Загрузка документа…
ФРУНЗЕ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
XXIX чакыруунун 19-(кезектүү) сессиясы
2022-жылдын 30-ноябры № 28
Айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондунун жерлеринин кепилдик төлөмүнүн, аукциондун арымынын жана баштапкы ижара акысынын өлчөмдөрүн бекитүү жөнүндө
Фрунзе айыл өкмөтүнүн жер жана турак жай коммуналдык чарба боюнча башкы адис – А.Дж. Алымсеитовдун айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондунун колдонуу үчүн кепилдик төлөмүнүн, аукциондун арымынын жана баштапкы ижара акысынын өлчөмүндөрүн бекитүү жөнүндө маалыматын угуп жана талкуулап, ошондой эле Фрунзе айылдык кеңешинин жер маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын 2022-жылдын 28-ноябрындагы отурумунун №6 протоколунун негизинде, Фрунзе айылдык кеңеши,
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Баштапкы ижара акысы төмөндөгүгө ылайык бекитилсин:
· Сугат жер – 7024 (жети миң жыйырма төрт) сом;
· Кайрак жер – 2217 (эки миң эки жүз он жети) сом.
2. Аукциондун арымынын өлчөмү төмөндөгүгө ылайык бекитилсин:
· Сугат жер – 2107 (экимиң бир жүз жети) сом;
· Кайрак жер – 665 (алты жүз алтымыш беш) сом.
3. 1 гектар жердин кепилдик төлөмү төмөндөгүгө ылайык бекитилсин:
· Сугат жер – 2107 (эки миң бир жүз жети) сом;
· Кайрак жер – 665 (алты жүз алтымыш беш) сом.
4. Ижаранын мөөнөтү төмөндөгүгө ылайык бекитилсин:
· Сугат жер – 5 (беш) жыл;
· Кайрак жер – 5 (беш) жыл.
5. Бул токтомдун аткарылышын көзмөлдөө Фрунзе айыл өкмөтүнүн башчысы – Б.Байысбек у.-га жүктөлсүн
Төрага | Ш.Ш. Исмаилов |