук ээси жыл ичинде өзунун мал жандыгын жылына эки жолу дарылатып турууга милдеттенет.
24.3. Жамааттын мал кармаган ар бир мучөсу өз менчигиндеги малды жайыт комитета жана айыл өкмөту менен макулдашылган жазгы, жайкы жана кузгу жайыттарга, болгондо да чектелген мөөнөттөргө чейин кармоого милдеттуу.
24.4. Жаныбарларды жана канаттууларды көчөлөрдө, аянттарда, сейил бактарда, газондордо жана жарандардын эс алуу жайларында багууга болбойт. Ит жана мышык кожоюну менен бирге жипке байланган, мурун кап тагылган абалда болууга тийиш. Бул эрежелер аткарылбаган учурда алар кароосуз калган деп эсептелет.
24.5. Кароосуз калтырылган ит, мышык, кой, эчки, бодо мал, канаттуу зыян келтирсе (адамдарды, балдарды чочутса, мулкунө зыян келтирсе, Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар кодексинин 124-беренесине ылайык, калктуу конуштарда жаныбарларды багуу эрежелерин бузуу учун эскертуу берилет же жеке жактарга 55 эсептик керсеткучтун, юридикалык жактарга (дыйкан чарбаларына) 170 эсептик көрсөткучтун өлчөмундө айып пул салынат.
24.6. Мал жандыктарды жайыт комитети жана айыл екмету тыюу салган ички жайыттарга кармоого, алыскы жайыттарга белгиленген убактан кеч кечуугө, кузундө эрте кечуп келуугө болбойт. Ээси жок аңызга кирген мал кароосуз калтырылган мал деп эсептелет, убактылуу кармоочу жайга айдалып барып киргизилет.
24.7. Кароосуз бош журген малды болтурбоо учун ар бир айылда бада же кезуу уюштурулат. Эгин жана чеп чабынды, улуш жерлерге тушкөн мал учун ээси же бадачы мыйзам чегинде жаза тартат. Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар кодексинин 238- беренесине ылайык, айдоо жерлерин атайын же этиятсыздык менен тепсөө, айыл чарба өсумдуктөрунун талаадагы жыйналган тушумун жок кылуу же бузуу, көчөттөрду зыянга учуратуу учун жеке жактарга 200 эсептик көрсөткучтун, юридикалык жактарга 650 эсептик көрсөткучтун өлчөмундө айып пул салынат.
25. Калктуу конуштарда жалпы пайдалануудагы жерлерди кутуунун жана пайдалануунун эрежелери
25.1. Туруктуу негизде же убакыттын кайсы бир учурунда чектелбеген сандагы адамдардын пайдалануусу учун арналган территория, мейкиндик, бөлмө коомдук жер деп аталат. Калктуу конуштардагы жалпы пайдалануудагы жерлер - пайдалануу (ал жакта журуу, болуу) учун коомчулукка жеткиликтуу болгон, чек аралары жана атайын юридикалык статусу бар жерлер.
25.2. Калктуу конуштардагы жалпы пайдалануудагы жерлерге жолдор, көчөлөр, тротуар, сквер, бульвар, парк, аянт, таштанды чогултуучу жерлер, уйдун айланасындагы жерлер, сугат арыктары кирет.
25.3. Калктуу конуштардагы жалпы пайдалануудагы жерлерди күтүүгө, сактоого жергиликтуу жамаат кол кабыш кылат.
25.4. Калктуу конуштардагы жалпы пайдалануудагы жерлердин чек аралары так аныкталып, чек белгилери коюлат.
25.5. Калктуу конуштардагы жалпы пайдалануудагы жерлерди менчикке сатууга тыюу салынат.
25.6. Калктуу конуштардагы жалпы пайдалануудагы жерлерге убактылуу соода, коомдук тамак-аш орундарын жайгаштырууга уруксат берилиши мумкун.
25.7. Калктуу конуштардагы жалпы пайдалануудагы жерлер өзунун арналуу багытына жараша пайдаланылат.
26. Калктуу конуштарда жамаатын мучөлөрунун биргелешкен пайдалануусундагы сугат суусун колдонуу эрежелери
26.1. Жергиликтуу алдынча башкаруу органдары калкты сугат суусу менен камсыз кылууга милдеттуу.
26.2. Кыргыз Республикасынын Суу кодексинин 2-беренесине ылайык, Кыргыз Республикасынын юридикалык жактары жана жеке адамдары, ошондой эле чет өлкөлук жеке жана юридикалык жактар, анын ичинде жарандыгы жок адамдар суу пайдалануучулар болуп эсептелет.
26.3. Кыргыз Республикасынын Суу кодексинин 21-беренесинин 2-бөлугунө ылайык, суу ресурстарын пайдалануу сууну чарбалык участокторду (огород, там арка) сугаруу учун пайдалануу, сугатка жана малды сугарууга пайдалануу маселелерин да камтыйт.
26.4. Кыргыз Республикасынын Суу кодексинин 161-беренесинин 2-белугуне ылайык, Айыл өкмөту суу пайдалануучулар ассоциациясы (СПА) менен бирдикте бул максатта сугат суусун бөлуп берет, жергиликтуу жамааттын кичи кеңеши менен макулдашып, сугат суусун пайдалануунун убактысын жана кезектүүлүгүн бекитет, анын аткарылышын камсыз кылат.
