Загрузка документа…
КУЛУНДУ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Кулунду айыл аймагынын айылдык Кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги 31-сессиясынын отуруму
2024-жылдын 28-июну № 31/6
“Кулунду айыл аймагындагы жерлерди бир багыттан экинчи бир багытка которуу (трансформациялоо) жана ижарага берүү, программасын бекитүү жөнүндө”
Кулунду айыл аймагынын айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги 31-сессиясынын отуруму күн тартибиндеги маселелерди карап жана талкуулап, Кулунду айыл өкмөтүнүн жер адиси А. Маликовдун баяндамасын угуп, айылдык кеңештин кезектеги 31-сессиясынын №31/1-протоколунун чечиминин 6-пунктунун негизинде
ТОКТОМ КЫЛАТ:
Төрага | А.А.Досов |
БЕКИТЕМИН
Кулунду айылдык кеңешинин төрагасы ______________А. А. Досов «____»_________2024-жыл
И. Раззаков айлынын түштүк тарабында №112 контурундагы 0,10 га башка жерлер багытындагы жерин “Айыл чарба багытындагы жерлер” категориясынан “Өнөр жайынын, транспорттун, байланыштын, энергетиканын, коргонуунун жерлери жана башка багыттагы жерлер” категориясына которуу (трансформациялоо) үчүн түзүлгөн
ПРОГРАММА
Кулунду айыл өкмөтүнүн аймагында чек арадагы айыл өзгөчө статусу бар 6 калктуу конушу жана 3 участка бар. Айыл аймактын адмнистративдик борбору–Кулунду айылы. Туруктуу калктын саны 25077 адам. Жалпы 5224 кожолук бар. Азыркы учурда Лейлек районун, Лейлек району тарабындагы Баткен облусу боюнча элдин малынын жүнүн иштетүү, миграцияны токтотуу жана чек арадагы элдерди жумуш менен камсыз кылуу боюнча иш-аракеттер жүргүзүлүүдө. Тактап айтканда, Лейлек району боюнча таза тоок эти, жумурткалар сырттан келип, кымбатчылыгы менен бир топ көйгөйлөр жаралып келүүдө. Кулунду айыл аймагынын Кулунду айылынын батыш тарабындагы №112 контурундагы 0,10 га жерине заманбап тооккана курулса, Кулунду айыл өкмөтүнүн инфратүзүмүн жаңыртуу, жаратылыштагы түтүн, уулуу заттарды тазалоо боюнча экологиялык көйгөйлөр чечет жана Кыргыз Республикасына жана Кулунду айыл өкмөтүнүн экономикасына жана социалдык кубаттуулугуна да салым кошулуп, эл жумуш менен камсыз болуп, муктаждыгы чечилет.
Ошол себептер менен Кулунду айыл аймагына караштуу Кулунду айылынын батыш тарабындагы №112 контурундагы 0,10 га жайыт жер аянтына заманбап тооккана иштетүү максатында «Айыл чарба багытындагы жерлер» категориясынан «Өнөр жайынын, транспорттун, байланыштын, энергетиканын, коргонуунун жерлери жана башка багыттагы жерлер» категориясына которулууда. Жогоруда өндүрүштүк багытка которулуучу жер аянты бүгүнкү күндүн зарыл болгон талабы жана муктаждыгы. Өндүрүштүк башка багытка которуу менен Кыргыз Республикасынын 20.10.2021- жылдагы No123 «Жергиликтүү мамлекеттик адмнистрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» мыйзамынын 27- беренесиндеги Аймактын жашоо-турмушун тутумунун иштешин жана өнүгүшүн, социалдык-экономикалык өнүгүшүн уюштуруу жана калкка социалдык жана маданий кызмат көрсөтүүлөрдү берүү үчүн жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын карамагына жергиликтүү маанидеги маселелери чечилмек.
Кулунду айыл өкмөтүнүн жер адиси: А.Маликов