КӨК-АРТ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Көк-Арт айылдык Кеңешинин VII-чакырылышынын кезексиз XIX -сессиясынын
2023-жылдын 27-ноябры № 74
Көк-Арт айыл аймагынын калктуу конуштардагы таштанды чыгаруу үчүн жыйымдын баасын бекитип берүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” мыйзамына ылайык жана Кыргыз Республикасынын Салыктык эмес кирешелер жөнүндө кодексинин 74 жана 75-беренелерине ылайык, Сузак районунун салык кызматынын башкармалыгынын 22.10.2023-жылдагы № 039/21-1-13 сандуу катынын негизинде Көк-Арт айыл өкмөтүнүн башчысы Э.Жумуковдун кайрылуусун угуп жана талкуулап Көк-Арт айылдык кеңешинин VII-чакырылышынын кезексиз XIX - сессиясы токтом кылат:
1. Көк-Арт айыл аймагында 2024-жылдын 1-январынан тартып калктуу конуштардын соода сатык дүкөндөрдүн таштандыларын чыгарып кетүү үчүн ар бир жумушчуга бир жылда бир жолу төлөнүүчү жыйымдын баасы 100 (бир жүз) сом деп бекитилсин.
2. Аталган токтомду аткаруу жана тиешелүү иш чараларын жүргүзүү жагы Көк-Арт айыл өкмөтүнүн башчысына милдеттендирилсин.
3. Аталган токтом Көк-Арт айыл өкмөтүнүн https://kokart.org.kg/ расмий сайтына жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагын өзүмө калтырамын.
Төрага: |
| А. А. Энназаров. |