26.5. Сугат суусун коромжусуз сапаттуу жана эсеби менен пайдалануу учун коомдук башталышта же суу пайдалануучулардын эсебинен ылайыктуу акы алып иштеечу, айыл екмету же (СПА) же жамаат тарабынан дайындалуучу жана көзөмөлдөнүүчү мурабдын кызматы киргизилет.
26.6. Сууну максатка ылайыксыз жана сарамжалсыз пайдалануу (көзөмөлсүз сугаруу, жолго, кошунасынын огородуна чыгара жайып сууга жедирип зыян келтируу, сууну сугарып буткөндөн кийин башын бекитип бурбай таштап коюу) суу пайдалануу эрежесин орой бузуу болуп эсептелет жана суу пайдалануучунун айып төлөөсүнө алып келет. Аны уч кундун ичинде жоюу боюнча чараларды көрбөө, айып пулун төлөбөө, Абоненттин суу пайдалануу укугун чектөөгө алып келет.
26.7. Турак уйлөрдун территориясынын сугат суусунун арыгы өтуучу бөлугу Кыргыз Республикасынын Жарандык кодексине жана Кыргыз Республикасынын Жер кодексине ылайык коомдук сервитутга (ээсинин чектелген пайдалануусунда) турат. Ошондуктан өзунун территориясы менен агып өтуп жаткан сугат суусун чектөө (буруп алуу, бууп коюу) укук бузуу болуп эсептелет, тоскоолдук токтоосуз жөнгө салынышы керек жана ал учун айып пул салынат.
27. Калктуу конуштарда жамаатын мучөлөрунун биргелешкен пайдалануусундагы ичуучу сууну колдонуу эрежелери
27.1. Ичуучу сууну колдонуу маселеси “Ичуучу суу жөнундө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы менен жөнгө салынат.
27.2. Жергиликтуу алдынча башкаруу органдары калкты ичуучу суу менен стандарттарга жана санитардык-гигиеналык талаптарга ылайык камсыз кылууга милдеттуу.
27.3. Калкты ичуучу суу менен суу менен жабдуу ишканалары - айыл-кыштактарда Ичуучу сууну колдонуучулардын айылдык коомдук бирикмелери абоненттик келишимдин негизинде жургузушет.
27.4. Ичуучу сууну керектеечулер суу менен жабдуу ишканаларынан ичуучу суунун сапаты, анын стандарттарга, санитардык эрежелер менен ченемдерге ылайык келиши, ошондой эле ылайык келуу сертификаты жөнундө так маалыматты талап кылууга укуктуу.
27.5. Ичуучу сууну керектөөчу абоненттер төмөнкулөрду аткарууга милдеттуу:
27.5.1. Өзунун эсебинен сатып алып ичуучу сууну эсепке алуучу приборду (водомерди) пломбасы менен орнотууга, аны оң абалда кармоого, суу келуучу тутуктөрду, водомерди кышкысын тоңуп калып жарылуудан сактоого, ал учун жылуулоого;
27.5.2. водомердин көрсөткучу боюнча керектелген суу учун тиешелуу жерге акы төлөп турууга;
27.6. Суунун сапатынын адамдардын саламаттыгына коркунуч келтиргендигин ырастаган айрым көрсөткучтөр боюнча ылайык келбөө аныкталган учурда, суу менен жабдуу ишканалары жана аларды көзөмөлдөөчу органдар бул тууралу сууну керектөөчулөргө келип чыккан коркунучту болтурбай кое турган этияттык кылуу чаралары жөнундө маалымат беруу менен массалык маалымат каражаттары аркылуу токтоосуз түрдө кабарлоого тийиш.
27.7. Калкка женетулуучу ичуучу суунун сапаты женунде маалыматты ез убагында бербегенде же бурмалап бергенде, өз убагында толук жана так маалымат беруудөн баш тартканда, сууну керектөчулөр чарбалык-ичуучу суу менен жабдуу тутумун пайдалануунун эрежелерин сактабаганда жана ал калкты суу менен камсыз кылууну начарлатууга алып келгенде же ушул тутумдарды пайдаланган ишканаларга зыян келтиргенде Мыйзамдарда жоопкерчилик каралган.
27.8. Жогорудагыдай укук бузуулар учун айып пулдар Кыргыз Республикасынын мамлекеттик башкаруусунун атайын ыйгарым укук берилген органдары жана жергиликтуу өз алдынча башкаруу органдары тарабынан салынат.
28. Жергиликтуу жамааттын жалпы кызыкчылыгында аткарылуучу ишчараларына катышуунун эрежелери
28.1. Жергиликтуу жамааттын жалпы кызыкчылыгында аткарылуучу иш-чаралары жашаган жеринде жарандардын руханий, физикалык жана башка керектөөлөрун канааттандыруу максатында жузөгө ашырылуучу, жарандардын кеп бөлугунун катышуусу менен ишке ашырылуучу аракеттердин же коомдук турмуштун кубулуштарынын жыйындысы, ошондой эле адамдардын ортосундагы социалдык байланыштын формасы жана инсандын, коллективдин жана жалпы коомдун биримдигинин мамилелерин өнуктуруунун жолу болуп эсептелет.
