Редакцияот 29.11.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ТЕРЕК-САЙ АЙЫЛДЫК АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Терек – Сай айылдык кеңешинин IX чакырылышынын кезексиз XXXXI сессиясы

2023-жылдын 29-ноябры № 474

Кызыл-Токой айылындагы иштетилбей келген жер аянтына үрөн себүү жөнүндө

Терек-Сай айыл аймагына караштуу Кызыл-Токой айылындагы иштетилбей келген жер аянтына айыл чарба багытындагы иштерди уюштуруу (16 га жер аянтына жаздык үрөнүн себүү, көргөзмө аянт уюштуруу, үрөн сатып алуу, жерди айдатуу) зарылчылыгы жөнүндөгү Терек-Сай айыл аймагынын башчысы Б.С.Ашырбаевдин кайрылуусун угуп жана талкуулап, Терек-Сай айылдык кеңешинин IX чакырылышынын кезексиз XXXXI сессиясы

 

ТОКТОМ КЫЛАТ :

 

 

1. Терек-Сай айыл аймагына караштуу Кызыл-Токой айылындагы иштетилбей келген жер аянтына айыл чарба багытындагы иштерди уюштуруу (18 га жер аянтына жаздык үрөнүн себүү, көргөзмө аянт уюштуруу, үрөн сатып алуу, жерди айдатуу) үчүн 286 000 ( эки жүз сексен алты миң) сом акча каражаты Терек-Сай айыл аймагынын жергиликтүү бюджетинин пландан сырткары аткарылган акча каражатынын эсебинен бөлүнүп берилсин.

 

2.Бул токтомдун аткарылышы Терек-Сай айыл аймагынын КЭБнүн башчысы Т.Сувановага жүктөлсүн

 

3.Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин экономика жана финансы маселелери боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.

 

4.Токтом Кыргыз Республикасынын мыйзам актыларынын талабына ылайык,Чаткал райондук мамлекеттик администрациясынын www.chatkal.kg сайтына жарыялансын.

 

Терек – Сай айылдык

кеңешинин төрагасы:

 

Тойчуев М.С.