Редакцияот 29.11.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ТЕРЕК-САЙ АЙЫЛДЫК АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Терек – Сай айылдык кеңешинин IX чакырылышынын кезексиз XXXXI сессиясы

2023-жылдын 29-ноябры № 464

Терек-Сай айыл аймагына караштуу айылдарда жашаган турмуш шарты оор жарандарга кышка карата көмүр алып берүү жөнүндө

Терек-Сай айыл аймагына караштуу айылдарда жашаган турмуш шарты оор жарандарга көмүр алып берүү зарылдыгы жөнүндөгү Терек-Сай айыл аймыгынын КЭБнүн башчысы Т.Суванованын кайрылуусун угуп жана талкуулап, Терек-Сай айылдык кеңешинин IX чакырылышынын кезексиз XXXXI сессиясы

 

ТОКТОМ КЫЛАТ :

 

 

1. Терек-Сай айыл аймагына караштуу айылдарда жашаган турмуш шарты оор жарандарга көмүр алып берүү үчүн 1 000 000 (бир миллион) сом акча каражаты Терек-Сай айыл аймагынын жергиликтүү бюджетинин пландан сырткары аткарылган каражатынын эсебинен бөлүнүп берилсин.

 

2.Бул токтомдун аткарылышы Терек-Сай айыл аймагынын КЭБнүн башчысы Т.Сувановага жүктөлсүн

 

3.Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин экономика жана финансы маселелери боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.

 

4.Токтом Кыргыз Республикасынын мыйзам актыларынын талабына ылайык,Чаткал райондук мамлекеттик администрациясынын www.chatkal.kg сайтына жарыялансын.

 

Терек – Сай айылдык

кеңешинин төрагасы:

 

Тойчуев М.С.