Редакцияот 29.11.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ТЕРЕК-САЙ АЙЫЛДЫК АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Терек – Сай айылдык кеңешинин IX чакырылышынын кезексиз XXXXI сессиясы

2023-жылдын 29-ноябры № 475

С. Мырзалиев , Горняк-1, Горняк-2 көчөлөрүнө таза суу чыгарууга кошумча акча каражатын карап берүү жөнүндө

Терек-Сай айыл аймагына караштуу С. Мырзалиев, Горняк-1, Горняк-2 көчөлөрүнө таза суу чыгарууда бөлүнгөн акча каражатынын жетпей калгандыгына байланыштуу кошумча акча каражатын карап берүү зарылчылыгы жөнүндөгү Терек-Сай айыл аймагынын башчысы Б.С.Ашырбаевдин кайрылуусун угуп жана талкуулап, Терек-Сай айылдык кеңешинин IX чакырылышынын кезексиз XXXXI сессиясы

 

ТОКТОМ КЫЛАТ :

 

 

1. Терек-Сай айыл аймагына караштуу С. Мырзалиев, Горняк-1, Горняк-2 көчөлөрүнө таза суу чыгарууда бөлүнгөн акча каражатынын жетпей калгандыгына байланыштуу кошумча 525 765 ( беш жүз жыйырма беш миң жети жүз алтымыш беш) сом акча каражаты Терек-Сай айыл аймагынын жергиликтүү бюджетинин пландан сырткары аткарылган акча каражатынын эсебинен бөлүнүп берилсин.

 

2.Бул токтомдун аткарылышы Терек-Сай айыл аймагынын КЭБнүн башчысы Т.Сувановага жүктөлсүн

 

3.Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин экономика жана финансы маселелери боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.

 

4.Токтом Кыргыз Республикасынын мыйзам актыларынын талабына ылайык,Чаткал райондук мамлекеттик администрациясынын www.chatkal.kg сайтына жарыялансын.

 

Терек – Сай айылдык

кеңешинин төрагасы:

 

Тойчуев М.С.