Загрузка документа…
КУЛУНДУ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Кулунду айыл аймагынын айылдык Кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги 31-сессиясынын отуруму
2024-жылдын 28-июну № 31/1
“Кулунду айыл аймагындагы жерлерди бир багыттан экинчи бир багытка которуу (трансформациялоо) жана ижарага берүү, программасын бекитүү жөнүндө ”
Кулунду айыл аймагынын айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги 31-сессиясынын отуруму күн тартибиндеги маселелерди карап жана талкуулап, Кулунду айыл өкмөтүнүн жер адиси А. Маликовдун баяндамасын угуп, Кыргыз Республикасынын Жер Кодексинин 11-беренесинин жана №31/1-протоколунун чечиминин 1-пунктунун негизинде
ТОКТОМ КЫЛАТ:
|
Төрага | А.А.Досов |
БЕКИТЕМИН Кулунду айылдык кеңешинин төрагасы ______________А. А. Досов «____»_________2024-жыл Кулунду айыл өкмөтүнө караштуу Сүлүктү шаарынын Кольцо айылы тарабындагы №449 контурундагы 2,0 га жайыт жерин “Айыл чарба багытындагы жерлер” категориясынан бак түрүндөгү “ Айыл чарба багытындагы жерлер” категориясына которуу (трансформациялоо) үчүн түзүлгөн ПРОГРАММА Кулунду айыл өкмөтүнүн аймагында чек арадагы айыл өзгөчө статусу бар 6 калктуу конушу жана 3 участка бар. Айыл аймактын адмнистративдик борбору – Кулунду айылы. Туруктуу калктын саны 25077 адам. Жалпы 5224 кожолук бар. Азыркы учурда Кулунду айыл аймагындагы мал барбаган колдонулбаган жайыт жерлерин суу чыгарып, өздөштүрүп, бак олтургузуп, элди экологиялык таза мөмө-жемиштер менен камсыз кылуу, миграцияны токтотуу жана чек арадагы элдерди жумуш менен камсыз кылуу боюнча иш-аракеттер жүргүзүлүүдө. Тактап айтканда, Кулунду айыл аймагында айдоо жерлери аз болгондуктан эл жумуш менен камсыз кылуу, эгиндер, мөмө-жемиш менен камсыз кылуу жагы бир топ көйгөйлөрдү жаратып, борбор калаабыз Бишкек шаарынан, Ош шаарынан жана кошуна Тажикстан, Озбекстандан өлкөлөрүнөн ташылып келүүдө. Кулунду айыл аймагындагы колдонулбай турган жайыт жерлерди өздөштүрүп, бак отургузулса, Кулунду айыл өкмөтүнүн инфратүзүмүн жаныртуу, жаратылыштагы түтүн, уулу заттарды тазаалоо боюнча экологиялык көйгөйлөр чечет жана Кыргыз Республикасына жана Кулунду айыл өкмөтүнүн экономикасына жана социалдык кубатуулугуна да салым кошулуп, эл жумуш менен камсыз болуп, элдин экологиялык таза мөмө жемишке болгон муктаждыгы чечилет. Ошол себептер менен Кулунду айыл аймагына караштуу №449 контурундагы 2,0 га жайыт жер аянтын өздөштүрүп бак отургузуу максатында, жайыт жер түрүндөгү «Айыл чарба багытындагы жерлер» категориясынан «Айыл чарба багытындагы жерлер» категориясындагы бак түрүнө которулууда. Жогоруда өндүрүштүк багытка которулуучу жер аянты бүгүнкү күндүн зарыл болгон талабы жана муктаждыгы. Өндүрүштүк башка багытка которуу менен Кыргыз Республикасынын 20.10.2021- жылдагы No123 «Жергиликтүү мамлекеттик адмнистрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» мыйзамынын 27- беренесиндеги Аймактын жашоо-турмушун тутумунун иштешин жана өнүгүшүн, социалдык-экономикалык өнүгүшүн уюштуруу жана калкка социалдык жана маданий кызмат көрсөтүүлөрдү берүү үчүн жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын карамагына жергиликтүү маанидеги маселелери чечилмек.
Кулунду айыл өкмөтүнүн жер адиси: А.Маликов
|