28.2. Жергиликтуу жамааттын жалпы кызыкчылыгында аткарылуучу иш-чараларына ишембиликтер же башка эмгек акциялары, маданий-массалык иш чаралары (фестивалдар, майрамдар, анын ичинде диний майрамдар, концерттер, көргөзмөлөр, жарманкелер ж.б.), спорттук-массалык иш чаралары (спартакиадалар, спорттун турлөру боюнча мелдештер ж. б.) кирет. 28.3. Жергиликтуу жамааттын жалпы кызыкчылыгында аткарылуучу иш-чаралары жыйындарда, чогулуштарда жергиликтуу жамааттын мучөлөру айтышкан сунуштарды, жергиликтуу жамаатты кеңири тааныштыруу, бириктируу жана ынтымакташтыруу боюнча зарылчылыктарды, өлкөдө, облуста, шаарда, райондо болуучу иш чараларды эске алуу менен, айыл өкмөту менен макулдашылып, алдын-ала 1 жылга тузулөт. Шартка жараша планга өзгөртуулөр киргизилет.
28.4. Жергиликтуу жамааттын жалпы кызыкчылыгында еткерулуучу ишчаралары тууралуу (максаты, өткөруу убактысы, өткөруу орду, катышуучулардын контингента ж.б.) кабар уюштуруучулар (жергиликтуу жамааттын демилгечи тобу, айыл өкмөту ж.б.) тарабынан кулактандырууларды илуу, вотсап-топторду тузуу ж.б. жолдор аркылуу жамаатка жеткирилет.
28.5. Ишембиликтер жана эмгек акциялары кепчулуктун кызыкчылыгында уюштурулган расмий иш-чара болуп саналат. Алардын максаты жеке эле 25 милдет эмес, адамдардын жашаган жериндеги аймактарды тазалоо жана көрктөндуруу, сугат суу каналдарын жана арыктарды, социалдык объектилерди оңдоого кол кабыш кылуу эмес, жаранды жамааттын ичинде болууга, жалпы пайдаланылуучу нерселерди тузуугө адилеттуулук менен теңчилик болгондой катышууга шарт тузуу болуп эсептелет.
28.6. Жергиликтуу жамааттын мучөлөрү тазалоо-көрктөндүруүү, оңдоп түзөө, ден соолуктуу жана ынтымакты чыңдоочу ар кандай иш-чараларына сөзсүз катышат, убактысы болбогондо, макулдашуу менен уй булө мучөлөрун иштеп жаткан топко кошушат, же акча каражатын/тамак-ашын чыгаруу менен компенсациялашат.
29. Калктуу конуштарда коомдук тартипти сактоого катышуунун эрежелери
29.1. «Кыргыз Республикасынын ички иштер органдары женунде» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 4-беренесине ылайык, ички иштер органдары өздөрунө жуктөлген милдеттерди коомдук бирикмелер, эмгек жамааттары, ошондой эле ички иштер органдарынын ишине көмөк көрсөтуу учун тузулген коомчулуктун кошундары менен өз ара аракеттенип ишке ашырышат.
29.2. Ички иштер органдарынын штаттык бирдиктери аз санда жана мумкунчулуктеру чектелүү болгондуктан, жергиликтуу жамааттар жергиликтуу өз алдынча башкаруу органдары менен бирдикте коомдук тартипти сактоого кеңири катышат.
29.3. Ар бир калктуу конушта ыктыярдуу башталышта ар биринин курамы 10-15 адамдан турган коомдук тартипти сактоо боюнча 5-6 элдик дружина тузулөт. Дружина тузууну чечкен жергиликтуу жамааттын мучөлөрунун чогулушунда бул тууралуу чечим кабыл алынат, дружинанын аты бекитилет, дружинанын командири, командиринин орун басары шайланат.
29.4. Айылдык кецеш элдик дружинаны каттайт, ички иштер органдары менен бирдикте элдик дружинанын мучөлөрунун укуктарын жана милдеттерин тушундурөт, белгиленген улгудөгу кубөлук жана повязка менен камсыз болууга кемек керсетет.
29.5. Элдик дружинанын командири дружинанын маршруттарын жана рейдге чыгуусунун графигин иштеп чыгат, ал боюнча дружинанын мезгилдуу - жай кезде дем алышына 1 жолу, чукул кырдаал болгондо абал тынчыганча кунугө патрулга чыгуусун уюштурат.
29.6. Элдик дружина ички иштер органдарынын кызматкерлери, аксакалдар соту менен бирдикте иш алып барат, криминалдык кырдаал тууралуу маалыматтарды аларга билдирип, алардан да маалымат алып турат.
