Редакцияот 27.11.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КӨК-АРТ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Көк-Арт айылдык Кеңешинин VII-чакырылышынын кезексиз XIX -сессиясынын

2023-жылдын 27-ноябры № 67

Көк-Арт айыл өкмөтүнүн Мазар-Булак айылындагы үлүш жер ээлерин тактоо жөнүндө

 

Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамына жана Жер кодексинин 18-беренесине ылайык, Көк-Арт айыл өкмөтүнүн Мазар-Булак айылындагы “Мазар-Булак” дыйкан чарбасынын мүчөлөрүнүн кайрылуусунун негизинде, Көк-Арт айыл өкмөтүнүн башкаруусунун сунушун угуп жана талкуулап, Көк-Арт айылдык кеңешинин VII-чакырылышынын кезексиз XIX - сессиясы токтом кылат:

3. Көк-Арт айыл өкмөтүнүн Мазар-Булак айылындагы “Мазар-Булак” дыйкан чарбасынын үлүш жерлерин жана “ Мазар-Булак” дыйкан чарбасына үлүш жер берилгендиги жөнүндө тийиштүү документтерин таанып жана тактап берүү жагы Көк-Арт айыл өкмөтүнүн башчысы Э.Жумуковго милдеттендирилсин.

4. Аталган токтом Көк-Арт айыл өкмөтүнүн https://kokart.org.kg/ расмий сайтына жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.

5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагын айыл чарба комитетинин төрагасы Д.Мааматовго калтырамын.

 

 

Төрага:

 

А. А. Энназаров.