Редакцияот 27.11.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КӨК-АРТ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Көк-Арт айылдык Кеңешинин VII-чакырылышынын кезексиз XIX -сессиясынын

2023-жылдын 27-ноябры № 72

Көк-Арт айыл өкмөтүнүн көчөлөрүн жарыктандыруу боюнча долбоорго катышуусуна макулдук берүү жөнүндө

Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” мыйзамына ылайык, Көк-Арт айыл өкмөтүнүн башчысы Э.Жумуковдун кайрылуусун угуп жана талкуулап Көк-Арт айылдык кеңешинин VII-чакырылышынын кезексиз XIX - сессиясы токтом кылат:

5. Көк-Арт айыл өкмөтүнүн Жерге-Тал айылындагы С. Жунусов көчөсүнө жана Жалгыз-Жаңгак айылындагы Р. Санатбаев көчөсүнө жарыктандыруу орнотуп берүү үчүн өнүктүрүү фондуна долбоор жазууга уруксат берилсин.

6. Долбоорду жазып тапшыруу жагы Көк-Арт айыл өкмөтүнүн башчысы Э. Жумуковго милдеттендирилсин.

7. Аталган токтом Көк-Арт айыл өкмөтүнүн https://kokart.org.kg/ расмий сайтына жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.

8. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагын өзүмө калтырамын.

 

Төрага:

 

А. А. Энназаров.