ТЕРЕК-САЙ АЙЫЛДЫК АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Терек – Сай айылдык кеңешинин IX чакырылышынын кезексиз XXXXI сессиясы
2023-жылдын 29-ноябры № 467
Болуш айылынын тургуну, волейболист Жанболотова Жумаиданын жаркын элесине арналган областтык деңгээлде өткөрүлүүчү волейбол оюнун өткөрүү жөнүндө
Терек-Сай айыл аймагына караштуу Болуш айылынын тургуну, волейболист Жанболотова Жумаиданын жаркын элесине арналган волейбол оюнун областтык деңгээлде өткөрүү үчүн акча каражатын карап берүү жөнүндөгү Болуш айылындагы спорт залдын жетекчиси Ж.Ташболотовдун кайрылуусун угуп жана талкуулап, Терек-Сай айылдык кеңешинин IX чакырылышынын кезексиз XXXXI сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ :
1. Терек-Сай айыл аймагына караштуу Болуш айылынын тургуну, волейболист Жанболотова Жумаиданын жаркын элесине арналган волейбол оюнун областтык деңгээлде өткөрүү үчүн 175 000 ( бир жүз жетимиш беш миң) сом акча каражаты Терек-Сай айыл аймагынын жергиликтүү бюджетинин пландан сырткары аткарылган каражатынын эсебинен бөлүнүп берилсин.
2.Бул токтомдун аткарылышы Терек-Сай айыл аймагынын КЭБнүн башчысы Т.Сувановага жүктөлсүн
3.Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин экономика жана финансы маселелери боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
4.Токтом Кыргыз Республикасынын мыйзам актыларынын талабына ылайык,Чаткал райондук мамлекеттик администрациясынын www.chatkal.kg сайтына жарыялансын.
Терек – Сай айылдык кеңешинин төрагасы: |
Тойчуев М.С. |