ТЕРЕК-САЙ АЙЫЛДЫК АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Терек – Сай айылдык кеңешинин IX чакырылышынын кезексиз XXXXI сессиясы
2023-жылдын 29-ноябры № 472
2023-жылдын аягына карата абалы боюнча малдарды жана үй канаттууларын кайра саноону уюштуруу жөнүндө
Терек-Сай айыл аймагында 2023-жылдын аягына карата абалы боюнча малдарды жана үй канаттууларын кайра саноону уюштуруу иштерин жүргүзүү зарылдыгына байланыштуу, суук мезгилде мал каттоо жүргүзгөн санакчыларга эмгек акы төлөп берүү жөнүндөгү Терек-Сай айыл аймагынын башчысы Б.Ашырбаевдин кайрылуусун угуп жана талкуулап, Терек-Сай айылдык кеңешинин IX чакырылышынын кезексиз XXXXI сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ :
1. Терек-Сай айыл аймагында 2023-жылдын аягына карата абалы боюнча малдарды жана үй канаттууларын кайра саноону уюштуруу иштерин жүргүзүү зарылдыгына байланыштуу, суук мезгилде мал каттоо жүргүзгөн санакчыларга эмгек акы төлөп берүү үчүн 57 000 ( элүү жети миң) сом акча каражаты Терек-Сай айыл аймагынын жергиликтүү бюджетинин пландан сырткары аткарылган акча каражатынын эсебинен бөлүнүп берилсин.
2.Бул токтомдун аткарылышы Терек-Сай айыл аймагынын КЭБнүн башчысы Т.Сувановага жүктөлсүн
3.Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин экономика жана финансы маселелери боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
4.Токтом Кыргыз Республикасынын мыйзам актыларынын талабына ылайык,Чаткал райондук мамлекеттик администрациясынын www.chatkal.kg сайтына жарыялансын.
Терек – Сай айылдык кеңешинин төрагасы: |
Тойчуев М.С. |