30. Жергиликтуу жамааттын ичинде ийкемдуу мамиле, жашоого жагымдуу маанай, тынчтыкты жана коомдук биримдикти тузуу учун жергиликтуу журуштуруштун, адеп-ахлакты бекемдеенун, мыкты салтадатты сактоонун жана енуктуруунун мыйзамдарда аныкталбаган тартибин аныктоонун жана бекитуунун эрежелери
30.1.1 . Мыкты каада-салттарды, урп-адаттарды сактоо, өнуктуруу жана жайылтуу жергиликтуу жамааттын ичинде ийкемдуу мамилени (адамдардын бири-бирине, уй-булөгө жана коомго болгон мамилелериндеги мээримдуулук), жашоого жагымдуу маанайды тузуунун, жергиликтуу деңгээлде тынчтыкты куруунун, адеп-ахлакты бекемдөөнун, улуттук баалуулуктарды (мекенчилдик, боорукердик, кайрымдуулук, айкөлдук, меймандостук) сактоонун жана даңазалоонун, жергиликтуу журум-турумду калыпка салуунун каражаты катары колдонулат.
30.1.2 . Этностун, улуттун тубаса өзгөчөлугун сактап калууга жөндөмдуу жаңы муунду тарбиялоо, жаштарды ыймандуулукка, адептуулукке, жоопкерчиликтуу болууга, ата-эне, эл журт алдында милдетти сезе билуугө, улууларды сыйлоого ж.б. жакшы сапаттарга тарбиялоо жамааттын негизги милдеттеринин бири болуп эсептелет.
30.1.3 . Коомдук жайлардагы журуш-туруштун эрежелери (тартиби) коомдогу адамдардын ьщгайлуу жанаша жашоосун жана ез ара аракеттенуусун камсыз кылууга багытталган. Адептуулуктун жана этикеттин стандарттары - ар кандай кырдаалдар учун бирдиктуу журум-турум эрежелери. Бул ченемдерди ар кандай кырдаалдар учун тушунуу, боюна сиңируу жана аларды туура колдонуу адамдын жалпы маданиятынын ажырагыс бөлугу болуп саналат.
30.2 . Жергиликтуу жамаатта өз аймагында калыптанып калган журумтурум практикасын эске алуу менен саламдашуу адеби акырындык менен женге салынат. Адамдардын, айрыкча жаштардын арасында «Салам бериш - карыз, алик алыш - парыз», «жашка, мансапка, бирееге кез карандылыкка карап садам берилбейт, садам баары учун бирдей болот», «бир кун туз таткан жериңе мин кун садам бер», «жашы кичуулер жашы улууларга озунуп садам айтат», «топко улуу кишилер садам айтып кирип келсе, кичуулер ордунан туруп алик алат», «кыргыз салтында өбушуп учурашуу жок», «жаш балдарды, кыздарды улуу адамдар учурашуу учурунда чекесинен ееп койсо болот», «атчан киши жее кишиге, улоодо, же кыймылда бараткан адам токтоп турганга, жаштар улууларга, жамаатка кирип келген киши ал жердегилерге садам айтат» деген эрежелерди тушундуруу жана аткарылышына жетишуу ишке ашырылат.
30.3 . Адамдардын, айрыкча жаштардын арасында коомдук жайда жургендегу журумтурумдун адеби - орду менен суйлее, айланадагылар менен сылык мамиледе болуу, какырынып-тукурунуп айлананы булгоо, жаман, орой жана уят сездерду айтуу адамдын тарбиясыздыгы экендиги, маданияттуулук жашоону алда канча жецилдете тургандыгы тушундурулот, аны ишке ашырууга жетишилет.
30.4 . Айылда, башка калктуу пункттарда саат 23.00-дон 07.00-ге чейинки аралыкта жеке жана юридикалык жактарга ун басымынын жана ызы-чуунун жол берилген эң жогорку чегин бузууга, анын ичинде унду кайра чыгаруучу жана кучетуучу тузулушторду колдонуу менен теменку жерлерде “жымжырттык режимин” бузууга тыюу салынат
30.5 . Адеп-ахлакты бекемдее, мыкты каада-салтты, урп-адатты сактоо жана өнуктуруу жарандардын керектөөлөрун канааттандыруунун гана шарты болбостон, жамааттын ички биримдигин бузуп, конфликттерге - чыр-чатактарга алып келуучу жат аракеттерге каршы туруунун куралы, жамаатта моралдык этикалык биримдикти жана тилектеш жашоону орнотуунун каражаты болуп эсептелет. Жалпы жамаат биримдик-ынтымакка келиш учун максат-тилек, карманган баалуулуктар негизинен бир багыттуу болушу керек.
30.6 . Айыл аймагынын жамааты достук этикасын - бугунку улут аралык ынтымактын ачкычын: “Эр достугу - эгиз, эл достугу - деңиз”, “Эки эрдин достугу бир белден ашырат, эки элдин достугу миң белден ашырат”, “бул менин өлкөм, менин Ата журтум”, “бала бакырамдын келечеги, бак-таалайы ушул жер, ушул эл менен байланыштуу”, “ушул өлкөнун туусу, герби, гимни жана деми менен жашайм” эрежелерин жетекчиликке алышат. 30.7 . Айылда жылына бир жолу «Айыл аймагынын куну» өткөрулөт. Иш чараны жергиликтуу жамааттын кичи кеңеши, демилгечи жарандар демилгелеп, даярдап өткөрушет.
30.8 . Айылда жылына бир жолу мектеп бутуруучулерунун «акыркы коңгуроо». Бул куну ушул айыл аймагынын ийгиликке жетишкен окумуштуу, илимпоз, кадырлуу ардагерлери сыяктуу инсандары кантип максатына жеткендиги, ал учун канча мээнет короткондугу тууралуу айтып беруу менен келечек жаш муундарга дем беришет.
