Загрузка документа…
КӨК-АРТ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Көк-Арт айылдык Кеңешинин VII-чакырылышынын кезексиз XIX -сессиясынын
2023-жылдын 27-ноябры № 74
Көк-Арт айыл өкмөтүнүн көчөлөрүн жарыктандыруу боюнча өздүк салым катары каражат бөлүп берүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” мыйзамына ылайык, Көк-Арт айыл өкмөтүнүн башчысы Э.Жумуковдун кайрылуусун угуп жана талкуулап Көк-Арт айылдык кеңешинин VII-чакырылышынын кезексиз XIX - сессиясы токтом кылат:
1. Көк-Арт айыл өкмөтүнүн Жерге-Тал айылындагы С. Жунусов көчөсүн жана Жалгыз-Жаңгак айылындагы Р. Санатбаев көчөсүн жарыктандыруу үчүн, өнүктүрүү фондуна жазылган долбоордо көрсөтүлгөн өздүк салым катары каражаты Көк-Арт айыл өкмөтүнүн 2024-жылдагы жергиликтүү бюджетинен 1100000 (бир миллион бир жүз мин) сом бөлүнүп берилсин.
2. Өздүк салым катары каражатты бөлүп берүү жагы Көк-Арт айыл өкмөтүнүн ФЭБнүн башчысына милдеттендирилсин.
3. Аталган токтом Көк-Арт айыл өкмөтүнүн https://kokart.org.kg/ расмий сайтына жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагын өзүмө калтырамын.
Төрага: |
| А. А. Энназаров. |