Загрузка документа…
ТЕРЕК-САЙ АЙЫЛДЫК АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Терек – Сай айылдык кеңешинин IX чакырылышынын кезексиз XXXXI сессиясы
2023-жылдын 29-ноябры № 471
Горняк-1 көчөсүндө электр тогунун аз болгондугуна байланыштуу керектүү жабдыктарды алып берүү жөнүндө
Терек-Сай айыл аймагына караштуу Ак-Терек айылынын Горняк-1 көчөсүнүн тургундарынын электр тогу аз болуп, тиричиликтен кыйналып жатышкандыгы жөнүндөгү кайрылуусун угуп жана талкуулап, Терек-Сай айылдык кеңешинин IX чакырылышынын кезексиз XXXXI сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ :
1. Терек-Сай айыл аймагына караштуу Ак-Терек айылынын Горняк-1 көчөсүнүн тургундарынын электр тогу аз болуп жаткандыгына байланыштуу керектүү жабдыктарды алып берүү үчүн 250 000 ( эки жүз элүү миң) сом акча каражаты Терек-Сай айыл аймагынын жергиликтүү бюджетинин пландан сырткары аткарылган акча каражатынын эсебинен бөлүнүп берилсин.
2.Бул токтомдун аткарылышы Терек-Сай айыл аймагынын КЭБнүн башчысы Т.Сувановага жүктөлсүн
3.Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин экономика жана финансы маселелери боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
4.Токтом Кыргыз Республикасынын мыйзам актыларынын талабына ылайык,Чаткал райондук мамлекеттик администрациясынын www.chatkal.kg сайтына жарыялансын.
Терек – Сай айылдык кеңешинин төрагасы: |
Тойчуев М.С. |