30.9 . Уставдын ушул бөлумундөгу эрежелерди аткарбоо учун жазалоо каралат.
31. Уй булөлук салтанаттарды өткөруунун эрежелери
31.1. Айыл аймагынын жамааты баланын төрөлушу, кыз беруу, келин алуу, кудалашуу, конок кутуу, тартуу беруу сыяктуу уй булөлук салтанаттарды өткөрууну, кундөлук жашоо-тиричилик, кийим-кечек, тамак-аш ж. б. байланыштуу эн маанилуу, эң негизги салт-адаттарды калыбына келтирууну, заманга жараша жаңылоону, акырындык менен жайылтат (жалпы колдонууга киргизет).
31.2. Уй булөлук салтанаттардын кайсы турлөрун кандай тартипте өткөруунун эрежелери алдын ала жергиликтуу жамааттын мучөлөрунун бул маселе боюнча пикирлерин сурап билуу, иликтөө менен башталып, ыгы жок шаңдануучулукка жана мактанычка жол бербее тууралу ата-баба жерелгелерун эске алуу менен жергиликтуу жамааттын мучөлөрунун жергиликтүү жамааттын мучөлөрунун жыйындарынын, чогулуштарынын жана курултайынын чечимдери менен бекитилет.
31.3. Мыйзамдарда жана Президенттин Жарлыктарында каралган ысырапкорчулукка жол бербее талаптарын, жергиликтуу же башка жамаатардын жакшы тажрыйбасын эске алуу менен уй булөлук салтанаттарды өткөруунун убагы, орду, узактыгы, катышуучу адамдардын жана колдонулуучу автоунаалардын, союлуучу малдын жана берилуучу белектердин жана тартуулардын туру жана көлөму боюнча так чектөөлөр жамаат тарабынан белгиленет.
32. Маркумду акыркы сапарга узатуу, эскеруу иш чараларын өткөруунун эрежелери
32.1. Маркумду акыркы сапарга узатуу, эскеруу иш чараларын өткөруунун эрежелери алдын ала жергиликтуу жамааттын мучөлөрунун бул маселе боюнча пикирлерин сурап билуу, иликтөө менен башталып, ыгы жок шаңдануучулукка жана мактанычка жол бербее тууралу ата-баба жөрөлгөлөрун эске алуу менен жергиликтуу жамааттын мучөлөрунун жергиликтуу жамааттын мучөлөрунун жыйындарынын, чогулуштарынын жана курултайынын чечимдери менен бекитилет.
32.2. Маркумга байланышкан иш чараларына сөөк коюу, кыркылык беруу, аш беруу кирет.
Мыйзамдарда жана Президенттин Жарлыктарында каралган ысырапкорчулукка жол бербөө талаптарын, жергиликтуу же башка жамаатардын жакшы тажрыйбасын эске алуу менен жогоруда аталган иш чараларын өткөрүүнүн убагы, орду, узактыгы, союлуучу малдын жана берилуучу белектердин жана тартуулардын туру жана көлөму боюнча так чектөөлөр жамаат тарабынан белгиленет.
33. Жергиликтуу жамааттын мучелерунун арасындагы ар кандай пикир келишпестиктерди, чыр-чатактарды чечуунун эрежелери
33.1. Жергиликтуу жамаат жергиликтуу маанидеги маселелер, анын ичинде жамааттын ички жашоо-тиричилигинин маселелери боюнча ар кандай коллективдуу пикир келишпестиктерди, чыр-чатактарды талаштарды чечет.
33.2. Пикир келишпестик, чыр-чатак деп жогорудагы көрсөтулгөн маселелер боюнча дал келбеген максаттары бар же бар деп ойлошкон экиден ашык тараптардын ортосундагы мамиле тушунулөт.
33.3. Пикир келишпестик менен чыр-чатактардын себеби ресурстардын жетишсиздиги, кызыкчылыктардын айырмачылыгы, ар турдуу баалуулуктарды тутунгандык, маалыматтын жетишсиздиги, адамдын керектеелерун канааттандырбоо же тебелеп-тепселее, жана башкалар болушу мумкун. Пикир келишпестиктер менен чыр-чатактар деструктивдуу (абалдын туруктуулугун бузуучу) гана болбостон конструктивдуу (көйгөйду чечуунун жаңы жолун сунуштоочу, абалды турукташтыруучу) да болот.
33.4. Жамааттын эки-уч тобунун (эки кочонун, эки кварталдын, эки айыл аймагынын жашоочуларынын) ортосунда пикир келишпестик, чыр чатак келип чыкканда аны чечүүчү топко (калыс топ) ушул топторго кирбеген аксакалдар сотунун, карыялар кеңешинин, жергиликтүү кеңештин, айыл өкмөтунун, аялдар кеңешинин, жаштар кеңешинин, жергиликтуу жамааттын кичи кеңешинин өкулдеру кирет.
