Редакцияот 29.11.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ТЕРЕК-САЙ АЙЫЛДЫК АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Терек – Сай айылдык кеңешинин IX чакырылышынын кезексиз XXXXI сессиясы

2023-жылдын 29-ноябры № 462

Терек-Сай айыл аймагына караштуу Б.Камчыбеков атындагы жалпы орто билим берүүчү мектебинин компьютердик кабинетин толук ремонттон өткөрүү жана мектептин полуна жаткыруу үчун линолеум алып берүү жөнүндө

Терек-Сай айыл аймагына караштуу Б.Камчыбеков атындагы жалпы орто билим берүүчү мектебинин компьютердик кабинетин толук ремонттон өткөрүү, интернет зымдарын улоо, пардасын алмаштыруу жана мектептин полун ремонттоо үчүн полуна жаткырууга линолеум алып берүү зарылдыгы жөнүндөгү мектептин директору Р. Арзыматовдун кайрылуусун угуп жана талкуулап, Терек-Сай айылдык кеңешинин IX чакырылышынын кезексиз XXXXI сессиясы

 

ТОКТОМ КЫЛАТ :

 

1. Терек-Сай айыл аймагына караштуу Б.Камчыбеков атындагы жалпы орто билим берүүчү мектебинин компьютердик кабинетин толук ремонттон өткөрүү, интернет зымдарын улоо, пардасын алмаштыруу үчүн сом 111 620 (бир жүз он бир миң алты жүз жыйырма ) сом акча каражаты жана мектептин полун ремонттоого полуна жаткырууга линолеум алып берүү үчүн 230 000 ( эки жүз отуз миң) сом акча каражаттары Терек-Сай айыл аймагынын жергиликтүү бюджетинин пландан сырткары аткарылган каражатынын эсебинен бөлүнүп берилсин.

 

2.Бул токтомдун аткарылышы Терек-Сай айыл аймагынын КЭБнүн башчысы Т.Сувановага жүктөлсүн

 

3.Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кенештин экономика жана финансы маселелери боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.

 

4.Токтом Кыргыз Республикасынын мыйзам актыларынын талабына ылайык,Чаткал райондук мамлекеттик администрациясынын www.chatkal.kg сайтына жарыялансын.

 

Терек – Сай айылдык

кеңешинин төрагасы:

 

Тойчуев М.С.