Редакцияот 29.11.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ТЕРЕК-САЙ АЙЫЛДЫК АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Терек – Сай айылдык кеңешинин IX чакырылышынын кезексиз XXXXI сессиясы

2023-жылдын 29-ноябры № 465

Кызыл-Токой айылындагы ФАПка отун, көмүр койгонго склад жана гараж курууга акча каражат карап берүү жөнүндө

Терек-Сай айыл аймагына караштуу Кызыл-Токой айылындагы ФАПка отун, көмүр койгонго склад жана гараж куруу зарылдыгы жөнүндөгү ФАПтын башчысы Г.Аширбекованын кайрылуусун угуп жана талкуулап, Терек-Сай айылдык кеңешинин IX чакырылышынын кезексиз XXXXI сессиясы

 

ТОКТОМ КЫЛАТ :

 

 

1 Терек-Сай айыл аймагына караштуу Кызыл-Токой айылындагы ФАПка отун, көмүр койгонго склад жана гараж куруу үчүн 360 850 ( үч жүз алтымыш миң сегиз жүз элүү) сом акча каражаты Терек-Сай айыл аймагынын жергиликтүү бюджетинин пландан сырткары аткарылган каражатынын эсебинен бөлүнүп берилсин.

 

2.Бул токтомдун аткарылышы Терек-Сай айыл аймагынын КЭБнүн башчысы Т.Сувановага жүктөлсүн

 

3.Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин экономика жана финансы маселелери боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.

 

4.Токтом Кыргыз Республикасынын мыйзам актыларынын талабына ылайык,Чаткал райондук мамлекеттик администрациясынын www.chatkal.kg сайтына жарыялансын.

 

Терек – Сай айылдык

кеңешинин төрагасы:

 

Тойчуев М.С.