33.5. Калыс топ талашып жаткан топтордун жуйеелерун кезеги менен угат, аларга эл кезунче бири-бирине суроо бердирип-жооп алдырат. Андан соц калыс топтун ар бир мучесу кезеги менен жашы кичуусу мурда, анан улуулата пикирин айтышат, аягында жашы улуусу бутум чыгарат. Эгерде талашкан топтор калыс топту талашты чече алган жок десе, анда калыс топ ездерунче жашыруун кецешип, бир бутум айтат. Талашкан тараптар макул болбосо жацы калыс топ тузулет да ушундай эле тартипте иш алып барат.
34. Жергиликтуу оз алдынча башкаруу органдарынын, башка эл тарабынан шайлануучу коомдук тузумдордун отчетторун угуунун эрежелери
34.1. Жергиликтуу өз алдынча башкаруу органдары тарабынан тузулгөн, алардын көзөмөлү жана жетекчилиги алдында иштеечу кептеген комиссиялар, жамааттын мучөлөру тикелей шайлаган же өздөру туптөгөн көптөгөн коомдук уюмдар бар. Алардын максаты, иштее тартиби, эл алдында отчет беруусунун мезгилдуулугу алар жөнундөгу мыйзамдарда жана жоболордо каралган.
34.2. Жергиликтуу жамаат (кичи кецеш) жергиликтуу ез алдынча башкаруу органдары менен бирдикте, элдин пикирин эске алуу менен, ушул Уставда каралган тузумдердун жана коомдук уюмдардын жетекчилери менен макулдашып, жарым жылдын (жылдын) аягына туштап, отчет угуу кундеру ете жыш же сейрек болбогондой кылып, отчетторду еткеруунун убагын белгилейт, тузумдердун жана коомдук уюмдардын жетекчилерин, элди алдын-ала кабарлайт.
34.3. Отчетгорго элди чакыруу учурунда эц башкысы келген жергиликтуу жамааттын мучелеру бардык территориялардан екул болгондой, кийинки отчеттордо башка адамдар келгендей, отчет уккан адамдар уйуне барганда тегерегиндегилерге маалымат бергендей кылып уюштуруу зарыл. 34.4. Отчетгорду уккандан кийин алар боюнча суроолор берилип, талкуулоо жургузулуп, «канааттандырарлык» же «канааттандырарлык эмес» деп баа берилет.
VI. Жергиликтүү жамааттын башка тараптар (субъектилер) менен алака жүргүзүүсүнүн эрежелери
35. Жергиликтуу жамааттын башка жергиликтуу жамааттар менен алака жургузуусунун эрежелери
35.1. Кощнулаш ынтымакта жашоон, муниципалитеттер аралык кызматгаштыкты жургузуу, айыл чарба жана жайыт жерлерин, чарбалар аралык каналдарды пайдалануу жана оңдоп-түзөө, жана башка маселелер боюнча, зарыл болгон учурда же өз демилгеси боюнча, жергиликтуу жамаат аймагы чектешкен же чектешпеген башка жергиликтуу жамааттар менен алакаларды жургузө алат.
35.2. Башка жергиликтуу жамааттар менен алакаларды жургузуунун тартиби ушул уставдын жана алакалашып жаткан жергиликтуу жамааттардын уставына, макулдашылган жазуу жузундөгу же оозеки келишимдик шарттарга ылайык жургузулөт.
36. Жергиликтуу жамааттын жарандык коомдун тузумдөру менен алака жүргүзүүсүнүн эрежелери
36.1. Жергиликтуу кызыкчылыкты коргоп, ал учун курөшкөн жергиликтуу жамааттан айырмаланып жарандык коомдун тузумдөру жеке адам менен мамлекеттин, жеке жана мамлекеттик кызыкчылыктардын ортосундагы бириктируучу байламта болуп, алардын иш жургузуу аймагы өздөрү тузулген жергиликтуу жамааттын территориясы менен чектелбейт.
36.2. Жергиликтуу жамааттар өз аймагында тузулген же башка жакта тузулуп, бирок өз аймагында иш жургузуп жаткан жарандык коомдун тузумдөрунун - айрым топтордун укуктарын коргоо боюнча бирикмелердин, кызыкчылыктар боюнча бирикмелердин, кайрымдуулук уюмдарынын, улуттук азчылыктардын укуктарын коргоо ассоциацияларынын жана өнугуу уюмдарынын ичинен өз максаттары дал келгендери менен байланыш тузушөт жана тыгыз иш жургузушөт.
36.3. Консультацияларды өткөруу, маалымат алмашуу, социалдык маселелерди чечуу, жергиликтуу маанидеги маселелерди чечуу боюнча иликтееизилдее иштери боюнча биргелешкен долбоорлорду иштеп чыгуу жана турмушка ашыруу өкмөттүк эмес уюмдар менен кызматташуунун негизги формалары болуп саналат.
36.4. Жарандык коомдун тузумдерунун бардык пайдалуу демилгелерин колдоо, алардын жергиликтуу жамааттагы ыктыярдуулукту, маанилуу иштерди аткаруудагы уюмдашуучулукту жана ишкердуулукту арттыруусуна басым жасалат.
37. Жергиликтуу жамааттын ички жашоо-тиричилигинин эрежелерин колдонууга киргизуунун жана сакталышын көзөмөлдөөнун тартиби
37.1. Жергиликтуу жамааттын ички жашоо-тиричилигинин эрежелерин колдонууга киргизуунун алдында эрежелер жамааттын бардык мучөлөрунө кеңири тушундурулөт.
