Загрузка документа…
КУЛУНДУ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Кулунду айыл аймагынын айылдык Кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги 31-сессиясынын отуруму
2024-жылдын 28-июну № 31/7
“Кулунду айыл аймагындагы жерлерди бир багыттан экинчи бир багытка которуу (трансформациялоо) жана ижарага берүү, программасын бекитүү жөнүндө”
Кулунду айыл аймагынын айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги 31-сессиясынын отуруму күн тартибиндеги маселелерди карап жана талкуулап, Кулунду айыл өкмөтүнүн жер адиси А. Маликовдун баяндамасын угуп, айылдык кеңештин кезектеги 31-сессиясынын №31/1-протоколунун чечиминин 7-пунктунун негизинде
ТОКТОМ КЫЛАТ:
Төрага | А.А.Досов |
БЕКИТЕМИН
Кулунду айылдык кеңешинин төрагасы ______________А. А. Досов «____»_________2024-жыл
Кулунду айыл өкмөтүнө караштуу Булак-Башы айылынын түштүк тарабындагы №492 контурундагы 7,1 га жайыт жер, №493 контурундагы 12,9 га бадалдар жерин, жалпысынан 20,0 га жерди, “Айыл чарба багытындагы жерлер” категориясынан “Өнөр жай, транспорт, байланыш, коргоо жана башка багыттар” категориясына которуу (трансформациялоо) үчүн түзүлгөн
ПРОГРАММА
Кулунду айыл өкмөтүнүн аймагында чек арадагы айыл өзгөчө статусу бар 6 калктуу конушу жана 3 участка бар. Айыл аймактын адмнистративдик борбору – Кулунду айылы. Туруктуу калктын саны 25077 адам. Жалпы 5224 кожолук бар. Азыркы учурда Кулунду айыл аймагындагы мал барбаган колдонулбаган жайыт жерлерин суу чыгарып, өздөштүрүп, бак олтургузуп, элди экологиялык таза мөмө-жемиштер менен камсыз кылуу, миграцияны токтотуу жана чек арадагы элдерди жумуш менен камсыз кылуу боюнча иш-аракеттер жүргүзүлүүдө. Тактап айтканда, Лейлек районунуда цемент заводтор жок болгондуктан, элдин турак-жай, курулуштарын курганга цемент жетпей, бир топ көйгөйлөрдү жаратып келүүдө. Кулунду айыл аймагынын Булак-Башы айылынын батыш тарабына цемент курулса, Кулунду айыл өкмөтүнүн инфратүзүмүн жаныртуу менен Кыргыз Республикасына жана Кулунду айыл өкмөтүнүн экономикасына жана социалдык кубатуулугуна да салым кошулуп, эл жумуш менен камсыз болуп, элдин цементке болгон муктаждыгы чечилет.
Ошол себептер менен Кулунду айыл аймагына караштуу Булак-Башы айылынын түштүк тарабындагы №492 контурундагы 7,1 га жайыт жер, №493 контурундагы 12,9 га бадалдар жер, жалпы 20,0 га жер аянтына Цемент завод иштетүү максатында «Айыл чарба багытындагы жерлер» категориясынан «өнөр жайынын, транспорттун, байланыштын, энергетиканын, коргонуунун жерлери жана башка багыттагы жерлер» категориясына которулууда. Жогоруда өндүрүштүк багытка которулуучу жер аянты бүгүнкү күндүн зарыл болгон талабы жана муктаждыгы. Өндүрүштүк башка багытка которуу менен Кыргыз Республикасынын 20.10.2021- жылдагы No123 «Жергиликтүү мамлекеттик адмнистрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» мыйзамынын 27- беренесиндеги Аймактын жашоо-турмушун тутумунун иштешин жана өнүгүшүн, социалдык-экономикалык өнүгүшүн уюштуруу жана калкка социалдык жана маданий кызмат көрсөтүүлөрдү берүү үчүн жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын карамагына жергиликтүү маанидеги маселелери чечилмек.
Кулунду айыл өкмөтүнүн жер адиси: А.Маликов