Загрузка документа…
КУЛУНДУ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Кулунду айыл аймагынын айылдык Кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги 31-сессиясынын отуруму
2024-жылдын 28-июну № 31/8
“Кулунду айыл аймагындагы жерлерди бир багыттан экинчи бир багытка которуу (трансформациялоо) жана ижарага берүү, программасын бекитүү жөнүндө”
Кулунду айыл аймагынын айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги 31-сессиясынын отуруму күн тартибиндеги маселелерди карап жана талкуулап, Кулунду айыл өкмөтүнүн жер адиси А. Маликовдун баяндамасын угуп, айылдык кеңештин кезектеги 31-сессиясынын №31/1-протоколунун чечиминин 8-пунктунун негизинде
ТОКТОМ КЫЛАТ:
Төрага | А.А.Досов |
БЕКИТЕМИН
Кулунду айылдык кеңешинин төрагасы ______________А. А. Досов «____»_________2024-жыл
Кулунду айыл аймагынын Максат айылынын түштүк тарабындагы №3 контурундагы 2,58 га жайыт, №8 контурундагы 0,37 га жайыт жерин, жалпысынан 2,95 га жайыт жерди, “Айыл чарба багытындагы жерлер” категориясынан “Өнөр жайынын, транспорттун, байланыштын, коргонунун жана башка багыттагы жерлер” категориясына которуу (трансформациялоо) үчүн түзүлгөн
ПРОГРАММА
Кулунду айыл өкмөтүнүн аймагында чек арадагы айыл өзгөчө статусу бар 6 калктуу конушу жана 3 участка бар. Айыл аймактын адмнистративдик борбору – Кулунду айылы. Туруктуу калктын саны 25077 адам. Жалпы 5224 кожолук бар. Азыркы учурда Кулунду, Жаңы-Жер айыл аймагындагы элдин сугат суу, таза суу муктаждыктарын жоюу, Дюкер долбоорун ишке ашыруу боюнча иш-аракеттер жүргүзүлүүдө. Тактап айтканда, Кулунду, Жаңы-Жер айыл аймагындагы сугат суу жагынан кошуна Тажик Республикасына көз каранды болуп, сугат суу, таза суу жок болгондуктан элдин айдоо жерине сугат суу жетпей бир топ көйгөйлөрдү жаратып келүүдө. Кулунду, Жаңы Жер айыл аймагындагы суу боюнча Дюкер курулса, Кулунду айыл өкмөтүнүн инфратүзүмүн жаныртуу менен Кыргыз Республикасына жана Кулунду айыл өкмөтүнүн экономикасына жана социалдык кубатуулугуна да салым кошулуп, эл жумуш менен камсыз болуп, элдин сууга болгон муктаждыгы чечилет.
Ошол себептер менен Кулунду айыл аймагына караштуу Максат айылы тарабындагы №3 контурундагы 2,58 га жайыт жер, №8 контурундагы 0,37 га жайыт жерин, жалпы 2,95 га жайыт жери аркылуу өтүүчү Дюкер курулушун куруу максатында «Айыл чарба багытындагы жерлер» категориясынан «Өнөр жайынын, транспорттун, байланыштын, энергетиканын, коргонуунун жерлери жана башка багыттагы жерлер» категориясына которулууда. Жогоруда өндүрүштүк багытка которулуучу жер аянты бүгүнкү күндүн зарыл болгон талабы жана муктаждыгы. Өндүрүштүк башка багытка которуу менен Кыргыз Республикасынын 20.10.2021- жылдагы No123 «Жергиликтүү мамлекеттик адмнистрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» мыйзамынын 27- беренесиндеги Аймактын жашоо-турмушун тутумунун иштешин жана өнүгүшүн, социалдык-экономикалык өнүгүшүн уюштуруу жана калкка социалдык жана маданий кызмат көрсөтүүлөрдү берүү үчүн жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын карамагына жергиликтүү маанидеги маселелери чечилмек.
Кулунду айыл өкмөтүнүн жер адиси: А.Маликов