37.2. Жергиликтуу жамааттын ички жашоо-тиричилигинин эрежелерин жамааттын мучелеруне кецири тушундуруу, аларды колдонууга киргизууну уюштуруу, колдонуунун журушунде пайда болгон суроолорго жооп беруу жана кейгейлерду чечуу, эрежелердин аткарылышына жана сакталышына көзөмөл жургузуу учун айыл аймагынын бөлуктөру боюнча курамында ардагерлер, жамааттын компетентүү жана ыктыярдуу мучөлөрү, коомдук уюмдардын жетекчилери, жергиликтуу кеңештин депутаттары, диний жамааттын расмий өкулдөрү ж.б. болгон атайын топтор тузулөт.
37.3. Жергиликтуу жамааттын ички жашоо-тиричилигинин эрежелери боюнча атайын топтордун иштео тартиби топтордун мучелеру тарабынан аныкталат, зарылчылык пайда болгон учурда жергиликтуу өз алдынча башкаруу органдары менен макулдашылат.
VII. Жергиликтуу жамааттарда жарандардын ез алдынча уюмдашышынын экономикалык - чарбалык негиздери
38. Жергиликтуу жамааттын өнүктүрүү жана кайрымдуулук фондусу
38.1. Жергиликтуу жамааттын мучөлөрунун чогулуштардагы сунуштарынын негизинде жергиликтуу бюджетке көз карандысыз каражатка ээ болуу, жамааттын өнуктуруу жана кайрымдуулук фондун тузуу учун жамааттын мучөлөру ыктыярдуу өздөрунө ,өздөрү салык салуу жолу менен жылына бир жолу 500-5000 сом өлчөмунде акчалай салым кошушат. Жамааттын мучөлөрунун өздөрунө өздөру салык салуу маселеси айыл аймагынын/ жашоочуларынын чогулуштарында, жыйындарында талкууланып чечилет.
38.2. Өнуктуруу жана кайрымдуулук фондуна андан сырткары жамааттын мучөлөру, жамаатка кирбеген жеке жарандар, юридикалык жактар салым кошо алышат.
38.3. Өнуктуруу жана кайрымдуулук фонду «Коомдук фонд» катары коммерциялык эмес уюм катары мамлекеттик каттоодон өтөт жана мыйзамга ылайык аракеттенет.
38.4. Өнуктуруу жана кайрымдуулук фондунун каражаттары жергиликтуу маанидеги маселелерди чечуу боюнча долбоорлорго жана кайрымдуулук иштерине жумшалат.
38.5. Жергиликтуу маанидеги маселелерди чечуу боюнча долбоорлор жамааттын мучөлөрү тарабынан ар турдуу багыттар боюнча, анын ичинде ишкерчиликке (БизнесИнкубатор), пайдалуу өнөргө жана кесипке үйрөтүү, жамааттын мучөлөрүн атуулдукка, адеп ахлакка тарбиялоо боюнча иштерге арналат.
38.6. Долбоорлор «Коомдук фонд» тузгөн, курамына абройлуу адистер, жергиликтуу кеңештин депутаттары кирген конкурстук комиссия тарабынан каралат. Конкурстук комиссия жактырган долбоорлор «Коомдук фонд» тарабынан каржыланат.
VIII. Корутунду жоболор
39. Жергиликтуу өз алдынча башкаруу органдары тарабынан кабыл алынуучу сыйлоо чаралары
39.1. Ушул Уставдын талаптарын улгулуу аткаргандыгы, жергиликтуу маанидеги маселелерди чечууге жигердуу катышкандыгы, жеке жана уй-булелук улгулуу журум туруму, кайрымдуулук ишмердиги, демөөрчүлүгү, аймактын социалдык-экономикалык өнугуусунө айкын көмөк корсоткондугу, жергиликтуу жамаатка кызмат корсотуулорду жакшыртууга катышкандыгы учун тийиштуу жарандарга карата төмөнкудөй моралдык жана материалдык сыйлоо чаралары колдонулушу мумкун: - алкыш жарыялоо; - баалуу белектер, башка материалдык жана акчалай сыйлыктар менен сыйлоо;
- грамоталар менен сыйлоо;
- “Мыкты уй-булө”, “Улгулуу уй”, “Улгулуу көчө”, “Улгулуу айыл” ардактуу наамдарын ыйгаруу;
- жамааттын Ардак тактасына илүү; - жамааттын Ардак китепчесине киргизуу; - “Айыл аймагынын ардактуу жараны” наамын ыйгаруу; - “Айылдык аймактын ардактуу жараны” наамын ыйгаруу;
- Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыктары менен сыйлоого корсотуу.
