Редакцияот 29.11.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ТЕРЕК-САЙ АЙЫЛДЫК АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Терек – Сай айылдык кеңешинин IX чакырылышынын кезексиз XXXXI сессиясы

2023-жылдын 29-ноябры № 463

STEM программасы боюнча керектүү адабияттарды алып берүүгө кошумча акча каражатын карап берүү жөнүндө

Терек-Сай айыл аймагына караштуу “Бүчүр” балдар бакчасына жана “Келечек” балдар бакчасына STEM программасы боюнча керектүү адабияттарды алып берүүгө кошумча акча каражатын карап берүү жөнүндөгү бала бакча жетекчилеринин кайрылуусун угуп жана талкуулап, Терек-Сай айылдык кеңешинин IX чакырылышынын кезексиз XXXXI сессиясы

 

ТОКТОМ КЫЛАТ :

 

1. Терек-Сай айыл аймагына караштуу “Бүчүр” балдар бакчасына жана “Келечек” балдар бакчасына STEM программасы боюнча керектүү адабияттарды алып берүүгө кошумча 424 722 ( төрт жүз жыйырма торт миң жети жүз жыйырма эки ) сом акча каражаты Терек-Сай айыл аймагынын жергиликтүү бюджетинин пландан сырткары аткарылган каражатынын эсебинен бөлүнүп берилсин.

 

2.Бул токтомдун аткарылышы Терек-Сай айыл аймагынын КЭБнүн башчысы Т.Сувановага жүктөлсүн

 

3.Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кенештин экономика жана финансы маселелери боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.

 

4.Токтом Кыргыз Республикасынын мыйзам актыларынын талабына ылайык,Чаткал райондук мамлекеттик администрациясынын www.chatkal.kg сайтына жарыялансын.

 

Терек – Сай айылдык

кеңешинин төрагасы:

 

Тойчуев М.С.