Загрузка документа…
КУЛУНДУ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Кулунду айыл аймагынын айылдык Кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги 31-сессиясынын отуруму
2024-жылдын 28-июну № 31/4
“Кулунду айыл аймагындагы жерлерди бир багыттан экинчи бир багытка которуу (трансформациялоо) жана ижарага берүү, программасын бекитүү жөнүндө”
Кулунду айыл аймагынын айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги 31-сессиясынын отуруму күн тартибиндеги маселелерди карап жана талкуулап, Кулунду айыл өкмөтүнүн жер адиси А. Маликовдун баяндамасын угуп, айылдык кеңештин кезектеги 31-сессиясынын №31/1-протоколунун чечиминин 4-пунктунун негизинде
ТОКТОМ КЫЛАТ:
Төрага | А.А.Досов |
БЕКИТЕМИН
Кулунду айылдык кеңешинин төрагасы ______________А. А. Досов «____»_________2024-жыл
И. Раззаков айлынын түштүк тарабында №986 контурунда жайгашкан 15,0 га “Айыл чарба багытындагы жерлердин” жайыт түрүнөн “Айыл чарба багытындагы жерлердин” бак түрүнө которууга (трансформациялоо) үчүн түзүлгөн
ПРОГРАММА
Кулунду айыл өкмөтүнүн аймагында чек арадагы айыл өзгөчө статусу бар 6 калктуу конушу жана 3 участка бар. Айыл аймактын адмнистративдик борбору–Кулунду айылы. Туруктуу калктын саны 25077 адам. Жалпы 5224 кожолук бар. Азыркы учурда Лейлек районун, Лейлек району тарабындагы Баткен облусу боюнча элдин малынын жүнүн иштетүү, миграцияны токтотуу жана чек арадагы элдерди жумуш менен камсыз кылуу боюнча иш-аракеттер жүргүзүлүүдө. Тактап айтканда, Кулунду айыл аймагында айдоо жерлери аз болгондуктан, элди жумуш менен камсыз кылуу, эгиндер, мөмө-жемиш менен камсыз кылуу жагы бир топ көйгөйлөрдү жаратып, борбор калабыз Бишкек шаарынан, Ош шаарынан жана кошуна Тажикстан, Өзбекстан өлкөлөрүнөн талашып келүүдө. Кулунду айыл аймагындагы колдонулбай турган жайыт жерлерди өздөштүрүп, бак отургузулса, Кулунду айыл өкмөтүнүн инфратүзүмүн жаңыртуу, жаратылыштагы түтүн, уулуу заттарды тазалоо боюнча экологиялык көйгөйлөр чечет жана Кыргыз Республикасына жана Кулунду айыл өкмөтүнүн экономикасына жана социалдык кубаттуулугуна да салым кошулуп, эл жумуш менен камсыз болуп, муктаждыгы чечилет.
Ошол себептер менен Кулунду айыл аймагына караштуу №986 контурундагы 15,0 га жайыт жер аянтын өздөштүрүп бак отургузуу максатында, жайыт жер түрүндөгү «Айыл чарба багытындагы жерлер» категориясынан «Айыл чарба багытындагы жерлер» категориясындагы бак түрүнө которулууда. Жогоруда өндүрүштүк багытка которулуучу жер аянты бүгүнкү күндүн зарыл болгон талабы жана муктаждыгы. Өндүрүштүк башка багытка которуу менен Кыргыз Республикасынын 20.10.2021- жылдагы No123 «Жергиликтүү мамлекеттик адмнистрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» мыйзамынын 27- беренесиндеги Аймактын жашоо-турмушун тутумунун иштешин жана өнүгүшүн, социалдык-экономикалык өнүгүшүн уюштуруу жана калкка социалдык жана маданий кызмат көрсөтүүлөрдү берүү үчүн жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын карамагына жергиликтүү маанидеги маселелери чечилмек.
Кулунду айыл өкмөтүнүн жер адиси: А.Маликов