39.2. Моралдык жана материалдык сыйлоо чараларын колдонуу төмөнку тартипте жургузулот:
- жамааттын мучөлөрун сыйлоого корсотуу демилгеси жашоочулардын жыйынына (чогулушуна), аксакалдар сотторуна, коомдук уюмдарга, аймактык коомдук оз алдынча башкарууларга, айыл башчысына, айыл екметунун башчысына, жергиликтуу кеңештин депутаттарына, жергиликтуу кеңештин төрагасына таандык;
- алкыш жарыялоо, баалуу белектер, башка материалдык жана акчалай сыйлыктар менен сыйлоо, грамоталарды тапшыруу, “Мыкты уй-булө”, “Улгулуу уй”, “Улгулуу көчө”, “Улгулуу айыл” ардактуу наамдарын ыйгаруу жөнундө чечим айыл өкмөтунун башчысы тарабынан кабыл алынат;
- Ардак тактасына илүү, Ардак китепчесине киргизүү, “Айыл аймагынын ардактуу жараны”, “Айылдык аймактын ардактуу жараны” наамдарын ыйгаруу, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыктары менен сыйлоого көрсөтуу жөнундө чечим айыл өкмөт башчысынын сунуштамасы боюнча жергиликтуу кеңеш тарабынан кабыл алынат.
39.3. “Айылдык аймактын ардактуу жараны” наамы жергиликтуу жамааттын эң жогорку наамы болуп саналат, ал айылдык аймактын өнугушунө өзгөчө салым кошкондугу учун жергиликтуу кеңештин чечими менен берилет. Жергиликтуу кеңеш “Айылдык аймактын ардактуу жараны” наамы бар адамдар учун атайын жеңилдиктерди, ошондой эле алар учун стипендияларды жергиликтуу бюджеттин каражаттарынын чектеринде Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жана башка материалдык сыйлыктарды белгилей алат.
40. Жергиликтуу жамааттын Уставын бузгандыгы учун жоопкерчилик Ушул Уставдын талаптарын бузган жергиликтуу жамааттын мучөлөрунө карата коомдук айыптоо чаралары колдонулушу мумкун.
41. Жергиликтуу жамааттын Уставын кабыл алуунун жана өзгөртуунун тартиби;
41.1. Жергиликтуу жамааттын Уставынын долбоору шаар мэринин же айыл өкмөтунун башчысынын чечими менен тузулген жумушчу топ тарабынан иштелип чыгат.
41.2. Жумушчу топтун курамына теменкулер кирет: - жергиликтуу кецештин төрагасы; - айыл өкмөтунун башчысы; - жергиликтуу кеңештин депутаттары; - айыл өкмөтунун аппаратынын кызматкерлери; - жергиликтуу жамааттын мучөлөру (тийиштуу айылдык аймакта жашаган азчылык улуттардын өкулдөрун эсепке алуу менен); - коммерциялык жана коммерциялык змее уюмдардын екулдеру (0ЭУ, КУ, КФ, жаштар комитета, аялдар кецеши, аксакалдар кеңеши, ишкерлер коомчулугу жана башка шаарда же айылдык аймакта иш алып барган уюмдар). (Жумушчу топтун тузуму жергиликтуу жамааттын жана жергиликтуу өз алдынча башкаруу органдарынын сунуштарына ылайык толукталышы же езгертулушу мумкун). 41.3. Жумушчу топ тарабынан иштелип чыккан Уставдын долбоору жергиликтуу жалпыга маалымдоо каражаттарында жана/же жергиликтуу кеңештин веб-сайтында (же башка расмий жарыялоо булактарында) жарыяланат жана жыйындарга (чогулуштарга) же жергиликтуу жамааттын курултайына талкуулоо учун алып чыгарылат, аны ушул Уставда белгиленген тартипте айыл өкмөту уюштурат.
41.4. Курултайдын делегаттары, ошондой эле жыйындын (чогулуштун) катышуучулары, жергиликтуу жамааттын мучелеру Уставдын долбоору боюнча сын пикирлерди жана сунуштарды киргизуугө укукгуу. 41.5. Айыл өкмөтунун башчысы Уставдын долбоорунун акыркы вариантын жумушчу топ тарабынан иштелип чыккандан кийин жергиликтуу кеңештин кароосуна кабыл алуу учун киргизет.
41.6. Жергиликтуу кецештин Уставды бекитуу жөнундө токтому жергиликтуу кеңештин депутаттарынын жалпы санынын көпчулук добуштары менен кабыл алынат.
41.7. Кабыл алынган Уставга карата езгертуулерду жана толуктоолорду киргизуу демилгеси жергиликтуу жамааттын мучөлөрунун учтөн биринен кем эмес сандагы мучөлөру же жергиликтуу кеңештин депутаттарынын жалпы санынын учтен биринен кем эмес сандагы тиешелуу жергиликтуу кеңештин депутаттарынын тобу тарабынан демилгелениши мумкун.
41.8. Жергиликтуу жамааттын Уставы аны (Уставды) бекитуу жөнундө жергиликтуу кеңештин токтому тийиштуу расмий булактарда жарыяланган кундөн тартып кучунө кирет. Кучунө киргенден кийин жергиликтуу жамааттын Уставын бекитуу тууралуу жергиликтуу кеңештин токтомунун көчурмөсу Уставдын текстин тиркөө менен ченемдик укуктук актылардын Мамлекеттик Реестрине киргизуу учун Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин аймактык бөлумунө жиберилет.
Кулунду айыл өкмөтүнүн башчысынын
орун басары-жооптуу катчы Ж. О. Абдираимов